123ru.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 24.08.2019

Лейлекте чек арада чыккан чырдан эки адам жараат алды

Azattyk.org 

Лейлек районунда чек арага жакын айылда 24-августта чыккан чырдан кыргызстандык эки жаран жабыркады.  Бул тууралуу Лейлек районунун администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавадинов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, чек арага жакын Борбордук айылынын тургуну чарбагына тосмо куруп жаткан учурда отузга чамалуу тажик жараны таш ыргыткан. Окуяны жөнгө салуу үчүн барган милиция кызматкерине таш тийип, ооруканага жеткирилди. Андан башка дагы бир кыргыз жараны жараат алган. Кыргыз тараптан эл чогулган эмес. Читать дальше...

Караматтын тандыры

Azattyk.org 

Базар-Коргон районунун Карача айылынын элүү жаштагы тургуну Карамат Токторалиева балдары менен бирге жаңы кесипти өздөштүрдү. Ал тандыр жасоонун сырын үч жыл мурда үйрөнгөн. Былтыр сезондо 3 миң даана тандыр жасап, миң сомдон баштап эң чоңун 15 миң сомго чейин сатып үлгүрдү. Жакындан тартып ал жасаган тандырлар Орусияга жана Казакстанга ташыла баштады.



Курсан Асановдун ишине байланыштуу ИИМ кызматкери камалды

Azattyk.org 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишинин алкагында министрликтин кызматкери кармалды. Ал кылмышка катышкан деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн 24-августта “Азаттык” радиосуна Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова билдирди: - Аскер прокуратурасы ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун мыйзамсыз аракеттери боюнча жазык ишин тергеп жатат. Ошол иштин алкагында Атамбаевдин тарапташтарына мыйзамсыз өткөрүлүп берилген буюмдар, документтер боюнча шектүү катары Пайзылда уулу Дамирбек кармалып... Читать дальше...

Орусия баллистикалык эки ракетасын учурду

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги "Синева" жана "Булава" деп аталган баллистикалык ракеталарын сыноо иретинде учурду. Ракеталар суу алдындагы атомдук "Тула" жана "Юрий Долгорукий" кемелеринен учурулганы тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына жарыяланды. Анын алдында орус президенти Владимир Путин Америка Кошмо Штаттарында "Томагавк" канаттуу ракетасынын жер үстүндөгү варианты учурулганына "симметриялык жооп" болорун убада кылган. Түндүк Муз океанынан жана Баренц деңизинин акваториясынан учурулган... Читать дальше...

25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

25-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32; Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34; Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23; Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12 градус болот. Читать дальше...



Эмил Шүкүровдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат

Azattyk.org 

Белгилүү эколог Эмил Шүкүровдун тажиясы 25-августта Кыргыз академиялык драма театрынын имаратында өтөт. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Бул маалыматты анын жакындары ырасташты. Эмил Шүкүров 1938-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетин биолог-зоолог адистиги боюнча, Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн. Узак жылдар бою Кыргыз микробиология жана гигиена институтунда эмгектенип, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. География илимдеринин доктору, биология илимдеринин кандидаты даражасын коргогон. Читать дальше...

Баткенде интернетке туташа элек эки гана мектеп калды

Azattyk.org 

Баткенде 235 мектептин 233үнө интернет жеткирилди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, облустагы алыскы, мүмкүнчүлүгү жок болуп турган Зардалы жана Көтөрмө айылдарындагы эки мектепке гана интернет жете элек. 233 мектептен тышкары 10 бала бакча да интернетке туташтырылды. Мындан тышкары, аймакта мектеп жамааттары менен макулдашуунун негизинде 1-сентябрдан тартып 58 орто мектеп “Акылдуу мектеп. Смарт мугалим” долбоору боюнча иштей баштайт. Читать дальше...

