Жакупова: Бийликтеги вакуумга Жээнбеков өзү күнөөлүү
«Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова азыркы таптагы бийликте болуп жаткан вакуум жана өлкөдөгү башаламандык мыйзамдуу президент Сооронбай Жээнбековдун жоопкерчилигинде экенин билдирди.
Ал «Азаттык» радиосуна: «Парламенттик шайлоодогу мыйзамсыздык элдин кыжырын келтирип, жеткен чегине жетти. Мунун баарына ал көз жуумп, унчукпай туруп берди. Бийликтин өзүм билемдиги ушул абалга алып келди. Жээнбеков 5-октябрда нааразылык акциялары башталганда эле абалды конституциялык нукта, укук талаасында чечип коё алчу сонун мүмкүнчүлүгү бар эле. Чагымдын алдын алыш үчүн митингге баргандарга күч колдонуу жөнүндө буйругун токтотуп, башкалар менен сүйлөшүүлөрдү дароо башташы керек эле. Кризис маалында саясатчынын реакциясы чагылгандай тез болушу зарыл. Бирок, ошого карабай ал азыркы таптагы легитимдүү президент бойдон калууда. Кайда экени белгисиз болсо да, улам-улам бир жерден чыга калып кайрылуу жасап жатса да, юридикалык жактан ал баары бир өлкөнүн президенти. Бирок азыр иш жүзүндө өз милдеттерин аткара албай калды», - деди.
4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Бир катар жергиликтүү бийликтин, мамлекеттик органдардын жетекчилери кызмат ордунан кетүү жөнүндө арыз жазышкан.
Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.
Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган.
Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат. (BCh)