Таласта жаштар облустук акимчиликти кайтарууда
Активисттердин бири Адилет Дуулатовдун "Азаттыкка" маалымдашынча, Талас шаарындагы облустук администрация жайгашкан мекемени ондогон адамдар кайтарып жатат:
"Эртеден бери жаштар турабыз. Биз Бишкектегидей абалды жаратпаш үчүн кайтарып жатабыз. Үч жолу имаратты талап-тоноодон сактап калдык. Бирок, түнкүсүн кандай болоору белгисиз".
6-октябрда Таласта эл чогулуп, бийликти өткөрүп берүүнү талап кылышкан.
Облустагы өкмөттүн өкүлү Марат Мураталиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Мураталиев менен кошо төрт райондун акимдери да кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. (AiA)