123ru.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 20.08.2019

Өзбекстан акча алмашуу курсун эркин койо берди

Azattyk.org 

Өзбекстандын Улуттук банкы 20-августтан тарта улуттук акча - сумдун чет өлкөлүк валютага карата алмашуу курсун эркин койо бергенин жарыялады. Башкы банктын билдиргенине караганда, мындан ары “экономикалык зарылчылыктан улам акчанын алмашуу курсун сатуучулар менен сатып алуучулар аныктайт”. Улуттук банктын чечиминен кийин сумдун арзандаганы байкалды. 20-августта бир доллар 9384 сум болуп, бир күн мурдагыга караганда 323 сумга арзандаган. 20-августтан тарта Өзбекстандын коммерциялык банктары да чет өлкөлүк валютаны сата башташты. Читать дальше...

Сот Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Сот 20-августтун кечинде Атамбаевди 7-8-августтагы кармоо маалындагы мыйзам бузуу боюнча адвокат Сергей Слесаревдин арызын карап, ушундай чечим чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» жактоочу өзү кабарлады:  - Сот муну кармоо эмес, мажбурлап жеткирүү деп эсептейт. Эгер андай болсо кармап келүү ишин аткарган жооптууларды чакырууну өтүндүк. Сот биздин өтүнүчтү канааттандырган жок. Биз соттун токтомуна каршы жогорку инстанцияга даттанабыз. Читать дальше...

Бабанов УКМКга сурак берди

Azattyk.org 

20-августта «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) беш сааттай сурак берип чыкты. Ал шайлоо маалындагы Он-Адырдагы билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары чакырылган. Саясатчы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ага козголгон иштер мыйзам чегинде жабыларына ишенерин айтты. Бабанов 19-августта «Кыргызстан» коммерциялык банкына байланыштуу кылмыш иши боюнча Финансы полициясына да күбө катары сурак берип чыккан.



Орусия: аскер базасындагы жарылуудан кийин токтогон эки станция иштей баштады

Azattyk.org 

Орусиянын Архангелск облусундагы Нёнокса аскердик полигонундагы жарылуудан кийин токтоп калган радиациянын деңгээлине байкоо жүргүзгөн эки станция кайрадан иштей баштады. Бул туралуу Өзөктүк куралдарды сыноого тыюу салуу жана аны көзөмөлгө алуу боюнча уюмдун аткаруучу катчысы Лассина Зербо «Твиттерге» жазды. 8-августтагы жарылуудан кийин өзөктүк сыноолорго байкоо жүргүзгөн эл аралык түйүндүн курамына кирген орусиялык төрт станция иштебей калганы кабарланган. «The Wall Street Journal» журналына... Читать дальше...

Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берип чыкты

Azattyk.org 

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) беш сааттай сурак берип чыкты. Ал шайлоо маалында Он-Адырдагы билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары чакырылган. Саясатчы сурак берип чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип, Он-Адырда элди бириктирүү максатында гана сөз сүйлөгөнүн айтты:  - Азыр сурак Он-Адыр боюнча эле болуп жатат. Ал эми «бийликти басып алууга аракет кылган» деген боюнча ага кандайдыр бир кадамдар, чакырыктар болуш керек. Читать дальше...

ИИМ: Карамушкина айткан жаран аңчылыкта каза болгон

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кой-Таштагы окуялар учурунда күч кызматкерлеринин ур-токмогунан каза болгонун айткан Миржан Курманбек уулу аттуу жигит тууралуу маалымат берди. Министрлик бул боюнча иликтөө жүргүзүп, 24 жаштагы Курманбек уулу Суусамыр өрөөнүндө, мергенчиликке барганда каза болгонун аныктады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Миржан Курманбек уулу 8-августта өзүнө катталган 12-калибрдеги курал менен атасынын атын алып, Суусамыр өрөөнүнө мергенчиликке чыккан. Читать дальше...

Иранда иттерге аяр мамиле кылууну талап кылган акция өттү

Azattyk.org 

Жаныбарларга аяр мамиле кылууну талап кылган активисттер Ирандын борбору Тегеранда нааразылык акциясын өткөрүштү. Мэриянын жанындагы иш-чара шаар бийлиги жолбун иттер сайылган уколдон кыйналып өлүп жатканы тартылган видео-сүрөттөрдү жарыялагандан кийин уюштурулган. Активисттердин айтымында, жолбун иттер кислота сайылып өлтүрүлгөн. 19-августтагы акцияда полиция бир канча кишини кармады. Иттердин таш боордук менен өлтүрүлүп жатканы тартылган видео-сүрөттөрдүн жарыяланышынан улам активисттер бийликти... Читать дальше...



