Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 12.08.2019

Орусия: жарылууда каза тапкан Росатомдун беш кызматкери жерге берилди

Azattyk.org 

Архангелск облусунун аскер полигонундагы жарылууда каза тапкан беш кызматкердин сөөгү жерге берилди. Жаңы өзөктүк кыймылдаткычты сынап жаткан учурда көз жумган беш кишинин тажиясына миңдеген адам катышты. 12-августта алардын баары Москвадан 375 чакырым чыгыштагы, 1940-жылдардан бери өзөктүк курал жасоо борбору болгон, жабык Саров шаарында жерге берилди. Росатом ишканасынын башчысы Алексей Лихачев курман болгондорду «чыныгы баатырлар» жана «биздин өлкөнүн сыймыгы» деп атады. Орусиядагы Росатом... Читать дальше...

«Аркадаг» эл алдына чыкты

Azattyk.org 

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов акыры эл алдына чыкты. «Аркадагдын» 5-июлдан бери коомчулуктун көзүнө чалдыкпаганы анын көз жумганы тууралуу айың-кептерге себеп болгон эле.

Париждеги теракт үчүн айыпталган Абдесламга Брюсселдеги чабуул үчүн да айып коюлду

Azattyk.org 

2015-жылы ноябрда Парижде болгон теракт үчүн шек саналгандардын ичинен жалгыз тирүү калган Салах Абдесламга Брюсселдеги жанкечтинин чабуулу үчүн да расмий айып коюлду. 12-августта Белгиянын федералдык прокуратурасы Абдеслам «террористтик топтун ишмердигине катышкан» деп күнөөлөнүп жатканын ырастады. Прокуратура 2016-жылдын 22-мартында Брюсселдин аба бекетиндеги жана метро станциясындагы 32 кишинин өмүрүн алып, 340 адам жаракат алган жардыруулардагы Абдесламдын ролу боюнча кенен-кесири маалымат берген жок. Читать дальше...



Нур-Султан шаарында саясий туткундарды бошотуу талабы менен митинг өттү

Azattyk.org 

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын бир катар Европа мамлекеттеринин элчиликтери жайгашкан районунда 20дай киши бийликтен камактагы саясатчыларды жана активисттерди бошотууну талап кылып акция өткөрдү. Алар «Саясий туткундарга эркиндик!» деген плакаттарды кармап, «Боштондук!» деп кыйкырып турушту. Нааразылар «Казатомпром» ишканасынын мурдагы жетекчиси Мухтар Жакишевди, акын-диссидент Арон Атабекти, жарандык активисттер Макс Бокаевди, Алмат Жумагуловду жана Кенжебек Абишевди бошотууну талап кылышты. Читать дальше...

Бийликтин кийинки кадамы кандай болот?

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камакка алынгандан кийин анын тарапташтары да камала баштады. Кыргызстандагы саясий кырдаалдын өнүгүшүн эл аралык медиа, эксперттер ар кандай талдап жатышат.

Украинанын мурдагы президенти салык иши боюнча экинчи жолу сурак берди

Azattyk.org 

Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко Иликтөө боюнча мамлекеттик бюродо салыктан качуу ишине байланыштуу сурак берди. Ал 12-августта эки сааттык сурактан чыккандан кийин журналисттерге бардык суроолорго калпты аныктоочу детектор аркылуу да жооп берүүгө даяр экенин айтты. - Мен Иликтөө боюнча мамлекеттик бюрого жана анын жетекчилигине ишенбейм. Менин тергөөчүлөр калыс жана адилеттүү болоруна көзүм жетпейт. Мага берилген бир катар суроолорго «Прямой» телеканалындагы түз эфирде калпты аныктоочу детектордон өтүп... Читать дальше...

Кабул Ташкентке таарынды

Azattyk.org 

Ооганстан өзбек бийлигине «Талибан» кыймылынын жетекчилери менен жолукканына байланыштуу нааразылыгын билдирди. Кабул Ташкентти өз өлкөсүндө тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ооган өкмөтүнүн жана элинин мээнетин сыйлоого чакырды.



Аба ырайы: тоолуу райондордо жаан жаайт

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү: Узакка созулган кургак менен ысыктан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. 14-15-августтарда жана 16-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Аба ырайы: 13-августта түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап... Читать дальше...

Ооган бийлиги талибдерди кабыл алганы үчүн Ташкентке нааразы болду

Azattyk.org 

Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга «Талибан» кыймылынын өкүлдөрүн кабыл алганы үчүн нааразылыгын билдирди. Министрликтин расмий өкүлү Сибгатулла Ахмадинин айтымында, ооган өкмөтү тынчтык сүйлөшүүсүн илгерилетүү боюнча мамлекеттердин кызматташтыгын колдойт. Бирок, анын пикиринде, «расмий кабыл алуу» жана «жолугушуунун мүнөзү» ооган бийлиги менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүүгө жардам бербейт. Сибгатулла Ахмади тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ооган өкмөтүнүн жана элинин башкы ролун сыйлоого чакырган. Читать дальше...

