Кыргызча түш жоруган якут келин
Лия Абдыжапарова Кыргызстандагы якут келиндердин "Олонхо" диаспорасынын мүчөсү. 36 жыл мурда нарындык жигитке турмушка чыккан келин кыргыз тилин айылда апалардан үйрөнүп, азыр кыргызча түш жооруйт. Абдыжапарова Нарындагы лицейлердин биринде 20 жыл мугалим болуп иштеген.