Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Парламент кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө сунушту колдоду

0
Парламент кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө сунушту колдоду

Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды. Мыйзам долбоорун 83 депутат колдоп берди. Аны парламентке Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров алып чыкты.

Мыйзам долбоорунда «Конституциялык реформа, Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөр 2021-жылдын 21-январына чейин аякташы керек» экендиги белгиленген. Ал эми Жогорку Кеңештин кайра шайлоосун «конституциялык реформадан соң 2021-жылдын 1-июнуна чейин өткөрүү» сунушталган.

Мунун алдында «Реформа» партиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын эрктүү болууга, жеке максатын көздөп, саясий интригаларга аралашпай эл алдындагы милдетин так аткарууга чакырган. Алар өз билдирүүсүндө Конституциянын долбоору басым менен сунушталып жатат деген чочулоосун билдирген.

Парламенттик шайлоону конституциялык реформадан кийин бир мандаттуу шайлоо системасы менен өткөрүүнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров баштаган жаңы бийлик колдоп жатат.

Парламентке келген жаңы мыйзам долбоору

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов айтымында, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаалды, эпидемиологиялык жана экономикалык абалды эске алуу менен президентти жана парламентти шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын айрым нормаларын токтото туруу долбоору иштелип чыкты.

Анда парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынганга чейин жылдыра туруу каралган.

 

Мамытов мыйзам долбоорун фракция лидерлери, жалпысынан онго жакын депутат иштеп чыкканын, арасында фракция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов жана башкалар бар экенин, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү конституциялык реформа бүткөндөн кийин киргизилерин айткан.

Мыйзам долбоорунда "конституциялык реформа, Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөр 2021-жылдын 10-январына чейин аякташы керектиги" белгиленген. Ал эми Жогорку Кеңештин кайра шайлоосун "конституциялык реформадан соң 2021-жылдын 1-июнуна чейин өткөрүү" сунушталган.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кезексиз президенттик шайлоо мыйзамга ылайык өтүшү керектигин, ал эми парламенттик шайлоону конституциялык реформадан кийин өткөрүү тууралуу сунушту колдоп жатканын айтты.

«Ошол сунушту мен бир гана шарт менен колдодум – бүгүнкү парламенттик башкаруу системасы сакталып калышы керек, бирок өкмөт жана премьер-министр күчөйт, президент өзүнүн ыйгарым укугун жоготуп, аксакалга айланат, аны эл эмес, шайлоочулар коллегиясы шайлайт. Бизге өкмөттөн жана кээ бир фракциялардан сунуш түштү. Кыргызстанда акча жок, экономикалык кризистебиз, пандемиянын экинчи толкуну келди, өлкө саясий стабилдүүлүк жолуна түшө элек, эки шайлоо бир убакытта өтсө, ар бирине 500 миллион сом кетет, эл шайлоо системасынын кээ бир жоболоруна нааразы болгондуктан аны өзгөртпөй туруп шайлоо өткөрүү да элдин пикирин эске албагандык болот деп парламенттик шайлоону жазга чейин жылдырып, ага чейин Конституциянын кээ бир жерлерине өзгөртүү, түзөтүүлөрдү киргизсек деген сунуш түштү».

 

Буга чейин депутат, "Бир Бол" фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов парламентте же толук президенттик, же толук парламенттик башкарууга өтүү тууралуу сунуштар айтылып жатканын билдирген.

Сулайманов азыр Баш мыйзамды өзгөртүп, мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо тууралуу демилгелер көтөрүлүп жатканын айтты, бирок азырынча бул тууралуу «расмий кагаз түшө элек» экенин билдирди:

«Эки түрдүү талап болуп жатат – же толук президенттик башкарууга, же толук парламенттик башкарууга өтөлү, аралаш болбойт экен деген. Шайлоо жылып калышы мүмкүн. Айтыш кыйын, балким эки-үч ай же андан ашык».

