Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 21.08.2019

Борбор Азияда доллар кымбаттады

Azattyk.org 

Тажикстанда 20-августта эртең менен доллардын курсу дароо көтөрүлдү. Улуттук банк өзүнүн мындай кадамын расмий курс менен көмүскө базардагы курстун айырмачылыгын азайтуу максаты менен түшүндүрдү. Ал арада Өзбекстандын Борбордук банкы долларды эркин жүгүртүүгө коё берди.

Өзбекстанда миграция мекемесинин мурунку башчысы 12 жылга соттолду

Azattyk.org 

Өзбекстандын Ташкент шаардык соту Тышкы миграция маселелери боюнча агенттиктин мурдагы башчысы Равшан Ибрагимов баштаган төрт аткаминерди 12 жылга эркинен ажыратты.  Аларга «пара алган», «алдамчылык кылган» жана «кылмыштуу жол менен тапкан кирешесин адалдаган» деген айыптар коюлган.  Равшан Ибрагимов менен анын орун басары Улугбек Назаров жана агенттиктин эки жооптуу кызматкери былтыр ноябрь айында камакка алынган.  «Азаттыктын» өзбек кызматы бийликтеги ишенимдүү булактарына таянуу менен бул... Читать дальше...

Жон Салливан АКШнын Орусиядагы элчиси болушу мүмкүн

Azattyk.org 

«New York Times» гезити АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Салливан Орусиядагы элчи болуп дайындалышы ыктымал экенин жазды. АКШнын президенти Дональд Трамп Москвадагы элчиге байланыштуу суроого жооп берип жатып, Салливанды бул орунга дайындашы «толук ыктымал» экенин билдирди. Аны мамлекеттик катчы Майк Помпео да «терең урматтай» турганын белгиледи. Жон Салливан - карьералык дипломат эмес, ал 2017-жылга чейин АКШдагы мамлекеттик мекемелерде юрист болуп иштеген. Азыркы кызматына мындан эки жыл мурун дайындалган. Читать дальше...



Кой-Таш окуясынан кийин Бишкекте кармалган алтоонун иши тергелүүдө

Azattyk.org 

9-августка караган түнү Бишкек шаарында коомдук тартипти бузууга аракет кылган деген шек менен алты балага карата сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн мэрияда өткөн жыйында айтылды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, ошол түнү Ала-Тоо аянтынан 40 бала кармалган, алардын 34ү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кое берилген. Калган алтооно карата «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгон. Жыйында белгилүү болгондой, муниципалдык мүлккө кол салууга, автобустарды... Читать дальше...

Нурсултан Назарбаев бийликти сындагандарды жемеледи

Azattyk.org 

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев 21-августта бийликтеги «Нур-Отан» партиясынын кеңейтилген жыйынына катышты. Анда ушул тушта азыркы бийликти сындагандарга каарын төктү жана шайлоонун баары белгиленген мөөнөттө өтөрүн билдирди.  - Биз айрым саясий оппоненттерибиздин же блогерлердин жана башкалардын мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуш кылып, мажоритардык системага кайтып келүүгө үндөп жатканын угуп жатабыз. Аларга жооп кайтарыш керек. Бул жерде жүйөлүү эч негиз жок. Читать дальше...

Жалал-Абад: ири базар күлгө айланды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында 21-августка караган түнү өрт чыгып, 2,5 миң чарчы метр соода аянты күлгө айланды. Ишкерлер өрттүн себептерин тактоо менен кесепеттерин эртерек жоюуну талап кылууда. Шаар бийлиги тарабынан тийиштүү кызматтарга өрт чыккан жерди аныктоо, коргондоо, залалсыздандыруу милдеттери жүктөлдү. Өрттүн кесепетинен жабыркагандардын тизмесин тактоо, жабыркагандарды кабыл алууга штаб уюштуруу жагы колго алынды. Былтыр жазында да ушул базарды өрт чалган.

