123ru.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 11.08.2019

Орусия митингдер боюнча "Google" компаниясын айыптады

Azattyk.org 

Москва "Google" корпорациясын "бийлик уруксат бербеген жүрүштөрдү жарнама кылып жатат" деп айыптады. Орусиянын байланыш, маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн Роскомнадзор мекемеси "YouTube" видео порталындагы мындай жарнамаларды токтотуу талабы менен америкалык компанияга тиешелүү кат жөнөткөнүн 11-августта билдирди. "Маалым болгондой, "YouTube" каналдарына ээлик кылган бир катар тараптар уруксат берилбеген массалык иш-чаралар, алардын ичинде федералдык жана аймактык шайлоолорду үзгүлтүккө... Читать дальше...

Гонконгдо демократиячыл активисттер кайра көчөгө чыгышты

Azattyk.org 

Гонконгдун полициясы онунчу жума катары менен каршылык акциясына чыккан демонстранттарды таратыш үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. 11-августта миңдеген демократиячык активисттер полициянын тыюу салганына карабастан кайрадан жүрүшкө чыгышты. Алар шаардын өкмөтү жана ири бизнес кеңселери жайгашкан бөлүгүндө жол кыймылын үзгүлтүккө учуратышты.  Мындай акциялар Гонконгдогу ондогон жылдардан берки эң ири саясий кризис жана расмий Бээжин үчүн олуттуу маселе катары мүнөздөлүп жатат.  Шаарда кылмышка... Читать дальше...

Ооган президенти шайлоону убагында өткөрүүгө үндөдү

Azattyk.org 

Ооган президенти Ашраф Гани сентябрь айына белгиленген президенттик шайлоону убагында өткөрүш керек экенин айтып, чет өлкөлөрдүн кийлигишүү аракетин сынга алды. Ал 11-августта Курман айтка карата элге телекайрылуу менен чыгып, өлкөдө шайлоо аркылуу бийликке келген мыйзамдуу жана күчтүү өкмөт болбосо ооган эли тынчтыкты толук орното албай турганын айтты. Ошондой эле мындай тынчтыкты Ооган Ислам Республикасы менен «Талибан» кыймылынын ортосунда гана камсыз кылса болорун белгиледи.  - Биздин келечегибиз өлкөнүн сыртында чечилбейт. Читать дальше...



Кой-Таштагы окуя боюнча журналист сурак берип чыкты

Azattyk.org 

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө болгон окуя боюнча журналист Назгүл Мамытова жана анын күйөөсү Фархад Борукеев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына сурак берип чыгышты. Алар ошол күндөрдөгү окуялар боюнча УКМКга түшүнүк кат жазышты. Борукеев өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди.  «Ачык саясат» гезитинин редактору Назгүл Мамытова «Азаттыкка» билдиргендей, күйөөсү экөөнү бүгүн атайын кызматтын өкүлдөрү алып кетишкен. Читать дальше...

Норвегия: мечиттеги ок атуу боюнча теракт версиясы каралууда

Azattyk.org 

Норвегиянын бийлиги бир күн мурда Ослонун чекесиндеги мечитте болгон ок атууну «террордук акт уюштуруу аракети» катары иликтеп жатат. Колго түшкөн шектүү «ашкере оңчул» жана «иммигранттарга каршы» көз караштарды карманганы белгилүү болгонун полиция 11-августта билдирди. Шектүү «норвегиялык жаш жигит» деп мүнөздөлдү.  Ишемби күнү баш калаадагы «Аль-Нур ислам борбору» аттуу мечитте куралдуу адам ок аткан. Ал учурда имараттын ичинде жүргөн бир киши кол салган адам менен кармашып, аны токтотуп калууга үлгүргөн. Читать дальше...

Иерусалимдеги мечитте зыяратчылар менен полиция кагылышты

Azattyk.org 

Иерусалимдеги «Аль-Акса» мечитинин сыртында палестиналык мусулман зыяратчылары менен Израилдин полициясы кагылыша кетти. Курман айт белгиленип жаткан учурда болгон бул окуядан кеминде 14 киши жабыркаганын Палестинадагы дарыгерлер билдиришти. Израил кеминде төрт полиция кызматкери жараланганын маалымдады. Иерусалимдин бул аймагын палестиндер да, израилдиктер да ыйык деп эсептешет. Бир нече күн мурда Иерусалимдин түштүк тарабында Израилдин бир жоокери киши колдуу болгон. Андан бери аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлүп турган. Читать дальше...



УКМКнын мурунку төрагасы Сегизбаев суракка чакырылды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 13-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу анын жакындары «Азаттыкка» кабарлашты. Алардын айтымында, Сегизбаев учурда Бишкек шаарында. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Сегизбаевдин Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу камакка алынганын жазып чыгышкан эле. Бирок УКМКнын төрагасынын жакындары бул маалыматты четке кагып, милиция кызматкерлери ИИМге чакыруу тапшыруу үчүн гана келгенин кабарлашты. Читать дальше...

12-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү: Узакка созулган кургак менен ысыктан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. 14-15-августтарда жана 16-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Аба ырайы: 12-августта жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге четет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 17…22... Читать дальше...

Украина Путиндин Крымга келишине нааразы болду

Azattyk.org 

Украина орус президенти Владимир Путиндин аннексияланган Крым менен Севастополго келишине байланыштуу нааразылык билдирди. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Путиндин Крымга келиши Украинанын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигине шек келтирет. Владимир Путин Крымга 10-августта келген. Ал «Хирург» деген ылакап ат менен белгилүү Александр Залдостанов жетектеген «Түн каткан бөрүлөр» байкерлер тобу Севастополдо уюштурган шоуга катышты. Бул шоуга Путин «Урал» мотоциклин айдап, жанына... Читать дальше...