Кыргызстанда 2010-жылы референдум өткөндө өлкө парламенттик башкаруу системасына өткөнү айтылган. Бирок талдоочулар парламентке укук көбүрөөк берилгени менен иш жүзүндө бийлик бир адамдын – президенттин колунда топтолгонун белгилеп келишет.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң Борбордук шайлоо комиссиясы анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Ал эми бүгүн президенттик шайлоонун датасын аныктоо мөөнөтүнүн акыркы күнү.

Cадыр Жапаров: Азырынча конституциялык реформа өткөрө албайбыз

16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда конституциялык реформаны парламенттик кайра шайлоо өткөндөн кийин гана уюштурса болорун айткан.

Жапаров ошондой эле президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү, парламенттик шайлоо уюштуруу эрежелери боюнча да пикирин билдирген:

«Президенттик шайлоонун күнүн аркы жумада белгилейбиз. 10-январдан ары өтпөшү керек экен, анткени 90 күн ичинде болууга тийиш. Парламенттик шайлоо боюнча: бир мандаттуу дегенди азырынча мен туура эмес көрдүм. Анткени мыйзам боюнча партиялык система менен өтүшү керек экен. Эгерде антип өткөрбөй, конституциялык реформага барабыз десек, анда мыйзам чегинен четтеп кетчүдөй экенбиз. 3% түшүрөлү деген сунуш болуп жатат, аны өзүңүздөр чечиңиздер, бирок үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат, 5% түшүрсө болот го. Беш миллиондук күрөөнү бир миллионго түшүрсөңүздөр. 120 деген санды 70 же 90го түшүрүп, ушул парламенттик шайлоо менен келип, андан кийин гана конституциялык реформага барсак туура болот экен».

 

Конституциялык реформага карата чочулоолор

Бүгүн, 22-октябрда «Реформа» партиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын эрктүү болууга, жеке максатын көздөп, саясий интригаларга аралашпай эл алдындагы милдетин так аткарууга чакырган.

Партия парламентте айтылып жаткан Конституцияны өзгөртүү тууралуу сунушка байланыштуу ушундай билдирүү тараткан.

«Кимде ким бийликти кармап калууга, өз позициясын бекемдөөгө, конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө, Конституциянын жаңы долбоорун коомго күч менен сунуштоого аракет кылса, анда алардын баарына 2020-жылдын 5-октябрындагы элдик толкундоонун максаты бийликти басып алуу жана конституциялык реформа болбогонун эскертип койгубуз келет», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле партия учурдагы саясий кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу «парламенттик жана президенттик шайлоонун мыйзамдардын алкагында өткөрүү» экенин белгилеген.

Кыргызстандын Баш мыйзамы 1993-жылы кабыл алынган. 27 жыл ичинде ал он чакты жолу өзгөрдү.

2010-жылкы апрель ыңкылабынан кийин референдум аркылуу кабыл алынган Конституцияга парламенттик башкаруу киргизилген жана ал "Конституция 2020-жылга чейин өзгөртүлбөй" тургандыгы белгиленген.

Ага карабай Кыргызстандын Баш мыйзамы акыркы жолу 2016-жылдын декабрь айында референдум аркылуу өзгөртүлгөн. Ошол кездеги бийлик мындай кадамын "Конституциянын мурдагы редакциясындагы айрым "миналарды жоюу" максаты менен түшүндүргөн.

Конституцияга киргизилген акыркы өзгөрүү коомдук-саясий-чөйрөдө ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасынын өзүм билемдиги катары бааланган. Ал өз кезегинде Атамбаевдин Убактылуу өкмөттөгү саясий санаалаштары менен мамилесинин бузулушуна, кол үзүшүнө алып келген.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин назвал современные технологии, которые используют в городском хозяйстве


Спорт в России и мире
Москва

"Динамо" и "Спартак" опубликовали составы на матч Кубка России


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

16-летняя теннисистка Андреева обновила рекорд турниров WTA-1000


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Первый в России электромобиль Tesla Cybertruck заметили на Москве





Путин в России и мире
Москва

Пашинян подготовил "подарок" Путину к его инаугурации. Запад будет доволен


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певец

Певец Денис Майданов рассказал о состоянии здоровья и госпитализации



Москва

Операция "Кольцо" 33 года спустя: Государственный терроризм на территории Республики Армения

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net