Жээнбеков менен Эрдоган телефондон сүйлөштү

Azattyk.org 

Бүгүн, 12-августта өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, мамлекеттердин башчылары эки тараптуу кызматташтыкты жана буга чейинки макулдашуулардын ишке ашуусун талкуулашты. Президенттер ошондой эле бири-бирин Курман айт майрамы менен куттукташты. Режеп Тайып Эрдоган 2018-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Анда Сооронбай Жээнбеков 1994-жылы эки мамлекеттин... Читать дальше...

"Мекеним" программасы: инвестициянын изи кайда?

Azattyk.org 

Августтун башында чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кыргызстандын президенти түзгөн кеңештин алгачкы жыйыны болду. Анда чет жердеги кыргыз жарандарынын тажрыйбасы менен мүмкүнчүлүгүн өлкөнү өнүктүрүүгө жумшоо жана байланышты чыңдоо багытында бир топ милдеттер белгиленди. Алар ишке ашабы же мекендештердин буга чейинки форумдарда кабыл алынган чечимдердей кагаз жүзүндө калабы деген маселе боюнча "Азаттык" кеңештин мүчөсү, Түркиядагы кыргыздардын коомдук уюмунун жетекчиси Айбек Сарыгуловду кепке тартты.

Орусия: курал кампасындагы жарылуудан бир адам өлүп, 32си жабыркаганы аныкталды

Azattyk.org 

Орусиянын Красноярск аймагындагы Ачинск шаарынын четинде жайгашкан курал-жарак кампасындагы эки жолку жарылуудан бир киши өлүп, жалпысынан 32 адам жаракат алганы аныкталды. Красноярск аймагынын саламаттык сактоо мекемесинин 12-августтагы соңку маалыматына караганда, 5-августтагы алгачкы жарылууда бир киши көз жуумп, 14 адам жабыркаган. Ошондой эле 16 миң адам коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Ал эми 9-августтагы экинчи жарылууда 18 киши жаракат алган. Орусиянын Красноярск крайындагы аскердик кампада... Читать дальше...

Өмүрбек Бабанов Таласка барды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Кыргызстанга кайтып келген мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов учурда үй-бүлөсү менен Талас облусунда жүрөт. Бул тууралуу саясатчынын партиялашы, парламент депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди: - Өмүрбек Токтогулович 1 жыл 9 ай Кыргызстанда болгон жок. Таласта ата-энесинин үйү бар. Ал өзүнүн айылына келди. Ага чейин ыйык жер болгон «Манас-Ордого» зыярат кылып, жакындары менен түлөө өткөрдү. Бабановду Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаттары Кенжебек Бокоев... Читать дальше...

Москва: оппозиция мэрияга дагы бир акция өткөрүү боюнча арыз менен кайрылды

Azattyk.org 

Өткөн ишембиде Москванын Сахарово аянтында болгон митингдин уюштуруучулары мэрияга 17-августта жаңы акция өткөрүү тууралуу арыз менен кайрылды. Бул тууралуу жергиликтүү депутат, акциянын уюштуруучуларынын бири Илья Азар билдирди. Ал эми жергиликтүү дагы бир депутат Елена Филин маалымдагандай, алар мэрияга арыз бергенде акцияга 30 миң адам келиши мүмкүн экенин билдиришкен. Алар 17-августта Страстный бульварынан Сахаров проспектисине чейин жүрүш уюштурууну көздөп жатышат. Ишемби күнү Москвада 8-сентябрга... Читать дальше...

Жумушта аялдарды кемсинткенди токтотолу

Azattyk.org 

Сиз тигил же бул ишканада жынысына, үй-бүлөлүк абалына, сырт келбетине карап мамиле жасаган учурларды байкайсызбы? “Эже-сиңдилер” баарлашуусунун бул жолку берүүсүнүн катышуучулары өз башынан өткөргөн бир катар мисалдарды келтиришти.

Түркмөн президенти эл алдына чыкты

Azattyk.org 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов 12-августта Каспий экономикалык форумунда сөз сүйлөдү. Бул түркмөн президентинин 5-июлдан - же «ал көз жумду же ооруп комага түшүп калды» деген сөздөр айтылып келе жаткандан берки биринчи жолу эл алдына чыгышы.  Түркмөнбашы шаарынын жанындагы Аваза туристтик аймагындагы жыйын учурундагы Бердымухаммедовдун телеканалдан түз эфирде да көрсөтүлгөн сөзү 20 мүнөткө созулду. Анын саламаттыгы чың жана жакшы көрүндү, сөздөрү даана жана так айтылды. Чет элдиктер да катышкан бул жыйында Орусиянын... Читать дальше...

