Кыргызстандын президенти эл аралык коомчулуктун колдоосуна таянарын билдирүүдө
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков эл аралык коомчулуктун жана кыргызстандыктардын колдоосуна таянат. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева “Азаттыкка” билдирди.
“Бүгүн парламент өкмөттү бекитти. Президент ага кол коюп берди. Биз муну укук жолуна түшүүнүн бир кадамы деп баалайбыз. Белгилүү болгондой президент бүгүн эртең менен парламентке “Садыр Жапаровду бардык мыйзамдарды сактап, өкмөт башчы кылып шайлоо маселесин карап чыгуу сунушу менен кайрылды. Ал “өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана жаңы өкмөт башчыны башка мамлекеттер да таанышы үчүн бардык чечимдер легитимдүү, ал эми премьер-министр бардык мыйзамдарга ылайык бекитилиши зарылдыгын” айткан. Президенттин бул аракети өлкөнү мыйзам жолуна түшүрүүнү улантуу”, - деп жазылган билдирүүдө.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылылар уюштурган митинг массалык башаламандыкка айланып, митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Абактардагы бир катар саясатчыларды, алардын ичинде Садыр Жапаровду да бошотушкан.
Ошондон бери өлкөдө саясий кризис чечилбей турат. Айрым саясий күчтөр өкмөт башчылыкка талапкерлигин көрсөткөн Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлоо аракети үч жолу болду.
6-октябрда парламенттин топ депутаты жаңы спикер шайлап, андан кийин Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка сунуштаган. Бул жыйналыш парламенттин отуруму болуп саналбасын башка депутаттар жана жарандык коом айтып чыккан.
10-октябрда парламент депутаттары дагы бир ирет Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып шайлап, анын өкмөтүнүн курамын жана түзүмүн бекиткен. Бирок ал күнкү отурум жокко чыгарылып, президент Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы токтомун кайтарып берген. 14-октябрда парламент өкмөт башчылыкка шайланган Садыр Жапаровдун өкмөт курамын, түзүмүн бекитип, ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бирок Жапаровдун тарапкерлери Жээнбеков кызматтан кетмейинче тарабай турганын билдиришүүдө. 14-апрелде алардын талабы менен президентке жолугууга кирген Садыр Жапаров сүйлөшүүнүн соңунда тарапкерлеринин алдына келип, президент Жээнбеков кетерин айтты.
БУУ баштаган бир катар эл аралык уюмдар, АКШ, Британия өкмөттөрү Кыргызстандагы соңку кырдаалга кабатыр экенин билдирип, легитимдүү бийлик катары президент Сооронбай Жээнбековду тааный турганын, анын жана башка жарандык коомдун өлкөнү мыйзам жолуна салуу аракетин колдоого алышарын билдиришкен.
15-октябрда Кыргызстанга БУУнун Борбор Азия өлкөлөрү боюнча өкүлү Наталья Герман келери кабарланган. (ZKo)