Шаар тургундары: "Тынчтыкты тилейбиз"
4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү. 5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг өткөрүп, натыйжада митингчилер президенттин жана парламенттин кеңсесин, УКМКнын имаратын басып барышкан. Митингде 509 адам жабыр тартып, бир адам каза тапты.