Интернет-гиганттардын Гонконг боюнча кадамы

Azattyk.org 

«Твиттер» жана «Фейсбук» социалдык түйүндөрү Гонконгдогу нааразылык акцияларын бир тараптуу айыптаган, сындаган жүздөгөн аккаунттарды жана баракчаларды жабышты. Бул тууралуу аталган компаниялар дүйшөмбү кечинде билдиришти.

Казак өкмөтү кымбатчылыкты Орусиядагы инфляция менен байланыштырды

Azattyk.org 

Казакстанда сарымсак, картөшкө, күрүч жана биринчи сорттогу ундун баасы кымбаттады. Бул тууралуу 20-августта улуттук экономика министри Руслан Даленов айтты. Министрлик кабарлагандай, сарымсак 79 пайыз, картөшкө 32,9 пайыз, күрүч 23,8 пайыз, биринчи сорттогу ун 14,3 пайыз кымбаттаган. Министр азык-түлүктүн базар баасы менен дүкөндөрдөгү баасы кыйла айырма болуп жатканын да кошумчалады. Бийликтин маалыматына караганда, баа Нур-Султанда көбүрөөк кымбаттаганы байкалган. Соода жана интеграция министри Бакыт Султановдун сөзүнө караганда... Читать дальше...

Футболчу Алимардон Шукуров Түркиянын биринчи лигасында ойнойт

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Алимардон Шукуров Түркиянын биринчи лигасында ойногон «Болуспор» футбол клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы кабарлады.  Маалыматка караганда, Шукуров «Болуспор» футбол клубу менен эки жылга келишим түзгөн.  Учурда футболчу 20 жашта. Алимардон Шукуров - канттык «Абдыш-Ата» футбол клубунун тарбиялануучусу. Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн жана жаштардын курама командалардн катарында бир катар эл аралык мелдештерде ойногон. Читать дальше...

УКМК: Баабиев кастыкка жана зомбулукка ачык үндөгөн

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Фархат Баабиев аттуу жарандын сөздөрү боюнча лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын билдирди.  Мекеменин басма сөз кызматы Мамлекеттик соттук экспертиза кызматына таянып кабарлагандай, «Баабиевдин сөздөрүндө аймак аралык кастыкты козутууга, зомбулукка ачык чакырык камтылган. Иликтөөдөн өткөн текстте өлкөдө башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга алып келе турган чакырыктар бар экендиги аныкталган». Баабиев мурдагы президент... Читать дальше...

Ооганстандын эгемендигине 100 жыл

Azattyk.org 

Ооганстан эгемендикке ээ болгонуна 100 жыл толду. 1919-жылы оогандар Британияга каршы көтөрүлгөн. Бир нече аптага созулган согушта эки миңдей киши өлгөн. 8-августта Британия менен Ооганстан Равалпинди тынчтык келишимине кол коюшкан.

Иорданиянын парламенти сионист режиминин элчисин өлкөдөн чыгарууну талап кылды

Ca-irnews.com (kg) 

Иорданиянын парламенти жыйын өткөрүп, анда өлкөнүн өкмөтүнөн сионист режиминин өлкөдөгү элчисин Омандан чыгарып салууну жана Тель-Авивден өлкөнүн элчисин чакырып алууну талап кылышты.

Жээнбеков банктарды аймактык ишкерлерди кызуу колдоого чакырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков насыя берген мекемелерди аймактарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды. Бүгүн мамлекет башчысы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Кепилдик фондунун», «Айыл Банктын» жана «РСК Банктын» жетекчилерин кабыл алды. - Өлкөнүн негизги финансы институттары болгон сиздер аймактардын, айылдарыбыздын өнүгүшүнүн кыймылдаткычы болуп эсептелесиздер. Аймактык ишкерлерди колдоп, алардын долбоорлорун жигердүүрөк каржылагыла, - деди Жээнбеков. Ошондой эле ал жаӊы ишкерлердин «старт-ап» долбоорлорун каржылоо... Читать дальше...

Чырдан улам токтогон Бишкек-Дели авиакаттамы кайра ишке кирди

Azattyk.org 

22-августтан тартып Бишкек-Дели-Бишкек багытында кайрадан учак каттай баштайт. «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, каттамды дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү «Avia Traffic» компаниясы «Boeing 737» учагында аткарат. Индия менен Пакистандын аба мейкиндигине байланыштуу чырдан улам 2019-жылдын февралында каттам токтотулган. Ага Исламабад өз аймагынан Индияны көздөй учкан учактарга тыюу салганы себеп болгон. «Avia Traffic» компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров «Азаттыкка» азыр андай тыюу жок экенин... Читать дальше...