Кашмирдеги соңку атышууда кеминде эки адам өлдү

Azattyk.org 

Индиянын коопсуздук күчтөрү 21-августта Кашмирде жоочу деп шек саналган бир адам атып өлтүрүлгөнүн билдирди. Алар Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн аймагындагы атышууда бир полициячы ажал тапканын ырастады.  Бул Нью-Дели мындан бир айдай мурун аталган аймактын өзгөчө автоном макамын жоёру тууралуу айткандан кийинки алгачкы куралдуу кагылыш болуп калды.  Кашмирдин Барамулла шаарынын эски бөлүгүндөгү козголоңчуларды көзөмөлдөө максатында кошумча миңдей жоокер жөнөтүлдү жана бир канча чабуул коюлду.... Читать дальше...



УКМК: Бишкектеги өтмөктөрдү оңдоодо казына 376 миң сом зыян тарткан

Azattyk.org 

Бишкекте жер алдынан жана жер үстүнөн жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөрдү оңдоп-түзөөдө акча кымырылып алынганы аныкталды. Шаардык прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 376 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталганын 21-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл 14-августта Бишкек шаарынын прокуратурасы Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш баштады. Былтыр Чүй проспектиси жана Абдрахманов көчөсү... Читать дальше...

Орусиядагы кырсыктан кийинки сигнал

Azattyk.org 

Орусиянын Архангелск облусундагы аскер полигонундагы жарылуудан кийин сигнал таратпай калган эки мониторинг станциясы кайра иштей баштады.

Италиянын премьер-министри кызматтан кетти

Azattyk.org 

Италиянын өкмөт башчысы Жузеппе Конте 21-августта кызматынан расмий түрдө кетти. Анын кызматтан бошотуу жөнүндөгү арызын президент Сержо Маттарелла кабыл алды.  Конте парламентте сүйлөп жатып, өз чечимин башкаруучу коалицияны түзгөн «Беш жылдыз кыймылы» менен «Лига» партиясынын ичиндеги ыйкы-тыйкылык менен түшүндүрдү. Ал вице-премьер-министр, «Лига» партиясынын лидери Маттео Сальвинини өкмөттү каатчылыкка кептегени үчүн сынга алды. Мунун алдында Сальвини Италия өкмөтүндө ынтымак кеткенин айтып... Читать дальше...

Бишкекте кампадан өрт чыкты

Azattyk.org 

Бишкекте кампадан чыккан өрттү өчүрүү аракети жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баштапкы маалыматына караганда, окуя Ленин районунун аймагында катталды. Москва жана Интергелпо көчөлөрүнүн кесилишинде кампадан өрт чыкканы тууралуу маалымат куткаруучуларга саат 11:23тө түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан беш бөлүм тартылды.

Трамп Гренландия үчүн Данияга баруудан баш тартты

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Даниянын премьер-министри Гренландияны Вашингтонго сатуу боюнча сунушу тууралуу сүйлөшүүдөн баш тартканы үчүн бул өлкөгө сапарын белгисиз мөөнөткө жылдырды. Бул тууралуу Трамп «Твиттердеги» баракчасына «премьер-министр Метте Фредериксендин комментарийинен улам, ал Гренландияны сатууга кызыкпай турганы байкалат, ошондуктан мен эки жумадан кийин боло турган жолугушуубузду башка убакытка жылдырам» деп жазды.  Буга чейин «The Wall Street Journal» басылмасы Ак үйдөгү ишенимдүү булактарына шилтеме жасап... Читать дальше...

22-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

22-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34; Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20... Читать дальше...

Кампадан чыккан өрттөн эки адам жабыркады

Azattyk.org 

Бишкекте кампада чыккан өрттөн эки адам жабыркады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алар Травматология жана ортопедия борборунун токсикология бөлүмүнө жаткырылды. Экөө тең иске ууланган. Биринин абалы орточо оор, экинчисиники оор. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт Москва жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан чыккан. Учурда ал жерде куткаруучулар, милиция жана медицина кызматкерлери иштеп жатат.

