123ru.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 10.08.2019

Атамбаевдин тарапкерлеринин бөгөт чарасы аныкталды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин төрт тарапкеринин бөгөт чарасы аныкталды. Алар: президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөсү Алга Кылычев, Атамбаевди коргоо боюнча “Элдик штабдын” башчысы Кыяс Смайлов жана “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин төрагасы Амантур Жамгырчиев. Булар УКМКнын “Альфа” ыкчам бөлүгүнүн кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча шектелип, 8-октябрга чейин камакка алынды.

Атамбаевдин үч тарапкеринин бөгөт чарасы аныкталды

Azattyk.org 

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү Кыяз Смайлов, Алга Кылычев жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагында камакта болот. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Аталган адамдар 7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн барган УКМКнын аскерлерин барымтага алган жана массалык башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө. Буга чейин дал ушундай эле айып менен Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынган. Читать дальше...



Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакта калды

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов ушул жылдын 8-октябрына чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Маалыматка ылайык, Ниязовго Кылмыш кодексинин 244-беренеси ("Адамды барымтага алуу"), 264-беренеси ("Массалык башалмандык уюштуруу") жана 43-беренеси ("Кылмышка катышуу") боюнча айып тагылды. Фарид Ниязов 7-августта мурдагы президент Атамбаевди кармоо үчүн барган УКМКнын “Альфа” ыкчам бөлүгүнүн кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча шектелүүдө.

Самат Курманкуловду дарылоо үчүн Орусиядан дарыгерлер келет

Azattyk.org 

Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда башынан жаракат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловду дарылоо үчүн Орусиянын Бруденко атындагы Улуттук нейрохирургия борборунан дарыгерлер келет. Бул тууралуу чечим Курманкуловдун абалы боюнча бүгүн өткөн консилиумда кабыл алынды. Ага Кыргызстандагы дарыгерлер жана президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты. Консилиумда полковникти дарылоо туура жүрүп жатканы айтылып, мындан аркы кадамдар талкууланды. Читать дальше...

“Адилеттүүлүк үчүн” комитети: "Апрелдин" жабылышы - көз карандысыз медиага басым

Azattyk.org 

«Адилеттүүлүк үчүн» комитети "Апрель" телеканалынын жабылышын сөз эркиндигине, көз карандысыз медиага басым катары баалайт. Бул тууралуу аталган комитет тараткан билдирүүдө айтылат. Комитет “элдин эркин маалымат алуу укугун чектөө, альтернативдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын жабуу, аларды коркутуп-үркүтүү демократиялык өнүгүү жолун тандаган мамлекеттерге жат көрүнүш болушу керектигин" белгилеген. Ошондой эле комитет мүчөлөрү эркин жана оппозициялык медиага болгон кысымды токтотууга чакырды. ... Читать дальше...

Москвада Любовь Соболдун кеңсесине полиция кирип барды

Azattyk.org 

Москвада полиция кызматкерлери активист Любовь Соболдун шаардык кеңешке талапкер катары катталуу үчүн кол чогултуп жаткан борборуна кирип барды. Маалыматка ылайык, полиция имараттын эшигин талкалап кирген. Полиция кызматкерлери Соболдон интервью алуу үчүн күтүп турган “Дождь” телеканалынын журналисттерин жерге жаткырган. Учурда Соболь имараттын ичинде кармалып турганы белгилүү болду. Любовь Соболь бүгүнкү акцияга катыша албай турганын билдирип, анын катышуучуларына ишенерин "Твиттердеги" баракчасына жазды. Читать дальше...

Өкмөт Кумтөр боюнча “Центерра” менен мунаса тапканын жарыялады

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү «Centerra Gold» компаниясы менен Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча мунаса тапканын жарыялады. Анда келишимде буга чейинки каралган шарттардан тышкары “Центерра Голд” кыргыз тарапка кошумча төлөмдөрдү төлөөгө макул болгону айтылат. Анын ичинде компания тарабынан жаңы түзүлгөн Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна 5 млн. доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм, андан соң 12 айдын ичинде дагы 5 млн. долларга бир жолку төлөм, бул фондго «Kumtor Gold Company»... Читать дальше...