Гонконг аэропортунда учак каттамдары үзгүлтүккө учурады

Azattyk.org 

Башкы терминалдагы нааразылык акцияларынан улам Гонконгдо учуп кете турган каттамдардын баары токтотулду. Аэропортто баштан-аяк кара кийим кийген жүздөгөн адам топтолуп, төрт күндөн бери бийликке каршылык билдирип жатат.  12-августта аэропорт жетекчилиги «митингдер ишке кедергисин тийгизди» деп билдирди. Гонконг аэропорту дүйнөдөгү өтө көп каттам тейлеген аэропорттордун бири болуп саналат.  Мунун алдында полиция нааразылык акцияларына чыккандарга каршы суу бүркчү машинелер пайдаланыларын жарыялаган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Оззи Осборн

Оззи Осборн во второй раз войдет в Зал славы рок-н-ролла





Персональные новости
Анфиса Чехова

Отец из Панамы, школьная любовь и любимая еда: Елена Борщёва раскрыла все тайны на шоу ТВ-3 «Вкусно с Анфисой Чеховой»





Ирандык качкын журналист Австралиянын дагы бир адабий сыйлыгын утту

Azattyk.org 

Австралиянын баш паанек алууну көздөгөндөр кармалчу борборунда алты жылдан бери жашап жаткан ирандык күрт Бехруз Бучани өзүнүн автобиографиялык китеби үчүн дагы бир адабий сыйлыкты утуп алды. Бехруз Бучани Австралиянын Жаңы Түштүк Уэлс аймагынын мамлекеттик китепканасы уюштурган сынактагы сыйлыкты «Тоолордон башка досум жок» китеби үчүн алды. Ага бул сыйлык 17 миң доллары менен берилет.  2013-жылы Ирандагы куугунтуктан качкан журналист аталган китебин Манус аралындагы миграциялык борбордо жатканда жазган. Читать дальше...

Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти

Azattyk.org 

Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловду дарылоону улантуу үчүн Москвага алып кетишти. Бул маалыматты Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков тастыктады. Анын «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, Курманкулов дагы эле комада жатат. 11-августта Бишкекке Москвадагы Бурденко борборунан нейрохирург жана реаниматолог чакыртылып, алардын катышуусу менен консилиум өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында Курманкуловго кайрадан нейрохирургиялык операция... Читать дальше...

«Ачык саясат» гезитинин журналисти суракка чакыртылды

Azattyk.org 

«Ачык саясат» гезитинин журналисти Нуркыз Бакасова бүгүн, 12-августка Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» журналист өзү билдирди. Атайын кызматтан ал 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча күбө катары маалымат берерин айтышкан. - Мен Кой-Ташта журналисттик ишимди аткарып жүргөм. Бирок мени эмне үчүн суракка чакырып жатканы түшүнүксүз болуп жатат, - деди ал.  УКМК журналист Нуркыз Бакасованын суракка чакыртылышы боюнча азырынча комментарий бере элек. Читать дальше...

Гонконгдун полициясы демонстранттарга каршы суу чаччу машинелерди колдонот

Azattyk.org 

Полициянын өкүлү Чан Кинквоктун суу чаччу машинелерди көргөзүү учурунда айтканына караганда, «алар уруксат берилбеген акцияларда, курмандыкка жеткирген, мүлктү талкалоого же коомдук тартипке жана коопсуздукка олуттуу коркунуч жараткан массалык башаламандык учурунда» колдонулат. Гонконгдун бийлиги суу чаччу машинелерди көздөн жаш чыгаруучу каражаттар жана желим октор эки жарым айдан бери өкмөткө каршы нааразылыкты токтото албагандан кийин алып чыкты. 11-августта демонстранттар менен полициянын кезектеги кагылышынан 45 киши жабыркады. Читать дальше...

Түрмөдө отуруп Атамбаевдин тарапташтарына чалган кылмышкер аныкталды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түрмөдө отуруп алып президенттик аппараттын атынан Жогорку Кеңештин депутаттарына, КСДПнын басма сөз катчысына жана министрликтерге, мамлекеттик органдарга телефон чалган кылмышкерди аныктады. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. ИИМдин тараткан маалыматына караганда, алдамчылык үчүн соттолуп, №1 түрмөдө жазасын өтөп жаткан Темир Калмырзаев өзү менен кошо түрмөдө отурган Талгат Игисиновдун телефону менен... Читать дальше...

Атбашылык балчылар азаптан арыла элек

Azattyk.org 

Ушул тапта Ат-Башыда балчылар жапырт бал тартууга киришти. Алардын иши эми кеч күзгө чейин уланат. “Ат-Башынын ак балы” атыккан бул продукция ушул жазда Британияда “London International Honey Award” сынагында алтын медалга ээ болгон.

Спорт в России и мире
Москва

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ига Свёнтек

Свёнтек: я чувствую, что с каждым годом получаю всё большую поддержку


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

При каких обстоятельствах может затопить Петербург и Москву? Отвечает гидролог





Путин в России и мире
Москва

Строители мостов и дорог удостоены государственных наград


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Волочкова

«Разрешаю им делать вообще все»: Волочкова рассказала об отношениях единственной дочери с бойфрендом



Москва

Полковник Макгрегор: США ждет жесткий ответ в случае конфискации активов России

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net