Кабул: үйлөнүү үлпөтүндөгү кол салуудан өлгөндөрдүн саны 80 кишиден ашты

Azattyk.org 

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Насрат Рахими жанкечтинин соңку кол салуусунда өлгөндөрдүн саны 80ден ашканын маалымдады.  Кандуу окуя 17-августта Кабул шаарынын чок ортосунда үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан жайда болгон. Ошол күнү 63 адам мерт болуп, дагы 180ден ашык киши жараат алган. Чабуулду «Ислам мамлекети» террордук уюму уюштурганын мойнуна алган.  Ооган президенти Ашраф Гани кол салууну кескин айыптаган жана бул уюмдун мүчөлөрү башпаанек кылган жайлардын баарын жок кылууга убада берген. Читать дальше...

Путин: Сириядагы террорчулардын дүйнөнүн башка аймактарына өтүп жатканына тынчсызданып жатам

Ca-irnews.com (kg) 

Орусиянын президенти дүйшөмбү күнү Франциянын президенти менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйында Сириядагы террористтердин башка аймактарга өтүп жатканына тынчсызданып жатканын билдирип, “Орусия Сирия армиясынын Идлиб облусундагы террорчуларды жок кылуу аракеттерин колдойт”, - деди.

Жээнбеков эки күн Нарынды кыдырат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. 21-22-августта Нарындагы сапарынын алкагында президент калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системаларын калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат. Аймактын инфратүзүмдүк жана социалдык-экономикалык мааниси бар объектилерине барат.  Ошондой эле Жээнбеков Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушат. Стамалиева белгилегендей... Читать дальше...


Музыкальные новости
Шапка

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)





Персональные новости
Сергей Лавров

ТАСС: МИД России опубликовал корректную версию разговора Лаврова и Мухриддина





Ибраимов менен Кулматовдун соту башка күнгө калды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча бүгүнкүгө белгиленген отурум болгон жок. Буга айрым соттолуучулардын адвокаттары келбей калганы себеп болду. Кийинки отурум 23-августка пландалды. Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат. Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген... Читать дальше...

Китептен дүйнө тааныган Айпери

Azattyk.org 

Атбашылык 17 жаштагы Айпери Абдыгазы кызы билим алуу, китеп окуу жаатында коомдук иштерди жүргүзүп келет. Курбалдаштарынан көркөм адабияттын таасири жана пайдасы тууралуу кеп-кеңештерин аябайт. Тубаса шал оорусуна чалдыккан кыз тагдырына моюн сунбай жаштарга дем берүүчү, алга сүрөй турган чыгарма жазгысы келет.

Швецияда күрөшкөн кыргыз балбан кыздары

Azattyk.org 

Кыргызстандык эже-сиңдилер Нур-Жамиля жана Нур-Алия Шариповалар учурда кыздардын эркин күрөшү боюнча Швецияда өткөн бир катар мелдештерде байге ала башташты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси алмашты

Azattyk.org 

Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Түлебердиевдин ордуна бул мекемеге жетекчи болуп Жылдызбек Исакулов дайындалды. Исакулов 2015-жылы өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген. (TSh)

Бабанов кылмыш иши жабыларына ишенет

Azattyk.org 

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 20-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) беш сааттай сурак берип чыкты.

Спорт в России и мире
Москва

«Торпедо» объявило об уходе хоккеистов Кручинина, Бауи и Малова


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Россиянка Андреева стала рекордсменкой на турнирах WTA-1000


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве заметили первый в России электромобиль Tesla Cybertruck





Путин в России и мире
Москва

Собянин: к 2030 году на долю Москвы придется 35–40% туристов в России


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил о желании построить в Белоруссии вторую АЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Deep Purple

Deep Purple — Portable Door



Москва

Летняя навигация по Москве-реке начала работать в столице

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net