Фарид Ниязовдун бөгөт чарасы каралууда (видео)

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы башчысы, Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовдун бөгөт чарасы каралууда. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, колуна кишен салынган Ниязовду күч органдары сот залына алып келишти. Ниязов 7-августта Атамбаевди кармоо үчүн барган УКМКнын “Альфа” ыкчам бөлүгүнүн кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча шектелүүдө. 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов жана... Читать дальше...

Орусия: аскер полигонунда сыноо учурунда беш адам өлдү

Azattyk.org 

Орусиядагы Росатом мамлекеттик корпорациясы 8-августта Архангельск облусундагы аскер полигонунда беш кызматкери каза болгонун ырастады. Маалыматка ылайык, полигондо реактивдүү кыймылдаткычты сыноо жүрүп жаткан. Кырсыкта үч адам жаракат алганы кабарланды. Алар учурда ооруканада дарыланууда. Буга чейин Архангельск облусунда радиациянын деңгээли текшерилип жатканы кабарланган. Бийлик өкүлдөрү радиациялык фон белгиленген өлчөмдө экенин билдирүүдө. Бирок батыштагы айрым булактар Ак деңиздин жээгиндеги... Читать дальше...

Министрлик: "Апрель" кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камоого алынды

Azattyk.org 

“Апрель” каналы оор кылмышка шектелген адамдын мүлкү катары камоого алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тараткан түшүндүрмөдө айтылат. Анда “Апрель” телеканалын камоого алуу анын редакциялык саясатына, көрсөтүүлөрүнүн мазмунуна же бийликке карата позициясына байланышы болбогону белгиленген. "«Апрель» телеканалы мамлекеттик органдарга карата ачык сын көз карашы менен белгилүү болчу. Ал иштеген жылдары маалыматтык саясаты үчүн куугунтукка алынган жок. Читать дальше...

Орусияда таза шайлоону талап кылган акция өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн, 10-августта Орусиянын бир нече шаарында таза шайлоо өткөрүү талабы менен акциялар өтүп жатат. Учурда Москва, Хабаровск шаарларында башталары күтүлүп жатса, Иркутск, Новосибирск, Омск, Кемеров, Томск шаарларында башталды. Новосибирск шаарынын борбордук бөлүгүнө 200дөн ашык адам чогулган. Жаан жаап жатканына карабай чогулгандар “Шайлоого катыштыр” деген ураандарды чакырууда. Ал эми Москвада акция жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00дө башталганы жатат. Уюштуруучулар борбор калаадагы акцияга жүз миңге чейин адам келет деп убада кылууда.

Өкмөт: Нарында абал туруктуу

Azattyk.org 

Нарындагы Солтон-Сары кенине байланыштуу нааразы болгон адамдар тараганын өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Кара-Чий айылынын жанында чогулган эл жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдөн соң боз үйлөрүн чечип, тарап кетти. Жолугушуу учурунда өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов "учурдагы саясий абалды эске алуу менен чогулгандар чагымчылыкка жана бузуку күчтөргө алданбашы керектигин" эскерткен. Бирок жергиликтүү айрым тургундардын айтымында... Читать дальше...

Иранда секелек энелер көбөйдү

Azattyk.org 

Былтыр Ирандын бир эле провинциясында жашы 15ке жетпеген 40тан ашык өспүрүм кыз көз жарган. Иран Ислам Республикасынын мыйзамдары жашы жете электердин турмуш куруусуна уруксат берет.

Атамбаевдин иниси УКМКга алып келинди

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин агасынын уулу Нурбек Шаршенов жана тарапкери Кундуз Ажыбекова Улуттук коопсуздук комитетинин Чүй облустук башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, аларды УКМКнын кызматкерлери Кой-Таштагы мурдагы президенттин үйүнөн алып кетишкен. Жолдубаева бүгүн ИИМге сурак берип чыкканын, азыр төртүнчү жолу чакырылып, кайра баратканын билдирди. 7-августта мурдагы... Читать дальше...

