123ru.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 09.08.2019

Күч түзүмдөрү “Апрель” телеканалын жапты

Azattyk.org 

Бул маалыматты каналдын жетекчиси Дмитрий Ложников ырастады. Ал “Форум” имаратына келген күч органдары телеканалдын жетекчилигине эч кандай документ көрсөтпөгөнүн, журналисттерге жеке буюм-тайымдарын алып кетүүгө уруксат бербегенин айтты.

Кой-Таштагы окуя боюнча КСДПнын депутаттары сурак берип чыкты

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-августта Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуяга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айрым тарапташтары, КСДПнын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, саясатчы Равшан Жээнбеков жана башкалар күбө катары сурак берип чыгышты. Аларга Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар, Атамбаевди кармоого келген "Альфанын" кызматкерлеринин барымтага алынышы тууралуу суроолорду беришкен. Саясатчылар тергөөнүн купуялуулугун ачыкка... Читать дальше...

Красноярсктагы курал-жарак кампасында кайрадан жарылуу болду

Azattyk.org 

9-августта Орусиянын Красноярск аймагындагы Ачин шаарынын чекесинде жайгашкан курал-жарак кампасында жаңы жарылуу болду. Андан сегиз иши жабыркаганы кабарланууда. Жаңы жарылууга чагылган себеп болгонун Орусиянын Борбордук аскердик округунун басма сөз кызматы билдирди. Жаракат алгандардын арасында күч органдарынын өкүлдөрү жана кеминде бир күзөтчү бар. Интернетке жарыяланган видеолордон кампаны жалын чулгаганын, түтүн асманга көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот. 5-августта бул кампадагы жарылуудан бир киши каза таап... Читать дальше...



Алия Шагиева: Атамды мыйзамсыз кармашты

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева 9-августта өзүнүн Инстаграм баракчасына атасынын кармалышы тууралуу билдирүү таратты. Ал өз билдирүүсүндө атасы мыйзамсыз кармалганын, учурда “укуктук эрежелер бузулуп, оппозициялык телеканалдар өчүрүлүп, жалган маалымат таратылып жатканын” билдирген. “Менин атамды кримтөбөл Батукаевдин Кыргызстандан чыгарылышына байланыштуу ойго келбеген, токулган иш боюнча суракка алууга аракет кылышты. Бирок чындыгында атамды башка өнөктөштөрүндөй... Читать дальше...

“Апрель” телеканалына күч органдары мөөр басып кетишти

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык “Апрель” телеканалына күч органдары мөөр басып, кеңсени жаап кетишти. Бул маалыматты каналдын жетекчиси Дмитрий Ложников ырастады. Ал “Форум” имаратына келген күч органдары телеканалдын жетекчилигине эч кандай документ көрсөтпөгөнүн, журналисттерге жеке буюм-тайымдарын алып кетүүгө уруксат бербегенин айтты. “Үчүнчү күн катары менен Кыргызстандын бардык аймагында “Апрель” телеканалынын эфир көрсөтүлбөй жатат. Бизди ар кайсы жерде ар кандай себеп менен өчүрүп коюшту. Читать дальше...

Атамбаевдин иши тергеле баштады

Azattyk.org 

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге Азиз Батукаев иши боюнча айып коюлуп, бөгөт чарасы катары аны 26-августка чейин тергөө абагында кармоо тандалды.

Самат Курманкулов эсине келе элек

Azattyk.org 

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакытбек Исаков «Азаттыкка» берген маалымат боюнча башынан оор жаракат алып ооруканага түшкөн Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдырууда, эсине келбей жатат.

«Апрель» телеканалына күч кызматкерлери барганы кабарланууда

Azattyk.org 

«Апрель» телеканалынын кызматкерлери алар отурган кеңсеге өзүн күч органынын өкүлү катары тааныштырган адамдар кирип келгенин Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу түз эфирден кабарлап жатышат. «Апрелдин» жетекчиси Дмитрий Ложников алар имаратты камаш үчүн келгенин, «Форум» имараты да, телеканал да Алмазбек Атамбаевге таандык экенин айтты. Мурдагы президент 8-августта күч органдарынын атайын операциясынан кийин УКМКга камалды. Ага чейин ал күбө катары суракка үч жолу чакырылып, барган эмес. Читать дальше...



АКШнын өкүлү Кыргызстандагы кырдаал тууралуу пикирин билдирди

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучусу Элис Уэллс Кыргыз Республикасындагы кырдаал тууралуу пикирин билдирди. Анда Уэллс айым бардык тараптарды тынчтыкты орнотууда Кыргызстандын Конституциясына жана демократиялык салтына ылайык иш алып барууга үндөгөн. «Кыргызстандагы акыркы окуялар боюнча, биз шайланган демократиялык институттарга жана мыйзамдын үстөмдүгүн карманууга туруктуу колдообузду билдире турганыбызды баса белгилеп кетебиз. Читать дальше...

