Гилменддеги кагылышуудан улам миңдеген киши жер которууда
Гилменд провинциясында талибдер менен өкмөттүк аскерлердин кармашынан качып, миңдеген үй-бүлө жер которууга мажбур болду. Бул тууралуу бийдик өкүлдөрү билдиришти. Гилменддин качкындар боюнча кеңсесинин жетекчиси Мохаммад Рамин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна 13-октябрда маалымдагандай, качып чыккан 5 миңдей үй-бүлөнүн басымдуу бөлүгү борбор шаар Лашкар Гахка ооп барды. Рамин жер которгондор көбөйүп баратканын белгиледи.
Гилменд чөлкөмүндө согушкерлер менен армиянын кармашы бир нече күндөн бери уланып жатат.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашкандай, карапайым адамдар арасында жоготуулардын алдын алуу үчүн аскерлер чегинип, эми ошол жерлерди кайтарууга аракеттенишүүдө.
TOLOnews каналынын ооган атайын кызматтарынын маалыматына таянып кабарлаганына караганда, түн ичиндеги операция маалында “Талибандын” 23 жоочусу жок кылынды. Кармаштар Катарда Кабул өкмөтүнүн өкүлдөрү менен кыймылдын сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан маалда болууда.