123ru.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 25.08.2019

Кыргызстанда жыл башынан бери алты адвокат камалды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Адвокаттар кеңеши жыл башынан бери өлкөдө алты жактоочунун камалганын - алардын ишмердигине байланыштырууда. Кеңеш мүчөлөрү бул маселени ушул жумада жыйынга чогулуп, талкуулашмакчы. Адвокаттар кеңешинин төрага орунбасары Жыргал Бабаев адвокаттардын макамын коргогон мыйзамдар сакталбай жатканын "Азаттыкка" айтты. Бир катар саясатчыларга жактоочулук кылып жүргөн Икрамидин Айткуловду 22-августта Бишкек шаардык милициясы кармап, бир күндөн кийин үй камагына чыгарган. Ал акчага байланыштуу алдамчылык кылганы айтылууда. Читать дальше...

Ысык-Көлдө кыздар үчүн «Эже-сиңдилер» лагери уюштурулду

Azattyk.org 

Кыргызстандык секелектерге турмушта ар кандай кырдаалды жеңүүнү, коомго жигердүү аралашууну жана укуктарды үйрөткөн “Эже-сиңдилер” лагери уюштурулду. 21-25-августта Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын бирине мамлекеттин ар кыл аймактарынан 14-18 жаштагы 45 кыз чогулуп, аларга адистер сабак өтүштү. Кыздар үч багытта – гендердик теңчилик, өзүн өзү өнүктүрүү жана психикалык-эмоционалдык колдоо көрсөтүү жаатында билимдерин кеңейтишти. Лагерди “Search for Common Ground” эл аралык уюму “ЖашСтан” долбоорунун алкагында уюштурду. Читать дальше...

Зариф «Чоң жетиге» чукул жакындады

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф 25-августта Франциянын түштүк-батышындагы Биарриц шаарына күтүүсүз барды. Ал жакта ушул күндөрү «Чоң жетиге» кирген мамлекеттердин лидерлеринин саммити өтүп жатат.



Волейболчулар мекенге кайтты

Azattyk.org 

Волейбол боюнча Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпиону болгон Кыргызстандын курама командасы Бишкеккке кайтып келди. Чемпиондорду тосуп алуу салтанаты «Манас» аэропортунда өттү. Волейболчуларды алардын күйөрмандары жылуу тосуп алды. Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионаты Непалдын борбору Катманду шаарында өткөн. 24-августта финалдык беттеште Кыргызстан Өзбекстандын оюнчуларын 3:0 эсебинде жеңип чыккан.

Белградда пенсионерлерди колдогон акция өттү

Azattyk.org 

Сербиянын баш калаасы Белградда 25-августта армиянын пенсионерлерин колдогон акцияга бир нече миң адам чыкты. Алар шаардын борборуна чогулуп, «Силер жалгыз эмессиңер!» деген ураандарды чакырып жатышты. Бийлик жакында эле мурдагы Югослав элдик армиясында кызмат өтөгөн офицерлерге алар ондогон жылдардан бери жашаган мейманкананы бошотууну буйруган. Офицерлер үй-бүлөлөрү менен «Бристоль» деп аталган имаратка 1990-жылдардын башында жайгашкан. Бийлик ал кезде офицерлерди жакын арада турак-жай менен камсыз кылыга убада берген. Читать дальше...

Гонконгдо полиция 29 демонстрантты кармап кетти

Azattyk.org 

Гонконг полициясы өкмөткө каршы чыккан демонстранттар менен түнү болгон кагылышууда 29 киши кармалганын кабарлады. Полиция бекетинин жанына чогулган акциянын катышуучуларына каршы тартип сакчылары жаш чыгарчу газ чачты.  Алгач демонстранттар Кытайга кылмышкерлерди экстрадициялоону караган мыйзамга каршы 11 апта мурда көчөгө чыгышкан. Гонконгдун бийлиги бул мыйзамды белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алганына карабай, нааразы болгондор андан биротоло баш тартууну, Гонконг атайын административдик аймагынын... Читать дальше...

Ливан аба соккулары үчүн Израилди айыптады

Azattyk.org 

Ливандын аскерлери Израилдин эки учкучсуз аппараты Бейруттун түштүгүндөгү «Хезболла» кыймылынын уюгуна сокку урганын билдирди. Ал эми Ирандын колдоосуна ээ болгон шииттердин кыймылы учактардын бири алардын медициналык борборун жарактан чыгарганын маалымдады. Ливан армиясы 25-августта тараткан билдирүүдө эки учкучсуз аппарат өлкөнүн аба майданын таң эрте бузуп кирип, «биринчиси кулап түшкөнү, экинчиси абадан жарылып, материалдык чыгым алып келгени» жазылган.  Премьер-министр Саад Харири муну... Читать дальше...

