Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Президенттин аппараты парламенттин өкмөттү бекиткен токтому эмне үчүн кайтарылганын түшүндүрдү

0
Президенттин аппараты парламенттин өкмөттү бекиткен токтому  эмне үчүн кайтарылганын түшүндүрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомун артка кайтарды.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Жогорку Кеңештин токтомунун көчүрмөсү аппаратка 12-октябрда келип түшкөн.

Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, президент Жогорку Кеңештин токтомун үч күндүн ичинде карап, премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат. Эгерде мамлекет башчы бул мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, токтом күчүнө кирген болуп эсептелет.

Бул жобо «Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 25-беренесинин 5-бөлүгүндө да каралган.

Президенттик аппараттын маалыматында:

«Жогорку Кеңештин 12-октябрда келип түшкөн токтому коомчулукта кеңири талкууланып, кабыл алынган чечимдердин легитимдүүлүгү шек жаратууда. Конституциянын 77-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин жыйыны ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышкан шартта мыйзамдуу болот.

«Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 82-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын отурумдары кворум болсо, анда жыйын мыйзамдуу деп табылып, ал эми кабыл алынган чечимдер мыйзамдуу күчкө ээ болот. Ушундан улам, кворумдун болушу 61 депутаттын физикалык түрдө катышуусун билдирет. Ишеним каттардын болушу добуш берүү укугун берет, бирок кворумду түзбөйт. Берилген маалыматтарга ылайык, Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы кезексиз жыйынында 51 депутаттын катышканы жана андан тышкары башка депутаттардан 10 ишеним кат бар экендиги расмий жарыяланган. Ушундан улам кворум камсыз кылынган жок, кворумсуз кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз жана юридикалык күчкө ээ эмес деп эсептелет», деп жазылган.

Президенттик аппарат дал ушул себептен улам мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында кабыл алынган чечимдердин негизинде бекитилген токтомду артка кайтарганын белгилөөдө.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүп жатат. 5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

10-октябрда парламенттин бир катар депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандыкта абактан тарапташтары бошоткон Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы белгилүү болгон. Андан кийин уюштурулган басма сөз жыйынында Жапаров ишке расмий киришкенин жарыялады.

Парламенттеги башка бир топ депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Буга чейин Жээнбеков абал турукташкан соң кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген болчу. Садыр Жапаровдун айрым тарапкерлери Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматынан кетүүгө чакырууда. (ZKo)






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Мэр Собянин: в Москве стартовали испытания первого в РФ беспилотного трамвая


Спорт в России и мире
Москва

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпущена серия автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Екатерина Александрова

Екатерина Александрова уступила Линетт во втором круге турнира в Страсбурге


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге: «Ингушетия может стать настоящим открытием даже для опытных туристов»





Путин в России и мире
Москва

НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ И НДС МОГУТ ОТМЕНИТЬ?! Государственная Дума и Правительство РФ оптимизируют налоги.


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Посол Белоруссии: Лукашенко и Путин обсудят учения с тактическим ядерным оружием




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Игорь Бутман

Джазовый оркестр Бутмана выступит в Китае



Москва

Один из старейших парков Москвы «Сокольники» отпраздновал 93-летний день рождения

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net