123ru.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 02.08.2019

Чехияда чемпион болгон хоккейчилер

Azattyk.org 

Кыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр командасы Чехиянын Писек шаарында өткөн чемпионатта жеңишке жетти. Алар турнирде алты команда менен беттешип, «Чехиянын шайбасы» кубогуна ээ болушту. Бул жеңиш хоккей анча өнүгө элек тоолуу өлкөдөн келгендер бул спорттун чеберлери менен тең-тайлаш оюн көрсөтө аларын далилдеди. Кыргызстандык өспүрүмдөр турнирден кийин Прага шаарында «Азаттыктын» кабарчыларына да жолугууга убакыт табышты.

АФК кыргыз футболчуларын жазалады

Azattyk.org 

Азия футбол конфедерациясынын (AFC) тартип жана этика комитети кыргызстандык футболчуларды оюндарды сүйлөшүп алып ойногону үчүн өмүрүнүн аягына чейин футболдон четтетти.



Мигранттар мамлекеттин тиреги

Azattyk.org 

Чет жактагы кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү үч негизги багытта жүрөт. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 2-августта Бишкекте өткөн Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин биринчи жыйында сүйлөп жатып билдирди.

Москва соту митингге катышкан активисттерди эки айга камады

Azattyk.org 

Москванын Пресненский райондук соту активисттер Иван Подкопаев, Самариддин Раджабов, Алексей Меняйло жана Кирилл Жуковду 27-сентябрга чейин камакка алды. Активисттер 27-июлда Москвада шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлерди колдогон митингге катышкан. Күч органдары алардын баарын 27-июлдагы митинг учурунда “жапырт башаламандыкка катышкан” деп айыптаган. Ал эми Раджабов “полиция кызматкерине кол салган” деп да күнөөлөнүп жатат. Буга чейин да ушул... Читать дальше...

Депутат Зарылбек Рысалиев үй камагына алынды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эрте чыгып кеткенине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча үй камагына алынды. Анын бөгөт чарасын аныктоону Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту караган. Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган Рысалиев быйыл 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезгени айтылып, ооруканага жеткирилген. Ал президенттин жана өкмөттүн... Читать дальше...

Өспүрүм Кадыровдон ыйлап кечирим сурады

Azattyk.org 

Чеченстандын мамлекеттик "Грозный" телеканалы өспүрүмдүн жумурияттын лидери Рамзан Кадыровдон жана өз элинен ыйлап кечирим сурап жатканын көрсөттү. Чечен өспүрүм "Инстаграмда" бийликти сындап комментарий жазган. Бул жарандар мамлекеттик телеканал аркылуу бийликтен кечирим сураган биринчи окуя эмес.

УКМК Шаикованын дайынын таппай жатат

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикованын суракка келбей жатканын 2-августта кабарлады.



«Талибандын» чабуулунан он полиция кызматкери набыт болду

Azattyk.org 

Ооганстандын борбордук Дайкунди провинциясында «Талибан» кыймылынын согушкерлери көзөмөл-өткөрмө бекетине чабуул жасап, андан кеминде 10 полиция кызматкери курман болду. Губернатор Анвар Рахматинин маалыматына караганда, 15 тартип сакчысы жараат алган. Бул кол салуу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды. Ооганстанда адам өмүрүн алган кол салуулар АКШнын элчили Замлай Халилзад 18 жылдык согушту токтотууга багытталган тынчтык келишимине жетишүү максатында «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен... Читать дальше...

Мигранттар мекендин жүгүн көтөрүп турат

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги өлкө сыртында жашап, иштеп жүргөн мекендештер менен байланышты жандантып, мамлекетти өнүктүрүүнү көздөйт. Бул маселе Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешинин алгачкы жыйынынын өзөгүн түздү. Өкмөт өкүлдөрү жана чет мамлекеттерден келген кыргызстандыктар катышкан иш-чара 2-августта Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өттү.

Москва: активист Иван Жданов ачкачылык жарыялады

Azattyk.org 

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын Антикоррупциялык фондунун башчысы, 15 күнгө камалган Иван Жданов ачкачылык жарыялады. Жданов - Москва шаардык кеңешине 8-сентябрда боло турган шайлоого катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлердин бири. Ал ачкачылык жарыялоосун камакка алган сот чечимине каршылыгы менен түшүндүрдү. “Менде өз позициямды билдирүүгө башка жол жана мүмкүнчүлүк жок. Бүгүнтөн тарта мен ачкачылык жарыялайм. Мен суроолорго жооп берүүдөн баш тартам. Мен бул сот жараянына катышуудан баш тартам”... Читать дальше...