«Мени» бар, мекенчили жок Кыргызстан

Azattyk.org 

Ушул күндөрү болуп жаткан саясий окуялар чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүн да тынчсыздандырып турат. Алар негизинен акыркы чыр-чатактар бийликтин жана алардын оппоненттеринин билимсиздигин, лидерлерди колдогон талапкерлердин кызуу кандуулугун көрсөткөнүн айтышат.

Меккеде үч кыргызстандык зыяратчы каза болду

Azattyk.org 

Сауд Арабиясынын Мекке шаарында кыргызстандык үч зыяратчы каза болду. Бул маалыматты «Азаттыкка» муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев ырастады. Кыргызстандыктардын сөөгү туугандарынын уруксаты менен Мекке шаарында жерге берилди. Каза болгондордун аты-жөнү жана өлүмүнүн себептери айтылган жок. Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5510 орун бөлгөн. Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты менен 16-июлда жөнөп кетишкен. (КЕ)

Солтон-Сарыда 300дөй адам чогулуп, Бишкектен кошумча күч тартылды

Azattyk.org 

Нарын районунун Кара-Чий айылынын тушундагы автожолдун боюнда ушу тапта үч жүздөй адам чогулуп турат. Нарын облустук милициясынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова «Азаттыкка» билдиргенине караганда, коопсуздукту камсыз кылыш үчүн Бишкектен кошумча күч тартылды. Чогулгандар буга чейин президентке, парламентке жана өкмөткө кайрылуу жибергенин, бирок жооп болбой жатканын айтышты. Облус башчысы Аманбай Кайыпов сүйлөшүүлөргө ар бир айылдан бештен киши тартууну сунуш кылып,  нааразылык акциясына чыккандарга эч ким тийбей турганын айтты. Читать дальше...

Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов эсине келе элек (видео)

Azattyk.org 

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакытбек Исаков «Азаттыкка» берген маалымат боюнча башынан оор жаракат алып ооруканага түшкөн Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдырууда, эсине келбей жатат. - Ахыбалы туруктуу оор. Аппараттын жардамы менен дем алдырууда. Баш сөөгүнө операция жасалган, - деди Бакытбек Исаков.  Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган. Читать дальше...

Өмүрбек Бабанов Москвадан учуп келди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов 9-августта Бишкекке Москвадан учуп келди. Аны аэропорттон жүздөгөн тарапкери сүрөп тосуп алды. Бабанов кыска билдирүү жасап, ага мурда козголгон кылмыш иштери боюнча жооп берүүгө даяр экенин, дайыма мыйзам жолунда жүргөнүн айтты.

Атамбаевдин үйү: тополоңдун эртеси

Azattyk.org 

8-августта мажбурлап алып келүү боюнча биргелешкен иш-аракеттердин натыйжасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Жыйынтыгында анын үйүнүн айрым жерлери күйүп, ичиндеги буюм, эмеректердин бир тобу жарактан чыгып калды. Атамбаевдин үйүн “анын туугандарыбыз” деген адамдар тазалап, жыйнап жүрүшөт.

Малды эмес, напсини курмандыкка чалалы

Azattyk.org 

Курман айт биздин коомдо күн аркан бою көтөрүлгөндө Айт намазы окулуп, үйлөрдө маркумдарга Куран багышталып, курмандыкка жандык чалынып, көчө толо балдар айттап жүрөрү менен белгилүү.

Гонконгдун аэропортунда нааразылык акциялары өттү

Azattyk.org 

9-августта кара кийим кийген жүздөгөн жаштар Гонконгдун башкы аэропортуна чогулуп, колдоруна бийликке каршы баракчаларды, ондон ашык тилде жазылган ураан-чакырыктарды көтөрүп турушту. Алар жүргүнчүлөргө өлкөдөгү урунттуу окуялар, демонстрациялар учурунда тартылган сүрөттөрдү таратып, дем алыш күндөрү боло турган акция тууралуу кабар берип жатышты.  Шаардагы ири компаниялар бир нече аптадан бери токтобой жаткан демонстрациялар алардын тапкан кирешесине залакасын тийгизип жатканын билдиргенден кийин... Читать дальше...

