123ru.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 13.08.2019

ИИМ: Курсан Асанов пиар менен алектенген

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) министрдин орун басары Курсан Асановдун кызматтан бошотулушунун себептери тууралуу кененирээк түшүндүрмө таратты.  Билдирүүдө айтылгандарга караганда, Кой-Таштагы окуялардын жүрүшүндө мурдагы президент жана анын тарапташтары менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев эки жолу сүйлөшүүнү жүргүзгөн, анда Алмазбек Атамбаевдин кан төгүлбөстөн колго түшүп бериши керек экендиги жана бардык маселелер укук талаасында чечиле тургандыгы баса белгиленген. Атамбаев сүйлөшүүнүн шарттарына макул болбой... Читать дальше...



Президент шайлоо боюнча мыйзамдар топтомуна кол койду

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдар топтомуна кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады. Кабыл алынган мыйзамдар Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган жана бир нече мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Алардын ичинде президентти, парламентти шайлоо, референдум жөнүндө, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу... Читать дальше...

Күч түзүмдөрү маалымат берди

Azattyk.org 

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата Кылмыш кодексинин “Адам өлтүрүү”, “Куралды мыйзамсыз жүгүртүү”, “Массалык башаламандыктарык уюштуруу” сыяктуу бир нече оор беренелери менен кылмыш ишин ачты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Атамбаев төңкөрүш жасоо үчүн кан төгүүгө даярданган деп тыянак чыгарууда. Ушул жана башка маалыматтарды Башкы прокуратуранын, Коопсуздук комитетинин жана Ички иштер министрлеринин жетекчилери 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча уюштурган басма сөз жыйыны аркылуу таратышты. Читать дальше...

Дмитрий Ложников УКМКга чакырылды

Azattyk.org 

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) маектешүүгө чакырылды. Бул тууралуу ал өзү телеканалдын сайтында жарыялады. Андагы тасмада Ложников атайын кызматтын имаратынын алдында туруп, сүйлөп жатканы көрсөтүлгөн. - Мага УКМКнын кызматкери чалып маектешүүгө келип кетүүмдү сунуш кылышты. Чакыруу кагазы келген жок. Мага "бул сурак" деп айтышкан жок. Баарлашуу гана экен. Алар мага окуянын чордонунда жүргөнүмдү, ошондуктан көргөн-билгенимди айтып беришим керек экенин билдиришти. Читать дальше...

Курсан Асанов: мага эч кандай айып коюлган жок

Azattyk.org 

«Милициянын кызыкчылыгын саткан» деп кызматтан алынган ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов ИИМдин ички иликтөө кызматынын ага карата чечими боюнча «Азаттыкка» кыскача комментарий берди. - Буюрса баары жакшы болот. Мен колумдан келгенди кылдым. Мага эч кандай айып коюлган жок. Башка комментарий бере албайм. Мен эч нерсе менен таанышкан жокмун, - деди Асанов. Бүгүн, 13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Асановду кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койгон. Читать дальше...

Алматы-Бишкек кан жолундагы кырсыкта беш киши каза болду

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы облусунда 13-августта эртең менен Алматы-Бишкек кан жолунун 84-чакырымында авария болду.  Облустук полициянын маалыматына караганда «Mazda-626» үлгүсүндөгү машине менен «Shacman» үлгүсүндөгү жүк ташыган машине кагылышкан. Натыйжада жеңил машинедеги айдоочу баштаган беш адам ошол жерден мүрт кеткен. Дагы үчөө жаракат алып, Жамбыл районундагы ооруканага жеткирилди. Өлгөн адамдардын үчөө жаш балдар экени маалым болду.  Жол кырсыгына кабылгандардын тек-жайы тууралуу маалымат бериле элек. Читать дальше...



Генерал Асанов кызматтан бошотулду

Azattyk.org 

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кызматынан бошотулду. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда милициянын кызыкчылыгын саткан деген кинеге кабылууда.

ИИМдин орун басары болуп Памирбек Асанов дайындалды

Azattyk.org 

Памирбек Асанов ички иштер министринин (ИИМ) орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-августта кол койгонун ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операцияларына катышкан ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов «милициянын кызыкчылыгын саткан жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталды» деп кызматынан бошотулду. Мындай чечимди Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы чыгарып... Читать дальше...