Иранда сатирик 23 жылга кесилди

Azattyk.org 

Иран соту жазуучу, сатирик Киомарс Марзбанды 23 жыл тогуз айга эркинен ажыратты. Ал бир нече айып, анын ичинде Кошмо Штаттар менен кызматташканы үчүн күнөөлүү деп табылды. Жазуучунун адвокаты Мохаммед Хосейин Агаси «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдиргендей, Марзбанга «душман мамлекет менен кызматташкан, системага, бийликтин расмий өкүлдөрүнө каршы үгүттү жайылткан» деген айыптар коюлган.  Агаси соттун чечимине каршы доо арыз менен жогорку инстанцияларга кайрыларын айтып, Марзбан «азил макала жазып... Читать дальше...



Трамп: G7 саммитинде Орусияны кызуу талкууладык

Azattyk.org 

«Чоң жети» уюмунун бүгүн Францияда өтүп жаткан саммитинде Орусия темасы да талкууланды. Бул тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп билдирди. Ал орус президенти Владимир Путин кийинки cаммитке чакырылабы же жокпу, аны билбей тургандыгын, бирок андай болушу толук ыктымал экенин айтты. Орусия боюнча Трамп андан башка эч нерсе айткан жок.  - Мен аны билбейм. Биз талкууладык. Орусия жана орус президенти Путин боюнча абдан жакшы, кызуу талкуу болду, - деди ал. Читать дальше...

«Стимул»: Орусияда тажикстандык кумса жердештеринен зомбулук көрдү

Azattyk.org 

Орусияда тажик жарандарынын тобу кумса жердешине зомбулук көрсөтүшкөнүн «Азаттык» радиосунун тажик кызматына Москвадагы «Стимул» аттуу ЛГБТ демилге тобу билдирди. Уюмдун юристи Антон Рыжовдун айтымында, окуя 22-августта болгон.  27 жаштагы Али аттуу жаранды ур-токмокко алды деген шек менен бир адам кармалды, дагы үчөөнө издөө жарыяланды. Подмосковьенин күч түзүмдөрү азырынча бул тууралуу расмий комментарий бере элек.  Али соңку алты жылдан бери Орусияда кафелерде жана соода борборлорунда иштей турганын... Читать дальше...

Волейбол: Азиянын аймактык чемпиону аталган курама команда Бишкекке кайтты

Azattyk.org 

Волейбол боюнча Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпиону наамына татыган Кыргызстандын курама командасы Бишкеккке кайтып келди. Чемпиондорду тосуп алуу салтанаты «Манас» аэропортунда өттү. Мелдештер Непалдын борбору Катманду шаарында өткөн. 24-августта финалдык беттеште Кыргызстан Өзбекстандын оюнчуларын 3:0 эсебинде жеңип чыккан. Ага чейин Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркмөнстандын курама командасын 3:0 менен утуп, тайпалык баскычтарда Непал менен Мальдив аралдарынын өкүлдөрүн уткан. Читать дальше...

Мушкер Тургунбеков Евразия бокс федерациясынын чемпиондук курун тагынды

Azattyk.org 

Кыргызстандык мушкер Эржан Тургунбеков бокс боюнча кесипкөй рингде Евразия кесипкөй бокс федерациясынын чемпиондук курун тагынды. Кесипкөй мушкерлер арасындагы «КовалевvsЯрд» деген аталыштагы мелдеш 24-августта Орусиянын Челябинск шаарында өттү. Мелдешти Орусиянын бокс боюнча кесипкөйлөр арасындагы бир канча уюму биригип өткөрдү. Эржан Тургунбеков IBF уюмунун алкагында беттеш өткөрдү. Анын атаандашы украиналык тажрыйбалуу мушкер Георгий Лашко болду. 10 раундга созулган беттештин жыйынтыгында... Читать дальше...