Жаштарды сүрмө топко сүмбөлөгөн саясат

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурундагы аракеттерде жана андан кийинки Бишкек шаарынын борбордук аянтына чейин жеткен көчө жүрүштөрүндө мыйзам бузду деп кармалгандардын басымдуу бөлүгү жаштар болгону, арасында өспүрүмдөр да экендиги кабарланууда.

Ысык-Көлдө бир күндө төрт киши сууга чөгүп кетти

Azattyk.org 

Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди. Анын айтымында, 10-августта аба ырайы кескин өзгөрүп, көл жээгинде катуу шамал болгон. Ошондон улам көлдө толкун күчөп, суу ичиндеги бир топ адамдар чыга албай калышкан. Натыйжада Чолпон-Атада 29 жаштагы, «Бостери» эс алуу жайында 30 жаштагы жигит, 12 жаштагы өспүрүм жана Кош-Көл айылында дагы бир адам чөгүп кетти. Былтыр жайкы эс алуу мезгилинде Ысык-Көл районунун аймагынан 23 киши чөгүп каза болгон. Быйыл ушул мезгилге карата 13 адам каза болду. Читать дальше...

Журналист Назгүл Мамытова ИИМге чакырылды

Azattyk.org 

«Ачык саясат» гезитинин редактору Назгүл Мамытова жана күйөөсү Фархад Борукеев бүгүн УКМКга жеткирилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамытованын кесиптеши Нуркыз Бакасова билдирди. Анын айтымында, Мамытова менен күйөөсүн бүгүн эртең менен үйүнөн атайын кызматтын өкүлдөрү алып кетишкен. Кийинчерээк Назгүл Мамытова «Фейсбукта» түз эфирге чыгып, Кой-Таштагы окуя боюнча жеткирилгенин билдирди. Анын айтымында, ал окуяларга күйөөсүнүн катышканы боюнча чакырылган. Мындан соң Мамытова жана Борукеев ИИМдин Тергөө кызматына кирип кетишти. Читать дальше...

Ысык-Көл: тоодо өрт чыкты

Azattyk.org 

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы Байсоорун өрөөнүндөгү тоодо өрт чыкты. Бул тууралуу аталган райондун акими Данир Иманалиев билдирди. Анын айтымында, өрт 9-августта башталган. Өрт чыккан тоодо карагайлар жыш өсөт. Учурда өрттү өчүрүүгө райондогу өзгөчө кырдаал кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар болуп жалпысынан 170 киши тартылган.  Өрт чыккан өрөөнгө баруучу жол катаал болгондуктан кыйынчылыктар келип чыкты. Учурда тилсиз жоо 2 гектардай жерге жайылган. Район акими азыр өрттүн андан... Читать дальше...

Самат Курманкулов Москванын ооруканасына которулат

Azattyk.org 

Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башынан жаракат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловду дарылоо Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунда улантылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда Москвадагы Бурденко борборунан келген дарыгерлердин катышуусу менен консилиум өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө полковник Курманкуловго... Читать дальше...


Музыкальные новости
Танец

Ансамбль из Лобни победил на Всероссийском конкурсе «Танец. Мысль. Время»





Персональные новости
Бизнес

Бизнес в огне. Почему так часто горят склады





БУУ Ливиядагы кызматкерлерине кол салууну айыптады

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш уюмдун Ливиядагы кызматкерлери түшкөн автоунаага кол салууну айыптады. Өлкө чыгышындагы Бенгази шаарындагы кол салуудан БУУнун эки кызматкери курман болуп, үч киши жабыркады.  «Reuters» агенттиги ливиялык дарыгерлерге шилтеме берип жазгандай, курман болгондордун бири эл аралык уюмдун чет өлкөлүк кызматкери болушу мүмкүн. БУУнун баш катчысы Ливиядагы каршылашкан тараптарды Курман айтка байланыштуу жарыяланган ок атпоо режимин сактоого чакырды. Читать дальше...

КСДПнын расмий өкүлү тергөөдө мыйзам бузулганын айтып чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы окуялардын күбөсү катары сурак маалында укугу бузулганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын айтымында, 10-августта Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында ал 15 сааттан ашык суракка алынган. Андан соң чөнтөк телефонун тергөөчүлөр күч менен тартып алганын айткан Жолдубаева адвокаты менен кошо сотко арыз даярдап жатканын билдирди. Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында... Читать дальше...

Пакистан Индия менен акыркы автобус каттамын токтотту

Azattyk.org 

Пакистандын жетекчилиги өлкөнү Индия менен байланыштырган акыркы автобус каттамын токтотту. Өлкөдөгү Лахор аймагынан Индиянын борбору Нью-Делиге каттаган автобусту токтотууга Индиянын жетекчилигинин 5-августтагы чечими себеп болду. Анда Индиянын өкмөтү Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарууну чечкен. Ага ылайык, мусулмандар басымдуулук кылган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат. Мындай чечимге каршы болгон Пакистан бул маселени... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Победителями Всероссийской олимпиады по физике стали школьники Московского региона


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Хачанов: хочу вернуться в топ-10 ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Энергетические поля компенсируют растущие потребности в электроэнергии





Путин в России и мире
Москва

Путин спросил Беглова о причинах снижения популярности Петербурга у туристов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

Силовики задержали за сутки пятерых журналистов, часть проходит по делу об «участии в работе ФБК», одного жестоко избили при задержании



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Рахманинов

Скульптура Сергея Рахманинова украсит музыкальную школу в Кисловодске



Москва

Уже известна дата: когда панде Катюше придется покинуть Россию

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net