Түркия: консулдук төлөмгө нааразы мигранттар

Azattyk.org 

Түркиядагы кыргыз жарандарынын консулдук төлөмдөрдү азайтууга байланыштуу суроо-талаптары социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Алар жаңы паспорт жана балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк үчүн төлөнчү акы көп дешет.

Мелис Калыков ачкачылык жарыялады

Azattyk.org 

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү үчүн айыпталып жаткан Мелис Калыков 9-августтан бери ачкачылык кармап жатат.

Уильям Бимен: Перс булуңунун коопсуздугун аймактагы өлкөлөр өздөрү көзөмөлдөшү керек

Ca-irnews.com (kg) 

Миннесота университетинин профессору Перс булуңундагы мамлекеттер аймактагы өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн өз күчтөрүн жана коргоо уюмдарын түзүүсү керек деп "Fars News" агенттигине берген маегинде билдирди.

Саясий кырдаал: Атамбаевдин айыбы

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таштагы окуялар боюнча адам өлтүрүү баштаган бир нече айып тагылды. Ал эми мурдагы президенттин жакындары соңку кырдаалды бийликтин чагымы деп баалады. Ал ортодо Кой-Таштагы абал боюнча бир нече адам суракка чакырылууда. Кыргызстандагы окуялар мындан ары кандай өнүгөт жана кандай тобокелчиликтер бар? Бул суроону “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, “Алфа-Антитреррор” уюмунун төрагасы, коопсуздук кызматкери Артур Медетбеков... Читать дальше...

Интернеттин кыныгын алган ырчылар

Azattyk.org 

Кыргызстанда Интернет аркылуу таанылган өнөрпоздордун катары калыңдады. Алардын ичинде миллиондогон катталуучуларга ээ болуп, аалам тордон акча таба баштагандар да бар.

Курсан Асанов «милициянын кызыкчылыгын саткан» деп кызматтан бошотулду

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ички иштер министринин (ИИМ) орун басары Курсан Асанов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта «Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү» деп айтылат. Читать дальше...

Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берип чыкты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн, 13-августта Ички иштер министрлигине (ИИМ) сурак берип чыкты. Ал 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча суракка алынганын, тергөөнүн ага карата дагы суроолору болсо келип көрсөтмө берүүгө даяр экенин айтты. Сегизбаев Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу 11-августта суракка чакырылган. Ал 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча УКМКнын биринчи операциясы учурунда бутунан жаракат алганын билдирип келет. Читать дальше...

Париж терактысына шектүүгө Брюсселдеги кол салуу боюнча да айып коюлду

Azattyk.org 

Белгиянын Федералдык прокуратурасы Салех Абдесаламга 2016-жылы Брюсселдеги аэропорттогу жана метронун станциясындагы куралдуу кол салуу боюнча айып койду. Бул кандуу окуяларда 32 адам өлүп, дагы 340 киши жарадар болгон. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук уюму алган. Буга чейин Салех Абдесаламга Франциянын Париж шаарындагы 2015-жылы ноябрдагы террордук чабуулдарга байланыштуу айып коюлган. Анда 130 адам өлүп, ондогон киши жабыркаган. Ушул жылдын апрель айында Белгияда сот... Читать дальше...

Казакстан: тоо-кен ишканасындагы чатак иликтенип жатат

Azattyk.org 

Казакстандын Караганда облусунда жайгашкан Жайрем тоо-кен байытуучу комбинатындагы 12-августтагы мушташ боюнча тергеп-иликтөө башталды. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, чатакта бир топ чет өлкөлүк жумушчулар жеңил жараат алды. Караганданын полициясы учурда жагдай көзөмөлдө экенин билдирди, бирок жаңжалдын себеби тууралуу маалымат берген жок. «Азаттыктын» казак кызматына атын атабоону өтүнгөн айрым жеригиликтүү тургундар чыр чет өлкөлүк жумушчунун жылаңач кыз менен түшкөн сүрөтүнө байланыштуу чыгышы мүмкүн экенин айтып беришти. Читать дальше...


