ВАДА кызытмадан улам Орусияга кылмыш ишин козгоду
Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттик (ВАДА) Орусиянын Кызытмага каршы агенттигине (РУСАДА) кылмыш ишин козгогонун билдирди. Ага ылайык, ВАДА Орусияны ушул жылдын башында "допингге байланыштуу бурмаланган жалган маалымат берген" деп күнөөлөп жатат.
Бул тууралуу Токиодо 23-сентябрда ВАДАнын аткаруу комитетинин жыйынында айтылды. Анда РУСАДАнын Москвадагы лабораториясында кызытмага каршы эрежелер бузулган деген 47 учур иликтенип жатканы, буга байланыштуу Орусия үч жуманын ичинде түшүндүрмө бериши керектиги белгилүү болду.
РУСАДАнын Байкоочу кеңешинин жетекчиси Алексей Ивлев "Интерфакс" маалымат агенттигине ВАДАны суроолоруна карата жооп айтыларын белгиледи.
Орус спортундагы кызытма жаңжалына байланыштуу РУСАДА 2015-жылы ыйгарым укуктарынан ажыраган. Үч жылдан кийин, 2018-жылы сентябрда орусиялык агенттиктин укугу калыбына келтирилген.
Москва спортто тыюу салынган заттарды колдонууга каршы жүргүзгөн күрөшү аксап келгенин мойнуна алган. Бирок, кызытманы колдонууга жогорку жетекчиликке чейин аралашкан деген дооматтарды толугу менен четке каккан.