Зомбулуксуз жашоого умтулуңуз
Ала качуу аркылуу баш кошууга мажбур болгон, зомбулукка кабылган, аны жеңип чыккан келин жөнүндө баян. Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси кендирди кескен көйгөй бойдон калууда. "Азаттык" радиосу "Айкын багыт" уюму менен биргеликте аялдардын укугун коргоого чакырган, зомбулукту жеңүүгө үндөгөн аудиобаяндардын сериясын сунуштайт.