Казначей клана Матраимовых Шарабидин Капаров совместно с подельниками своего ОПГ подделав документы продал земельные участки.
КР Президенти С.Н. Жапаровго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак
айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 096762, эл.дарек 86vm@bk.ru)
АРЫЗ
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров жер сатуу үчүн уюшкан кылмыштуу топ тузгондугу, мыйзамсыз, коррупциялык схемалары жонундо мурда кайрылганбыз.
1. Кызыл-Байрак айылынын тургуну 1984 жылы туулган, эки бойго жете элек баласы бар жалгыз бой эне Кожонова Махабатка Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 31 октябрь 2013 жыл №144 токтому менен жер тилке ажыратылып берилген. Бирок, Кара-Суу райондук архитектура адистери: “Жер тилке калбаган”-деп алдаганы үчүн Кожонова Махабат балдарын багуу үчүн Москва шаарына кеткен. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров 21 декабрь 2017 жыл чыгыш №953 сандуу кат менен Ош облусунун архивине кайрылган. Ош областтык архиви №07-5/2561 27.12.2017 ж. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаровго Кожонова Махабаттын жер тилке ажыратуу жөнүндө токтомун жана башка документтерин берген. М.Кожонованын токтомун жана документтерин алган айыл өкмөтү АПЗ жана Кызыл китеп даярдаткан. АПЗ жана Кызыл китепте Кожонова Махабаттын кол тамгасын жасалмалашкан. Себеби Кожонова 2013 жылдан бери Москва шаарында иштеп жүрөт, Кыргызстанга келген эмес. М.Кожонованын жер тилкесин М.Кожонованын уруксатысыз, Капаровдун кошелектору Россия жараны Нуржанов Алмаз жана Жолонов Ахмадалилер кол тамгасын жасалмалап, Мамкаттоо каттоочусу (регистратору) же нотариус менен алдын ала суйлошуп сатып жиберишкен.
2. Кызыл-Байрак айылынын тургуну 1993 жылы туулган, бир бойго жете элек баласы бар Токтаралиева Айзатка Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 31 октябрь 2016 жыл №125 токтому менен жер тилке ажыратылганы жонундо Капаровдун жооп катынан билдик. Бирок, Токтаралиева Айзат баласын багуу үчүн Туркияга кеткен. Анын токтомун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүнөн Капаровдун кошелёктору Россия жараны А.Нуржанов жана А.Жолоновдор алышкан. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Токтаралиева Айзаттын жер тилке ажыратуу жөнүндө токтомун жана башка документтерин алышып, АПЗ жана Кызыл китеп даярдашкан. АПЗ жана Кызыл китепте Токтаралиева Айзаттын кол тамгасын жасалмалашкан. Себеби, Токтаралиева Айзат Туркияда иштеп жүрөт, Кыргызстанга келген эмес. Токтаралиева Айзаттын жер тилкесин Токтаралиева Айзаттын уруксатысыз, анын куйоосунун уруксатысыз Капаровдун кошелёктору Россия жараны А.Нуржанов жана А.Жолоновдор кол тамгаларын жасалмалап Мамкаттоо каттоочусу (регистратору) же нотариус менен алдын ала суйлошуп сатып жиберишкен.
Кызыл-Кыштак айыл аймагынын кымбат баалуу жерлерин сатып, мыйзамсыз байышып жатат. Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:
1) Уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү: Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчысы Капаровду жана анын табакташ кошелёктору Россия жараны Нуржанов Алмаз жана Жолонов Ахмадалини кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду жана Кожонова Махабат менен Токторалиева Айзатка тийиштуу жер тилкелерин мыйзамдуу ээлерине кайтаруунузду, мыйзам бузууларга чара коруунузду.
2) Кожонова Махабат, Токторалиева Айзат жана куйоосунун арыздарда, АПЗда, Кызыл китепте, сатуу-сатып алуу келишимдердеги кол тамгаларын колжазма экспертизадан откоруу жана алардын кол тамгаларын жасалмалаган А.Нуржановду, А.Жолоновду жана Мамкаттоо каттоочусун же нотариусту кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду.
3) Тергоо мезгилинде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаровду иштен убактылуу четтетип туруунузду суранабыз.
4) 85 гектар жер калктуу конуштардын категориясына өткөрүү (трансформация) жөнүндө КР Өкмөтү тарабынан чечим кабыл алууну убактылуу токтотуп берүүнүздү, себеби элдин ал жерин дагы сатып жиберет.
5) Жеке кабыл алуунузду суранабыз.
Коррупционердин курмандары О.Д. Токторалиева,
Г.М. Мирзакаримова, 17 октябрь 2020 ж.
Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Ш.Капаровду күнөөлүү деп эсептоонузду суранабыз, себеби бизди бир нече жолу Ш.Капаров жана анын баласы олтуробуз деп коркуткан.