Музыкальные новости
Фрэнк Синатра

Леонардо ДиКаприо может сыграть Фрэнка Синатру в новом байопике Мартина Скорсезе





Персональные новости
Эвелина Блёданс

Звезды шоу-бизнеса Эвелина Бледанс, Костя Дзю, Катя Лель, Катя Гордон примут участие в церемонии награждения премии «PERSONO года 2024»





Атамбаевди кайтарган УКМКнын эки кызматкерине юридикалык баа берилет (видео)

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган эки кызматкеринин иш-аракетине юридикалык баа берилет. Бул тууралуу УКМКнын Иликтөө башкармалыгынын орун басары Сагынбек Самидин уулу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты. Ал Атамбаевге бөлүнгөн эки кызматкер мыйзам боюнча мурдагы президентти коргошу керек экенин, бирок Атамбаевди кармоого барган УКМКнын жоокерлеринин буйругуна баш ийүүгө милдеттүү болгонун билдирди. Читать дальше...

Зеленский орусиялыктарга украин жарандыгын алууну жеңилдетти

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский 13-августта украин жарандыгын жөнөйлөштүрүлгөн жол менен алуу тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин расмий сайтына жарыяланган документке ылайык, мындай жол менен жарандыкты Орусияда «саясий көз караштары үчүн куугунтукталган жарандар» алса болот. Ошондой эле Украинаны коргоого катышкан, анын улуттук коопсуздугун сактоого көмөктөшкөн чет өлкөлүктөргө же жарандыгы жок адамдарга да берилет. Мындан бир канча саат мурун Орусиянын президенти Владимир Путин... Читать дальше...

Орусия: жарылуу курал сыноону токтотпойт

Azattyk.org 

Орусиянын Росатом мамлекеттик корпорациясынын башчысы өткөн жумадагы Архангелск облусунун Ненокса аскер полигонунда болгон жарылууга карабастан жаңы үлгүдөгү куралдарды сыноо уланарын билдирди.

Тоолуу Бадахшанда тажик-кытай аскерлери машыгып жатат

Azattyk.org 

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда 13-августта Тажикстан менен Кытайдын аскерлеринин жалпы машыгуусу башталды. Расмий Дүйшөмбүнүн билдиргени боюнча, анын максаты террорчулардын чабуулунун биргелешип алдын алуу болуп саналат. Анда танктар жана артиллерия, мотоаткычтар бөлүмү катышып жатат. Тажикстандын Коргоо министрлиги билдиргендей, машыгуу 14-августта аяктайт. Машыгууга Кытай тараптан канча аскер катышып жатканы жана кандай аскердик техника келгени маалымдалган жок. Ушундай соңку жалпы машыгуу 2016-жылдын аягында да өткөн. Читать дальше...

Момбеков: Атамбаевдин ишинде парламент чагымчылдык кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талбайт» телеберүүсүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кырдаалга Жогорку Кеңеш жол ачып, чагымчылдык кылганын айтты:  - Конституциянын 69-беренесинде «Кыргыз Республикасынын президентинин мөөнөтү бүткөндө экс-президент деген наам берилет» деп жазылып турат. Ал эми наамды Жогорку Кеңеш ала албайт да. Аны сот алат. Бул киши (ред: Ишенбай Кадырбеков) «Атамбаевдин күнөөсү - чагымчылдык кылып тергөөгө барбай койду» деп атат. Читать дальше...

Абдил Сегизбаев: УКМКда менин адамдарым жок

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы боюнча УКМКнын кызматкерлеринен маалымат алып турган» деген сөздөрдү четке какты. Ал бүгүн Ички иштер министрлигине суракка кирип баратып журналисттерге берген комментарийинде атайын кызматтын кызматкерлери менен бир жарым жылдан ашык убакыттан бери байланыша элек экенин айтты. - «Сегизбаевдин адамдары» деп атышат. Алар ким? Эгерде Сегизбаевдин адамдары болсо аларды жазаласын да. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Расплата за расточительство! ФК «Оренбург» на домашнем поле уступил ФК «Динамо» (Москва) – 1:2


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Мария стала соперницей Азаренко на турнире WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Результативность, вовлечённость, трудоголизм — где грань? Книга от автора российской модели факторов вовлечённости персонала.





Путин в России и мире
Москва

Тема дня: Путин назвал сохранение духовных ценностей условием укрепления суверенитета


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко ограничил выплату дивидендов гражданам недружественных стран




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленскому предложили не ограничиваться Бандерой и захоронить на капище под Киевом молекулы Гитлера


Навальный в России и мире
Москва

В РПЦ отказались называть причины запрета в служении иерея Сафронова, отпевавшего Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Metallica

Случай на концерте Metallica в России



Москва

В Красноярске владелица алабая привязала собаку к машине и протащила по дороге

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net