123ru.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 17.08.2019

Батукаевдин иши: Ирина Цопова үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу камакта жаткан дарыгер Ирина Цопова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди. Цопова Батукаевдин кайра жандандырылган иши боюнча май айында камакка алынган. Кримтөбөлдүн абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болуп жалпысынан онго жакын адам шектелүүдө. Алардын ичинен мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева менен экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов... Читать дальше...

Москвада таза шайлоо үчүн акция өтүп жатат

Azattyk.org 

Москва шаарынын Сахаров проспектисинде бүгүн, 17-августта Орусиянын коммунисттик партиясынын (КПРФ) таза шайлоо үчүн митинги башталды. Уюштуруучулар акцияга 60 миң киши катышарын маалымдашкан. «Белый счетчик» эркин мониторинг бирикмесинин маалыматы боюнча мындан туура бир жума мурун өткөн нааразылык акцияларга 60 миң адам чогулган. Бирок орус полициясы 10-августта 20 миңдей гана киши көчөгө чыкканын билдирген. Сахарова проспектисинде бийлик уруксат берген митингге Москва убактысы боюнча түшкү саат бирде 4 миңден ашык адам келди. Читать дальше...



Карамушкина: КСДП «Форумдагы» кеңсесинде иштеп жатат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина «Азаттыкка» комментарий берип жатып билдирди. Ал КСДП Кыргызстандын «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамына ылайык иш жүргүзөрүн жана «Медиа Форум» ишканасында жайгашкан кеңсесинде иштей турганын айтты. «КСДП «Медиа Форум» ишканасынан кеңсени ижарага алып иштейт. «Форум» камакка коюлуп, Алмазбек Атамбаевге карата иликтөө иштери жүрүп жатканы менен партиянын кеңсесин камакка коё алышпайт. Читать дальше...

Украинада мейманканада чыккан өрттөн сегиз киши өлдү

Azattyk.org 

Украинанын Одесса шаарында 17-августтун кечинде жеке менчик мейманканадан чыккан өрттөн сегиз киши каза болду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы 10 адам куткарылганын билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, өрт түн жарымында тутунган. Азырынча анын келип чыгуу себептери жана өрт чыккан учурда мейманканада канча киши болгону айтыла элек. Өрт чалган "Tokyo Star" отели 273 бөлмөдөн турат. Миң чарчы метрге жайылган өрт үч сааттын ичинде өчүрүлгөн. Кырсык боюнча иликтөө иштери башталды. Читать дальше...

18-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

18-августта кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 19-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31; Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32; Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11... Читать дальше...

ИИМ: Сейитбек Атамбаевге тиешелүү ири суммадагы каражат табылды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын Бишкектеги үйүн тинтүүдө Сейитбек Атамбаевге тиешелүү ири суммадагы каражат табылганын билдирди. Бүгүн, 17-августта мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ишинде 9-августка караган түнү соттун чечими менен Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын үйү тинтүүгө алынган. Анда Атамбаев 8-августта таштап кеткен сумкадан 170 миң сом жана адамдардын аты-жөнү... Читать дальше...



Түшкү Азаттык

Azattyk.org 

"Азаттык үналгысынын" бул түш жаңы оогон учурдагы берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 13:00дөн 13:30га чейин обого чыгарылат.

Кожомкул атындагы спорт ордосу оңдолуп жатат

Azattyk.org 

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосун оңдоо иштери 14-августта башталды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, спорт ордосун оңдоого жергиликтүү курулуш компаниялардын бири демөөрчү болуп жатат. Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө имараттын концерттик залындагы эски 2200 отургуч жаңысына алмаштырылып, залдын шыбы жана полу оңдолот. Андан тышкары спорт ордосунун фойесине кыргызстандык спортчулардын портреттери илинет. Читать дальше...

«Апа, мен жеңеме үйлөнгүм келбейт»

Azattyk.org 

Секелек кыздарды күйөөгө берүү кадыресе көрүнүшкө айланган Ооганстанда өспүрүм балдар өзүнөн бир топ улуу аялдарга үйлөнүүгө мажбур. Буга согуш баскан өлкөдөгү жакыр турмуш түрткү болууда.