Арыс: Жарылуудан зыян тарткан үйдүн терезесинен эки жашар бала кулады

Azattyk.org 

Казакстандын Арыс шаарында июнь айындагы жарылуудан терезелери талкаланган үйдүн экинчи кабатынан кулап түшкөн наристенин абалын дарыгерлер оор деп жатышат. Учурда эки жашар Нурбакыт Жолдасбек Шымкенттеги балдар ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Баланын апасы Нуржанат Акбалаева «Азаттыкка» кырсык ишемби күнү болгонун, уулу айнектери сынып, жаңысы салына турган терезеден кулап кеткенин айтып берди. - Бир жума мурда жумушчулар талкаланган айнектерди чыгарып кетишкен. «Бул жакка кайта берсеңер болот» дегенинен көчүп келгенбиз... Читать дальше...

Алма менен чайдын дарылык жаңы касиети

Azattyk.org 

Киши Марска бир жолу гана уча алат. Бактериялар агымга каршы кантип сүзүшкөнү белгилүү болду. Эрендиктин Х хромосомасын У хромосомасынан бөлүп алуунун жаңы жолу. Алма жана чай өсмө шишиги менен жүрөк-кан тамыр дартынан сактайт.

Израил Ирандын Сириядагы объектилерине абадан сокку урду

Azattyk.org 

Израилдин авиациясы жекшембиге караган түнү Сириядагы Ирандын объектилерине абадан сокку урду. Бутага Дамасктын түштүк-чыгышындагы объектилер алынганын Израилдин Коргонуу армиясынын басма сөз кызматы кабарлады. Израилдик аскерлер «Ислам революциясынын сакчылар корпусу» деп аталган атайын бөлүктүн Ирандын сыртында жайгашкан объектилерине сокку урулганын кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, Иран ошол жактан учкучсуз башкаруудагы учактары менен Израилге чабуул коймок. Сириянын САНА маалымат... Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

«Посмотрите на губастых»: Розенбаум жестко высмеял любительниц пластики





Персональные новости
Ильхам Алиев

Бакинское время Москвы // Ильхам Алиев летит к Владимиру Путину искать общие ответы на внешние вызовы





Британия Перс булуңуна үчүнчү аскердик кемесин жөнөтүүдө

Azattyk.org 

Улуу Британия Перс булуңуна үчүнчү аскердик кемесин жөнөтүп жатканын билдирип, аны «чыңалуу өкүм сүрүп турган аймакта кеме кыймылынын эркиндигин коргоо» максаты менен түшүндүрдү.  Өлкөнүн коргоо министри Бен Уоллестин айтымында, дүйнөдөгү кеме кыймылынын эң маанилүү тилкелеринин бири болгон Ормуз кысыгына буга чейин эки кеме жөнөтүлгөн. АКШнын президенти Дональд Трамп соңку эки айда ири көлөмдө мунай ташылуучу бул кысыкта коммерциялык кемелер коргоого муктаж болуп жатканын айтып, Батыш өлкөлөрүнө, анын ичинде британ бийлигине кайрылган. Читать дальше...

Кыргыз волейболунун Азиядагы ийгилиги

Azattyk.org 

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатынын жеңүүчүсү болду. Финалдык беттеште курама команда Өзбекстанды 3:0 эсебинде жеңди. Мелдеш 19-24-август аралыгында Непалдын борбору Катманду шаарында өттү.

26-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

26-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34; Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35; Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25; Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12; Бишкекте түнкүсүн 14…16°, күндүз 32…34°;  Чолпон-Атада түнкүсүн 11…13°, күндүз 21…23° болот.

Спорт в России и мире
Москва

МФК «Динамо Пушкино» вошел в топ-8 команд Всероссийского футбольного турнира «Кубок Казани»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Вторая ракетка Казахстана опустилась в чемпионской гонке WTA


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

LG ЗАНИМАЕТ ЦЕНТРАЛЬНОЕ МЕСТО НА 37-М МЕЖДУНАРОДНОМ СИМПОЗИУМЕ И ВЫСТАВКЕ ЭЛЕКТРОМОБИЛЕЙ





Путин в России и мире
Москва

Владимир Путин поздравил ветеранов с 50-летием начала строительства Байкало-Амурской магистрали


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко ограничил выплату дивидендов гражданам недружественных стран




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский допустил, что Москва и Киев начнут мирные переговоры


Навальный в России и мире
Москва

Патриарх Кирилл запретил в служении священника, проводившего панихиду по Алексею Навальному



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Фрэнк Синатра

Леонардо Ди Каприо в роли Фрэнка Синатры



Москва

РИА Новости: замглавы МО Иванов не признает вину по делу о взяточничестве

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net