Балбалдарды сактоо демилгеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда балбал таштарды мамлекеттик каттоого алуу Талас облусуна жетти. Буга чейин Чүй облусундагы, Бишкек шаарындагы балбалдар каттоодон өткөн.

Сауд Арабияда аялдарга көбүрөөк укук берген мыйзамдар күчүнө кирди

Azattyk.org 

Сауд Арабияда аялдарга көбүрөөк укук берген, анын ичинде эркек тууганынан уруксат албай эле саякаттоого уруксат берген эрежелер күчүнө кирди. Падышалыктын апталык басылмасына жарыяланган жарлыкта өлкө жарандарынын баарына чет элдик паспорт берүү каралган. Ага ылайык, 21 жаштан жогору бардык адамдар эч кимден уруксат сурабастан өз алдынча жүрө алат. “Рейтер” агенттигинин жазышынча, жаңы өзгөртүүлөр аялдарга баласын каттатуу, ажырашуу же никеге туруу тууралуу документтерди тапшырууга жана алууга уруксат берет. Читать дальше...

Трамп Скрипалдын ууланышы боюнча Орусияга экинчи ирет санкция салды

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипал жана анын кызынын былтыр ууландырылышына байланыштуу Орусияга экинчи ирет санкция киргизди. Химиялык жана биологиялык куралдарды көзөмөлдөө боюнча 1991-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык биринчи санкция өткөн жылы салынган. Трамптын буйругу каржы министрине мамлекеттик катчы менен кеңешип, мыйзамга ылайык чара көрүүгө милдеттендирет. Атап айтканда, сөз «эл аралык каржы институттарынан насыя, каржылык жана техникалык жардам алуусуна тоскоолдук кылуу» тууралуу болуп жатат. Читать дальше...

Стамбулда мыйзамсыз жүргөн 15 миңдей мигрант депортацияланды

Azattyk.org 

Түркиянын Стамбул шаарында мыйзамсыз жүргөн 15 миңден ашык мигрант депортацияланды. Бул тууралуу Стамбул губернаторлугунун сайты кабарлады. Мекеме тараткан маалыматта 12-31-июль аралыгында шаарда атайын текшерүү болгону, натыйжада 15 миңден ашык мыйзамсыз иштеп жүргөн мигрант кармалганы жазылды. Жалпысынан фабрика жана башка ишканалар, чет өлкөлүктөр жыш жашаган райондор текшерилген. Депортацияланган мигранттардын арасында кыргызстандыктар бар-жогу тууралуу так маалымат азырынча жок. Текшерүүлөр 25-августка чейин уланат. Читать дальше...

ЖМК: АКШ Ооганстандан миңдеген аскерлерди чыгарууга даяр

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Ооганстандан аскерлерин чыгарууга даяр. Бул үчүн “Талибан” кыймылы куралдуу жаңжалга чекит коюу үчүн Кабул өкмөтү менен тикелей сүйлөшүүлөрдү баштоо кепилдигин берүүгө тийиш. Бул тууралуу 1-августта америкалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. The Washington Post жана CNN атын атабаган булактарга таянып, тынчтык келишиминин алкагында америкалык аскерлердин саны азыркы 14 миңден 8-9 миңге чейин азайтылышы ыктымал экенин жазышты. АКШнын Кабулдагы элчилигинде иштегендердин, коопсуздук кызматкерлеринин саны да кыскартылмакчы. Читать дальше...


Музыкальные новости
Денис Мацуев

Денис Мацуев представил музыкальный фестиваль в Ставрополе





Персональные новости
Минфин

Минфин РФ: отсутствие интероперабельности - это препятствие к использованию ЦФА в международных расчетах





Курман айтка байланыштуу 12-август дем алыш күн болот

Azattyk.org 

Быйыл Курман айт майрамына байланыштуу 12-август Кыргызстанда дем алыш күнү болот. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова билдирди. Анын айтымында, мындай чечим муфтияттын токтомуна ылайык жана Эмгек кодексинин тиешелүү беренесинин негизинде кабыл алынды. - Дем алыш күнүнө же жумуш эмес майрам күнүнө туш келип калса дем алыш кийинки жумуш күнүнө которулат деп Эмгек кодексинин 113-беренесинде жазылган. Читать дальше...