Анаркулова күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан кыз Нураида Анаркулова ушул күндөрү Эстониянын борбору Таллин шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун сайтында жазылгандай, Анаркулова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 57 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты. Алгачкы беттешинде жапониялык Акие Ханайга жеңилип, бирок атаандашы финалга чыкканына байланыштуу Анаркулова коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Коло байге үчүн болгон биринчи беттешинде болгариялык Таня Теневаны... Читать дальше...

Буту жок төрөлгөн казакстандык Али атактуу футболчу Салах менен ойноду. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Казакстандык өспүрүм Али Турганбеков белгилүү футболчу Мохаммед Салах менен топ ойноп, андан тышкары, Диего Марадона, Лионель Месси өңдүү атактуулар менен көрүшкөн.

Автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо иши жандандырылды

Azattyk.org 

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 15-августтан тарта тыюу салынган жерге жана жолдо жүрүүгө тоскоолдук жаратып токтотулган автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо иштерин жандандырды. Бул иштер өкмөттүн 2017-жылдагы «Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду колдонуу» боюнча токтомунун негизинде ишке ашырылат. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, айдоочу машинесин тыюу салынган жерге токтотуп же автоунаасы авариялык абалга... Читать дальше...

Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манас Арабаевдин көрсөтмөсүнүн жана башка далилдердин негизинде мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду.

Ысык-Көл районунда катуу сел чоң жолду жууп кетти

Azattyk.org 

Тоо боорунан агып түшкөн жаандын суулары Чырпыкты айылындагы 9 үйдүн короосун каптап кетти. Андан тышкары Кош-Көл айылындагы чоң жолдун жээгин суу жууп кеткен. Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиевдин маалыматына караганда, бүгүн таңкы саат 04:30дан бери калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Район башчысынын айтымында, жеринде жол тейлөө кызматы, айыл өкмөт кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери, жергиликтүү тургундар жана райондук администрациянын кызматкерлери иштеп жатат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Comedy Club

Турбо из «Слова пацана» раскрыл правду о личной жизни на съёмках Comedy Club





Персональные новости
Спорт

РМОУ презентовал издательский проект «Притяжение Сочи» на форуме «Мы вместе. Спорт»





Жеңиш Разаков «Азия Ньюс» гезитин сотко берди

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «ар-намысыма шек келтирди» деп кадыр-баркын коргоо үчүн «Азия Ньюс» гезитин сотко берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Разаков «басылма Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси бар делген анык эмес маалыматты жарыялаган» деп, гезитти 10 миллион сом доого жыгууну көздөп жатат. «Азия Ньюс» вице-премьер-министрдин арызы боюнча азырынча комментарий бере элек. Ушул тапта Октябрь райондук сотунда аталган гезит менен ички иштер... Читать дальше...

Абдрахманов: Кой-Таш окуяларына катышкан КСДПнын мүчөлөрү партиядан чыгарылат

Azattyk.org 

Сагынбек Абдрахманов ал жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү (КСДП), Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, Карамат Орозованы, Мурадыл Мадеминовду жана Анвар Артыковду Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу КСДПнын катарынан чыгаруу демилгесин көтөрүп жатканын билдирди. Анын «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, мындай сунуштар Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жер-жерлердеги баштапкы уюмдун мүчөлөрүнөн келүүдө. «Төңкөрүш кылабыз» деп киши өлтүрүүгө аракет кылып... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Baza: пистолет нашли в машине вице-президента федерации бокса Ингушетии


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Хачанов объяснил, почему снялся с турнира ATP 500 в Барселоне


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Прием заявок на участие в конкурсе на лучшее путешествие по Дальнему Востоку начнется в мае





Путин в России и мире
Москва

Путин 22 апреля проведет в Москве переговоры с президентом Азербайджана Алиевым


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

В Москве арестован на пять суток историк-публицист Сергеев за пост памяти Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Концерт в честь Дня труда прошел в Красногорске



Москва

В Москве почтили память Гаджи Зейналабдина Тагиева

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net