Беларус АКШдан мунай сатып алуу жолдорун караштыра баштады

Azattyk.org 

Беларус АКШдан чийки мунай сатып алып, Батыш менен мамилесин жакшыртууга умтулат. “Азаттык” радиосуна маалым болгондой, алгачкы жолу белорус бийлиги энергоресурстарга бай коңшусу Орусиядан башка да багыттарды караштырып көрүүнү чечти. Бул өлкөнүн "Белнефтехим" улуттук мунай концерни менен байланышы бар мамлекеттик мунай компаниясы Вашингтондо санкциялар боюнча АКШ өкмөтү менен сүйлөшүүлөрду жүргүзүү үчүн консультант Дэвид Женкареллини жалдаганы маалым болду. Женкарелли компанияга АКШнын казыналыгынан “чийки мунай сатып алып... Читать дальше...

Мушкерлердин чырына ТИМ аралашты

Azattyk.org 

Кыргызстандагы кулатуу-эр таймаш мелдешинен кийин өзбекстандык спортчу Нурсултан Рузибоев тараткан видеокайрылууну эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери талкуулап, калыс териштирүүнү макулдашты.

Волейбол: Кыргызстан Азиянын аймактык чемпиону аталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпиону аталды. Финалдык беттеште курама команда Өзбекстанды 3:0 эсебинде жеңди. Мелдеш ушул тапта Непалдын борбору Катманду шаарында өтүп жатат. Буга чейин Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркмөнстандын курама командасын 3:0 менен утуп, тайпалык баскычтарда Непал менен Мальдив аралдарынын курама топторун жеңген. Быйыл бешинчи жылы уюштурулган Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатына жети курама команда катышып... Читать дальше...

Ирандын “Grace 1” танкери Түркияны көздөй бет алды

Azattyk.org 

Ирандын туусу алдында Жер ортолук деңизде сүзүп бараткан мунай ташуучу кеме багытын өзгөртүп, Түркиянын Мерсин портун көздөй бет алды. Бир нече аптадан бери Америка Кошмо Штаттарынын көзөмөлүндө болуп келе жаткан “Adrian Darya 1” танкеринин экипажы мурда “Grace 1” деген ат менен белгилүү болчу. Учурда кеме Сицилия жарым аралынын түштүк жагына келип калды. Мерсин - Түркиянын түштүгүндөгү мунай терминалы бар порт. Андан болжол менен 200 чакырым аралыкта Сириянын Банияс мунай кайра иштетүүчү заводу жайгашкан. Читать дальше...

Дарагын көбөйткөн дарыга күнү түшпөйт…

Azattyk.org 

Бишкекте “Кара жыгач токою – Экологиялык парк” аттуу фестиваль өттү. Борбор Азиядагы Америка Университети, Бишкек мэриясы жана Кыргыз-Француз экотуризм биримдиги уюштурган иш-чара быйыл экинчи жолу өтүп жатат. Бул демилге климаттын өзгөрүшүнө каршы БУУнун конференциясынын долбоору катары, Франциянын экология министрлигинин эн белгисин (лейбл) алган.

Чолпон-Атада эл аралык шахмат турнири жыйынтыкталды

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарында 18-23-август күндөрү өспүрүмдөр жана чоңдор арасында эл аралык шахмат турнири өттү. Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылышында депутат болгон Улан Чолпонбаевдин элесине арналган мелдешке Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 100дөн ашык оюнчу катышты. Жеңүүчүлөр медал, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Уюштуруучулардын белгилешинче, турнирге Өзбекстандын өкүлү, Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) кеңешчиси, эл аралык орбитр Хусан Турдалиев катышканы сыймык болду. Читать дальше...

Кытай: Аймакты турукташтыруу үчүн Иран менен кызматташууга даярбыз

Ca-irnews.com (kg) 

Кытайдын тышкы иштер министри басма сөз өкүлү жума күнү маалымат жыйынында өлкөсүнүн аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу үчүн Иран менен кызматташууга даяр экенин билдирди.


Музыкальные новости
Сергей Брановицкий

Создание материалов для ПРЕЗЕНТАЦИИ идеи Краудфандингового проекта, или для Спонсорской Презентации.





