Абдрахматова: Жогорку Кеңеш жоопкерчилигин сезип, иштөөгө тийиш
Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы депутаттары таркабашы керек экенин, алардан тарап кетүүнү талап кылуу туура эмес болорун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө билдирди. Анын айтымында парламент өзү менен кошо көпчүлүк коалицияны жоюп салып, өкмөттү өзү менен кошо алып кетиши мыйзамдуу болот.
«Эгер аларды азыр таркатып жиберсек, даана укуктук туңгуюкка такалабыз. Ошондуктан азыр «Жогорку Кеңеш тарасын, Исаев кетсин» деп кыйкырууга негиз жок. Алар өзү менен кошо өкмөттү да алып кетип калса, эмне кылабыз? Анда мамлекетте таптакыр легитимдүү бийлик жок калат. Тескерисинче Жогорку Кеңеш иштеп, шайлоо менен жаңыланышы керек».
Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү мыйзам боюнча октябрь айынын аягында ишин жыйынтыктамак. Бирок 4-октябрда жетинчи чакырылыштын депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык митинги массалык башаламандыкка айланып, өлкө саясий кризиске кабылган. 6-октябр күнү митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышып, абактагы бир катар саясатчыларды, алардын ичинде Садыр Жапаровду да тарапташтары бошотуп алышкан.
Көп өтпөй кайсы бир саясий күчтөр тарабынан өкмө башчылыкка талапкерлиги көрсөтүлгөн Садыр Жапаровду бул кызматка бекитиш үчүн Жогорку Кеңеш эки жолу кезексиз, бир жолу кезектеги жыйынга чогулууга аракет кылган. Эки кезексиз жыйын кворум болбогону үчүн жокко чыгарылып, анда шайланган Садыр Жапаровдун талапкерлиги жокко чыгарылган. Акыры 14-октябрда парламент Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитип, анын өкмөтүнүн курамына жана түзүмүнө макулдугун берген. Ошол эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун өкмөтүн дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон.
Жапаров андан кийин Жээнбековду президенттик кызматтан кетишин талап кыла баштаган. Натыйжада Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда мекендин тынчтыгы жана элдин өмүрү үчүн президенттик кызматтан баш тартарын жарыялады. Садыр Жапаровдун тарапташтары эми Жогорку Кеңештин тарап кетишин жана анын төрагасы Канатбек Исаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда. (ZKo)