Кой-Ташта жабыркаган 14 адам ооруканада дарыланууда

Azattyk.org 

Кой-Таштагы кагылыш учурунда 136 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 109 адам медициналык мекемелерге кайрылса, 27 адамга Кой-Таш айылында жардам көрсөтүлгөн. Учурда 14 адам ооруканада дарыланууда. Анын ичинен Бишкек травматология жана ортопедия борборунда жети адам, Улуттук госпиталда төрт, Чүй облустук ооруканасында эки, ал эми Ысык-Ата райондук ооруканасында бир адам жатат. Учурда Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда.

"Ансарулла" лидеринин бир тууганынын өлүмүнө Сауд Аравиянын катыштыгы бар

Ca-irnews.com (kg) 

Йемендин чалгындоо кызматы Ансарулла кыймылынын лидери Абдул-Малик аль-Хусинин бир тууганы Ибрахим Бадреддин ал-Хусини өлтүргөн адамдарды 12 саатка жетпеген убакытта аныктап, алардын 80%ын кармады.


Музыкальные новости
Моргенштерн

Эффект Карабаса: Почему Моргенштерн взялся спасать молодых коллег от музыкального лейбла Rhymes Music





Персональные новости
Сергей Брановицкий

Консультации, Составление Договоров, Присутствие Продюсера при заключении договоров и переговорах. Лекции. Переговоры. Встречи и Обсуждения.





“Медиа Форумдагы” “Апрелден” башка радиолор иштеп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык делип күч кызматкерлери тарабынан жабылган “Медиа Форум” имаратынын ичиндеги “Европа плюс”, “Кыргызстан обондору” радиолору иштеп жатат. Бул тууралуу “Европа плюс” радиосунун таңкы эфиринин редактору Айжана Кулибаева “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, 9-август күнү кечинде имарат камакка алынган соң бир канча убакыт эч ким кире алган эмес. “Эртең менен биздин радионун кызматкерлери күбөлүктөрүн көрсөтүп кире башташты. Биздин кызматкерлер жумушта, иштеп жатышат. Читать дальше...

Каракулова: Медиага кысымдын аягы жакшы болбойт

Azattyk.org 

«Интерньюстун» директору, медиа эксперт Элина Каракулова «Апрель» телеканалынын айланасындагы кырдаалга баа берип, сөз эркиндигине жасалган кысымдын натыйжасы оор болорун эскертти.

Солтон-Сарыда чогулгандар тарашты

Azattyk.org 

Бишкек-Торугарт жолунун боюна тигилген тогуз боз үй чечилип, чогулгандар тарады. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаев билдирди. Анын айтымында, 5-августтан бери нааразычылык акциясын өткөрүп жаткандар атайын комиссия түзгөн. Облус башчысы Аманбай Кайыпов комиссияга ар бир айылдан бештен киши тартууну сунуш кылып, нааразылык акциясына чыккандарга эч ким тийбей турганын 10-августта Кара-Чий айылынын тушуна чогулган 300 кишинин алдында айткан болчу.(MiK)

ИИМ: Атамбаевдин эки тарапкери кармалды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери Алга Кылычев жана Амантур Жамгырчиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы 7-августтагы Кой-Таш айылындагы башаламандык жана УКМК кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүүдө. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бир нече тарапкери суралды. Алардын ичинен КСДПнын штабынан... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Sitronics Group рассказала о достижениях компании в области корпоративного спорта


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Янник Синнер

Янник Синнер поделился впечатлениями от общения с игроками сборной Италии по футболу


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о возросшем интересе россиян к волонтерству  





Путин в России и мире
Москва

Путин уточнил у Беглова причины снижения популярности Петербурга у туристов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Елена Ходырева

Эксперты КА «Главный Советник» приняли участие в форуме «Тренды и антитренды корпоративного видео сегодня»



Москва

Реконструкция Голутвинского подводного газопровода близится к завершению

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net