Президент Токаев Кыргызстандын конституциялык нукка түшкөнүн колдойт
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандагы соңку окуяларга байланыштуу пикирин билдирди. Ал "Твиттердеги" баракчасына Кыргызстандын акырындык менен конституциялык талаага кайтышын колдоп жазган.
"Боордош кыргыз элиндеги кырдаалдын акырындык менен конституциялык нукка түшкөнү кубандырат. Биз бардык саясий күчтөрдү карама-каршылык башталгандан тарта сабырдуу болууга чакырып келдик. Президент Сооронбай Жээнбеков легитимдүү мамлекет башчысы болуп саналат, ошондуктан өлкөдөгү чыр-чатакты токтотуу жана абалды жөнгө салуудагы анын аракеттерин колдойм. Стабилдүү Кыргызстан - стратегиялык өнөктөш жана союздаш катары Казакстан үчүн маанилүү" - деп айтылат билдирүүдө.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.
5-6-октябрдагы окуялардан бери өлкөнү мыйзам талаасына кайтаруу боюнча орток пикир табылбай, саясий кризис орун алды. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу бийлик калыбына келгенден кийин кызматтан кетерин билдирген.
13-октябрда легитимдүү орган саналган Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, парламент төрагалыгына Канатбек Исаевди шайлашты.
Буга чейин Кыргызстандагы окуялаоды жөнгө салуу чакырыгы менен Борбор Азиядагы төрт өлкө: Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлери биргелешкен билдирүү тараткан