Координациялык кеңеш: Укуктук талаага кайтуу керек
Кыргызстанда сегиз партиянын мүчөсүнөн куралган Координациялык кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында кеңештин төрагасы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди. Маалымат жыйынга Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Жанар Акаев, Равшан Жээнбеков, Сапар Исаков, Алтынбек Сулайманов, Жеңиш Молдакматов, Азият Жекшеев, Мелис Турганбаев, Руслан Казакбаев катышты.