Өзбекстанда заводдун миңдеген жумушчулары нааразылыкка чыкты
Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы "Uzbekistan GTL" заводун куруп жаткан "Enter Engineering" компаниясынын миңдеген жумушчулары стихиялуу нааразылык акциясын өткөрүштү.
“Азаттыктын” өзбек кызматына түшкөн тасмада 5000ге чукул адам заводдун имаратына күч менен кирип жатканын көрүүгө болот. Акыркы маалымат боюнча, окуя болгон жерге Улуттук гвардиянын, Улуттук Коопсуздук кызматынын жана Ички иштер министрлигинин атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери жөнөтүлдү.
Жабыркагандар жөнүндө маалымат жок. Бирок заводдун административдик имаратынын ичиндеги эмеректер талкаланган.
Жумушчулар заводдогу иштөө шартына, тамак-аш берилбегенине нааразы болушкан.
"Uzbekistan GTL" заводу өлкөдөгү ири инновациялык ишканалардын бири.