АКШ менен Орусиянын ортосундагы тарыхый ракеталык келишим токтойт

Azattyk.org 

АКШ жана Орусия 2-августта 31 жыл мурда түзүлгөн, ракетанын бир катар түрүн жок кылууга салым кошкон маанилүү өзөктүк келишимден чыгып жатат. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган. Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу бул келишимге мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол учурдагы президенти Рональд Рейган кол койгон. Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча... Читать дальше...

Өзбекстан Кыргызстанга берчү 100 млн доллар маселеси күзүндө чечилет

Azattyk.org 

Өзбекстан Кыргызстанга бере турган 100 миллион доллар боюнча чечим быйыл күзүндө кабыл алынат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна экономика министри Санжар Муканбетов билдирди. Министрдин айтымында, шарттар азырынча белгилене элек. Маселе сентябрь айына пландалып жаткан кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынында каралат. - Шарттар азырынча белгисиз. Өкмөт аралык комиссиянын жыйынында чечилет. Былтыр эки президент сүйлөшкөндө ушундай сунуштар болгон. Жеке секторго, ар бир ишкердин жеке кепилдигине карата берилет. Читать дальше...

Роскомнадзор тажикстандык белгилүү сайтты жаап койду

Azattyk.org 

Тажикстандагы “Азия-Плюс" маалымат агенттигинин сайты (news.tj) Орусияда ачылбай калды. Сайттын редактору Зебо Тожибоеванын «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна кабарлашынча, Орусиянын көзөмөл мекемеси Роскомнадзор 26-июлда жаап койгон. Алар былтыр Тажикстандын Согди облусунда өз жанын кыйган кыз жөнүндөгү жаңылыкта “суицидди пропагандалоонун элементтери бар” деп тапкан. Зебо Тожибоева Роскомнадзор көрсөткөн маалымат өчкөнү тууралуу маалымат жиберишкенин, эми сайт иштей баштайт деп үмүт кылып жатканын билдирди. Читать дальше...

Жээнбеков: Он жылда мигранттар Кыргызстанга 19 млрд доллар жөнөтүштү

Azattyk.org 

Акыркы он жылда чет жакта эмгек мигранты болуп жүргөн кыргыз жарандары мекенине 19 млрд доллардан ашык каражат жөнөтүшкөн. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин алгачкы жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Президент бул көрсөткүчтү салыштырып, ошол эле он жылдык мезгилде жалпы Кыргызстандын экспорту 18 млрд доллар болгонун айтты: - Ал эми өлкөбүзгө келип түшкөн түз чет элдик инвестициялардын көлөмү болгону 8,3 млрд долларды түздү. Читать дальше...

Арыстагы жарылууда жараат алган бала чарчап калды

Azattyk.org 

Казакстандын Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан каза тапкандардын саны төрт адамга жетти. Окуядан жараат алган сегиз жаштагы Аян Шарипбаев Нур-Султан шаарындагы ооруканада эсине келбей жатып, 2-августта каза болду.  Казакстандын Арыс шаарында 24-июнда ок-дары сакталган кампа жарылып, үч киши мерт болгон. Расмий маалымат боюнча анын экөө аскер адамы, бири карапайым тургун. Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып, алардын 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган. Казак бийлиги жарылуудан шаардагы үйлөрдүн 85% эшик-терезелери... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Сотрудники Росгвардии приняли участие в чемпионате Центрального округа по боксу.


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Арина Соболенко

Бадоса из-за травмы снялась с матча против Соболенко и заплакала у сетки


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

"Самое опасное" начнётся в пятницу: Синоптик предупредил об аномальной погоде в России





Путин в России и мире
Москва

Путин 22 апреля проведет в Москве переговоры с президентом Азербайджана Алиевым


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: Западу неинтересны планы Киева по атаке на Крымский мост


Навальный в России и мире
Москва

В Москве арестован на пять суток историк-публицист Сергеев за пост памяти Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Концерт ансамбля "Русский тембр"



Москва

Командно-штабные игры проведут для школьников Долгопрудного

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net