Сооронкулова: Бабанов камалбасын билип туруп келди

Azattyk.org 

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бишкекке камалбасына көзү жетип келди деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн «Азаттык» радиосуна билдирди. Сооронкулованын пикиринде, Бабанов бийлик менен сүйлөшкөндү билет, андыктан бир келишимге келишет. Себеби саясий атаандаштыкты күчөтүү бийликке упай алып келбейт.  - Бабановду кармашса анын тарапкерлери чыкмак, саясий кырдаал кайра курчумак. Бийлик араң-араң түзөп келаткан аброю түшүп кетмек. Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

«Это не бомжовые заведения»: 72-летний Александр Розенбаум зарабатывает миллионы на пивном бизнесе





Персональные новости
РПЛ

Итоги дня в РПЛ: «Сочи» вырвал ничью у «Урала», «Спартак» разгромил «Ростов»





Италиянын вице-премьери чукул шайлоо өткөрүүгө чакырды

Azattyk.org 

Италиянын вице-премьер-министри жана «Лига» партиясынын лидери Маттео Сальвини өкмөттүн ыркы кеткенин билдирип, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтып чыкты.  Ал премьер-министр Жузеппе Конте менен жолугушуусунда парламент кийинки жумада тиешелүү чечим кабыл алышы керек экенин айтты.  Сальвининин коалициялык көпчүлүктөгү өнөктөшү, «Беш жылдыз кыймылы» популисттик партиясынын лидери Луиджи ди Майо вице-премьердин билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. Бирок буга чейин... Читать дальше...

Сейитбек Атамбаев суракка чакырылып, кайра коё берилди

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев суракка чакырылып, кайра коё берилди. Бул тууралуу анын бир тууганы, Атамбаевдин башка бир уулу Сейтек Атамбаев билдирди.  Мунун алдында Интернетке Атамбаевдин баласы сурак берип жаткандай видео тарап, анын камалганы жазылган.  8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. 7-августта аны кармоо операциясы ишке ашпай калган. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышып... Читать дальше...

Акимов: Бабанов бизнесин сактап калыш үчүн эле келди

Azattyk.org 

Талдоочу Турат Акимов «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга өз бизнесин коргоп калыш үчүн гана кайтып келди деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн «Азаттыкка» билдирди: - Бир эле ой-максат менен келди – өзүнүн бизнесин сактап калуу. Анткени бизнес-империясы көзөмөлсүз кала берсе, бара-бара банкротко учурайт. «Эл үчүн, жерим үчүн» деп айта берет, албетте, себеби ал коммерсант киши. Шайлоодо каршы чыгып, саясий оппонент катары күрөшкөн эмес. Жөн эле качып кетип калган. Албетте... Читать дальше...

КСДП саясий куугунтук болуп жатканын билдирди

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП билдирүү таратып, партиянын жана «элдик штабдын» мүчөлөрүнө карата саясий куугунтукту токтотууну бийликтен талап кылды. Мындан сырткары соңку окуяларда жараат алгандарга медициналык жардам көрсөтүп, атайын кызматтын өкүлүнүн өлүмүнө күнөөлүүнү табуу жөнүндө талап коюлган.  «Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата бардык процессуалдык жол-жоболорду мыйзамдын алкагында сактоону, «күнөөсүздүк презумпциясы» принцибин эске алууну талап кылабыз», - деп жазылган билдирүүдө. Читать дальше...

Масалиев: Бабанов эчак келиши керек болчу

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга эчак эле кайтып келиши керек болчу деп эсептейт. Депутаттын пикиринде, Бабановго карата кылмыш иши негизсиз козголгондуктан ал айыбы жок экенин далилдеши зарыл.  - Өзбек улутундагылардын алдында сүйлөгөн сөзү боюнча менин пикирим башынан эле башкача, - деди ал. - Ал жерде эч кандай чакырык болгон эмес. Эми тийиштүү органдар чакырса суракка барып, түшүндүрмө бериш керек. Читать дальше...

Атамбаевдин үйү азыр кандай абалда?

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы анын Кой-Таштагы үйүндө өттү. Милиция менен Атамбаевдин тарапташтарынын кагылышуусу маалында үйү талкаланган.

Спорт в России и мире
Москва

Расплата за расточительство! ФК «Оренбург» на домашнем поле уступил ФК «Динамо» (Москва) – 1:2


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Кудерметова выиграла турнир WTA в Штутгарте в парном разряде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Результативность, вовлечённость, трудоголизм — где грань? Книга от автора российской модели факторов вовлечённости персонала.





Путин в России и мире
Москва

Киркоров и Пелагея спели для амурчан-бамовцев в Москве


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

В Минске открывается ВНС: что будет




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленскому предложили не ограничиваться Бандерой и захоронить на капище под Киевом молекулы Гитлера


Навальный в России и мире
Москва

Запрещено в служении проводившему панихиду по Навальному священнику



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Арутюнов

Финалист шоу “Голос” Сергей АРУТЮНОВ прямо при выезде со своего сольного концерта в Кремле cлучайно сбил девушку. А ей оказалась солистка группы Демо.



Москва

Воробьев: парки Подмосковья благоустроят с учетом мнений жителей

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net