Солтон-Сары: жергиликтүү бийлик менен эл сүйлөшүүдө
5-августта Нарындын Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыккан чатактан отуздан ашык киши жаракат алды. Алардын көпчүлүгү кытайлык компаниянын кызматкерлери. "Азаттык" радиосунун Нарындагы кабарчысынын айтымында, 5-август күнү 500дөй адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясына бараткан учурда чатак чыккан. Алгач эки тарап бири бирин таш менен уруп, андан кийин жаалданган жергиликтүү эл кытай компаниясынын кызматкерлерин токмоктоп салышкан. Читать дальше...