Кыргызстанда дагы беш медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 18-октябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда акыркы бир суткада дагы беш медицина кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталды. Алар:
Жалал-Абад облусунда – 2;
Бишкек шаарында – 1;
Ысык-Көл облусунда – 1;
Ош шаарында – 1.
Ал эми акыркы суткада стационардан төрт, үй карантининен сегиз медкызматкер чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 534 учур катталды, алардын 3 157и сакайды.
Марттан бери өлкөдө вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 52 044 адамды түздү. Анын 1111и жашоо менен кош айтышып, 45 736сы айыкты. (BTo)