Музыкальные новости
Моргенштерн

Моргенштерн* назвал близкого друга «чертом» и позвал его на стрим





Персональные новости
Александр Бастрыкин

Бастрыкину доложат о деле хирурга, который мог калечить пациентов





Тажикстандын Улуттук банкы доллардын баасын көтөрдү

Azattyk.org 

Тажикстанда 20-августта эртең менен доллардын курсу дароо көтөрүлдү. Эгер 19-августта бир доллар 9 сомони 43 дирам болуп жатса, 20-августта эртең менен 9 сомони 70 дирамга чыккан. Ошондой эле евронун куну да жогорулады. Ал буга чейин 10,45 сомони болуп жатса, бүгүн 10,77 сомони болду. Тажикстандын Улуттук банкы өз кадамын расмий курс менен көмүскө базардагы курстун айырмачылыгын азайтуу максаты менен түшүндүрүүдө. Расмий курс менен мыйзамсыз акча алмаштыруучу жайлардагы курстун айырмачылыгы 2,8%, чейин жеткен. Читать дальше...

«Росинбанктын» аталышы «Керемет банк» болуп өзгөрдү

Azattyk.org 

«Росинбанктын» аталышы «Керемет банк» болуп өзгөрдү. Мындай чечим 16-августта акционерлердин жыйынында кабыл алынганын аталган банктын кызматкерлери жана Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиришти. Банктын акцияларынын 85 пайызы Улуттук банкка таандык. Андан тышкары, Мамлекеттик мүлк фондунун жана жеке тараптардын да үлүштөрү бар. Кезинде өлкөдөгү эң ири банктардын бири болуп саналган «Азия Универсал банк» 2010-жылдан кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, «Залкар Банк» болуп кайра түзүлгөн. Читать дальше...

Бишкекте ишкерлерди тоноп кеткендер изделүүдө

Azattyk.org 

Бишкек шаарында кытайлык ишкерди жана анын эки кыргызстандык шеригин тоноп кеткендерди милиция издеп жатат. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 19-августта Келечек конушунда беткапчан белгисиз адамдар алардан болжол менен 300 миң доллар алып кетишкен.  Айрым маалымат булактары кылмышка шек саналгандар BMW автоунаасында келип, ишкерлер бараткан «Лексусту» токтотуп, акчаны алып кетишкенин жазышты.  Окуянын чоо-жайын Свердлов райондук милициясы териштирүүдө. (SE)

Орусиянын 23 жаштагы жараны «терроризмди жайылткан» деп соттолду

Azattyk.org 

Орусиянын 23 жаштагы жараны «Интернетте терроризмди жайылткан» деп беш жылга соттолду. Сот ага эки жыл Интернетти колдонууга да тыюу салды. Тергөө комитетинин маалыматына караганда, Сибирдеги Томск шаарынын тургуну радикал исламдын жактоочусу болгон жана «ВКонтакте» социалдык тармагында жалган ат менен кирип алып, Орусиядагы террористтик аракеттерге колдоо көрсөтүп турган. Укук коргоо органдары бул жарандын атын ачык айткан жок. Бирок орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары ал Казакстандын жараны Илья Калиниченко экенин... Читать дальше...

Бабанов: Курчуп турган кырдаалды токтотуш үчүн келдим

Azattyk.org 

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов дээрлик эки жылдан кийин мекенине кайтып келишинин себебин саясатка кайтуу эмес, «кырдаалды токтотуу» аракети менен байланыштырат. Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кирип баратып журналисттердин суроолоруна жооп берип ал «7-8-августта Кыргызстанда курчуп турган кырдаал» тууралуу айтты: - Кырдаал курчуп турганда токтотуш үчүн учуп келдим. Күч органдарынан бирөө кайтыш болуп, жөнөкөй жарандардан көбү жарадар болду. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Наследие «Игр будущего»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Андреева победила Подороску на старте турнира WTA в Руане


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Брянский путешественник Игорь Шпиленок подготовил отчет о далекой экспедиции





Путин в России и мире
Москва

Рязанские дизайнеры представили свой бренд одежды на модном показе Estet Fashion Week


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

У помощника Лукашенко по общим вопросам нашли три квартиры в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певица Натали Орли: как научиться правильно дышать



Москва

Коммунальщики Москвы перешли на круглосуточное дежурство из-за непогоды

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net