Персональные новости
Сбер

Сбер собирает волонтёров на весенние «Чистые игры»





Навальный: Нааразылык толкуну күчөй берет

Azattyk.org 

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный бул өлкөдөгү “режимге каршы нааразылык толкуну күчөй берет" деп эсептейт. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. - Коркутуу жана террорго карабастан нааразылык акциялары күчөй береринен күмөнүм жок, -деди ал дээрлик бир ай камакта отуруп чыккандан кийин. Июль айынын соңунда Навальный "коомдук иш-чараны өткөрүү эрежелерин кайталап бузганы" үчүн 30 суткага Москвада полициянын атайын кармоочу жайына камалган. Ал... Читать дальше...

"Чоң жети" Францияда саммитке чогулууда

Azattyk.org 

“Чон жети” (G7) уюму Ирандын өзөктүк программасын жана Орусиянын бул уюмга кайра кайтуу ыктымалдыгын талкуулоо үчүн Франциянын түштүгүндөгү Биарриц шаарчасында саммитке чогулууда. Жыйынга АКШ президенти Дональд Трамп жана Улуу Британиянын жаңы премьер-министри Борис Жонсон катышат. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Кошмо Штаттардын президенти саммит жемиштүү болоруна үмүттөнөрүн айтты. Ошондой эле ал француз бийлигин Google жана Facebook компанияларына карата сатуудан түшкөн салык системасын киргизбөөгө чакырды. Читать дальше...

1-сентябрга карата 660 мектеп интернетке туташтырылат

Azattyk.org 

Быйыл жаңы окуу жылынын башталышына карата Кыргызстанда 660 мектеп интернетке туташтырылат. Бул тууралу Ысык-Көлдө өтүп жаткан мугалимдердин август кеңешмесинде маалым болду. Билим жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2016-2017-жылы 775, ал эми 2018-2019-жылы 613 мектеп өкмөттүн эсебинен глобалдык желеге кошулган. Бирок министрлик айрым мектептерде маселе толук чечиле электигин белгилөөдө "Алардын ичинен мектеп интернетке туташканы менен компьютерлери жок болгондору да бар" деди министр Гүлмира Кудайбердиева. Читать дальше...

Таластын тургуну дүкөнүн китепкана кылды

Azattyk.org 

«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында Таластын Кара-Буура районуна караштуу Манас айылында жаңы коомдук китепкана ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, жергиликтүү активисттер миңге жакын жаңы китеп чогултушкан. Анын баары эми бир жерде сакталат. Китепкана үчүн жайды айыл тургуну Төрөбек Солтонкулов бөлүп берди. Буга чейин ал жер чакан дүкөн болчу. «Бир адамдан бир китеп» долбоорун 2019-жылдын башында жаш муун өкүлдөрү Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу түзүп... Читать дальше...

Беш жылда 20 завод курган "Агрогоризонт" долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда “Агро горизонт” долбоорунун беш жылдык ишинин жыйынтыгы чыгарылды. АКШнын USAID өнүктүрүү агенттигинин колдоосу менен ишке ашырылган айыл чарба долбоорунун алкагында 20 завод курулуп, кайра иштетүү багыты жөнгө салынганы 23-августта өткөн жыйында айтылды. Беш жыл аралыгында 1400 туруктуу жумуш оруну ачылып, жеке капиталдык салымдардын суммасы 66 миллион долларга жетти. Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында атайын кампалар ачылды. Жыйынга катышкан Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Парашютный Фестиваль «Небофест 2024» состоится 26 мая в Нижнем Новгороде


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Циципас вышел на 12-е место в ATP по призовым за карьеру. Он заработал $30 млн


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об улучшении экологической обстановке в Севастополе 





Путин в России и мире
Москва

Эксперт: Путин запустит массовую чистку элиты только в одном случае


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко подписал указ по реализации до 2028 года нового с РФ проекта в сфере космоса




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленского выпороли ультиматумом: США жестко ответили на наглость и поучения Киева


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Волочкова

Анастасия Волочкова рассказала о состоянии отца после инсульта



Москва

Песков: для России главный праздник - это День Победы, а не высадка в Нормандии

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net