Алтынга аз калганда... Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында күмүш алды
Спортчу килемде 68 килограмм салмакта күч сынашты.
Спортчу килемде 68 килограмм салмакта күч сынашты.
Бишкектин Биринчи май райондук соту «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка алууну мыйзамсыз деп эсептеген юристтердин арызын карап, аны канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу телеканалдын сайты жазды. Соттук отурумда прокурор жана тергөөчү баары мыйзам чегинде болгонун белгилешкен эле. 9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана айрым адамдар сөз эркиндигине басым катары баалашууда. Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн 15-августта мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди. Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Туугандары ага... Читать дальше...
Гибралтардын бийлиги камактагы Ирандын кара май ташыган кемесине коюлган айыпты алып салып, аны кое берүү тууралуу чечим чыгарды. Гибралтар бийлигинин «Твиттердеги» баракчасында «башкы министр Фабиан Пикардо танкерди камакка алуу тууралуу буга чейинки токтомду жокко чыгарууну жана аны кое берүүнү чечти» деп жазылды. Мунун алдында АКШнын Юстиция министрлиги кеменин камоо мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүч жөнөткөнү маалым болгон. 4-июлда Британиянын юрисдикциясында турган Гибралтар аралынын... Читать дальше...
Кытайдын Британиядагы элчиси Лю Сяомин эгер Гонконгдогу кырдаал «башкаруудан чыгып кетсе» расмий Бээжин «кол куушуруп тим отурбай турганын» билдирди. Дипломат 15-августта Гонконгдо он аптадан ашык убактан бери токтобой жаткан нааразылык акцияларына байланыштуу Лондондо басма сөз жыйынын өткөрүп, Кытай «башаламандыкты тез эле жөнгө сала алат» деп эскертти. Ал каршылык акцияларынын күчөшү үчүн кайсы бир чет өлкөлүк күчтөрдү жана Батыш басылмаларын күнөөлөдү. Гонконгдо кылмышка шектүүлөрдү Кытайга... Читать дальше...
Исламабад 15-августта Кашмирдин Пакистан менен Индияны бөлүп турган районундагы атышууда өзүнүн үч, Индиянын беш жоокери окко учканын маалымдады. Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Асиф Гафур ушул тушта маал-маалы менен атышуу болуп жатканын кабарлады. Нью-Дели мындай маалыматты жокко чыгарды. Индиянын армиясы 15-августта тараткан билдирүүдө Пакистанды «ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузду» деп айыптады. Өзөктүк куралы бар бул эки өлкөнүн тиреш-жаңжалы Нью-Делинин Кашмирдин өзгөчө... Читать дальше...
Окуя ушул жылдын апрель айында болгону айтылууда.
15-августта жааган катуу жаандан улам Ысык-Көлдүн Тоң районунун Кызыл-Туу айылына кире беришиндеги, кан жолдогу көпүрөнү сел алып кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган райондун акими Данияр Арпачиев билдирди. Анын маалыматына караганда, көпүрө жараксыз абалга кептелди. - Азыр жеринде алты оор техника каражаты иштеп жатат. Негизи бул көпүрө чоң жолдо, ал Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында турат. Азырынча тазалоо иштери жүрүп, акырындык менен жол кыймылы калыбына келтирилип жатат. Читать дальше...
Бишкектин үстүндөгү Кой-Таш жана Арашан айылдарында 7-8-августтагы окуядан кийин карапайым элдин турмушу күнүмдүк ыргакта өтүүдө. Анткен менен айылдыктардын айтымында, дагы деле көчөгө ээн басуудан чочулап турушат. Ушул тапта Кой-Таштагы окуяларга катыштыгы бар деп шек туудурган тургундарды күч органдары суракка чакырып жатканы белгилүү. “Азаттыктын” кабарчысы айыл тургундарына микрофон сунганда көпчүлүгү жеке коопсуздунан чочулап ачык сүйлөп берүүдөн баш тартты.
Аскер прокуратурасынын тергөө тобу 14-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектүү катары маалымдама тапшырды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Атамбаев төрт эпизод боюнча айыпталууда: Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр ташууда мамлекеттик жана энергокомпаниянын жооптуу кызматкерлери менен коррупцияны уюштуруу, «Прогресс Компаниясынын» кызыкчылыгын коргоо (лобби) – Жазык... Читать дальше...
Робин Орд-Смит ишкердик иштин субъектилеринин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 31-декабрында Бизнес-акыйкатчы институтун – ишкердик субъектилердин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты түзүү жөнүндө токтомго кол койгон. Байкоочу кеңеш Бизнес-акыйкатчыны июнь айында эле тандаган.
Кой-Таштагы окуяда курман болгон атайын кызматтын «Альфа» түзүмүндөгү жоокердин өлүмүнө шектүү киши кармалганы кабарланды.
АКШнын президенти Дональд Трамп кытай бийлигин Гонконгдогу демонстранттардын үнүн угууга үндөдү. Мунун алдында Бээжин Гонконгдогу акцияны "террордук актка жакындаган" аракет деп баалап, демонстранттарга «от менен ойнобоону» эскерткен. Гонконгдо нааразылык акцияларынын башталганына 10 аптадан ашты.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда аскерлердин барымтага алынышы боюнча күбө катары сурак берип чыкты. Ал «Азаттыкка» 16-августка ИИМдин Тергөө кызматына кайра суракка чакырылганын кабарлады: - Барымтага кармоо боюнча кандай иштер жүргүзүлдү эле? Мен билген нерселеримди айтып бердим. Маалымат каражаттарына чыккан видеолордун бардыгын жазып келип тергөөгө бердик. Ал жерде бардыгы көрүлдү. Мен тескерисинче балдарды коргоого... Читать дальше...
Бишкектин Ленин райондук соту «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка алуу мыйзамсыз деп эсептеген юристтердин арызын карап жатат. Прокурор жана тергөөчү баары мыйзам чегинде болгонун белгилешти. Ушул тапта сот чечим чыгаруу үчүн чыгып кетти. 9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана айрым адамдар сөз эркиндигине басым катары баалашууда. Маданият, маалымат... Читать дальше...
Атамекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу – мамлекеттик органдар менен бизнестин биргелешкен милдети. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы ишканалардын иши менен таанышкан учурда билдирди. Президент калктын турмуш деңгээлинин жогорулашына өбөлгө болуучу экспортко багыт алган ишканаларды көбөйтүү, өндүрүштү өнүктүрүү, заманбап транспорттук, өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураны түзүү зарыл экенин белгиледи. Ал ишкерлер тарабынан... Читать дальше...
Иранда хижаб кийүүгө милдеттендирген мыйзамга каршы акция өткөргөн үч аял соттолду. Алардын экөө эне менен кыз. Үчөөнүн түрмөдөгү камак мөөнөтү жалпысынан 55 жылды түздү. Вашингтон буга байланыштуу Тегеранды «адам укуктарын одоно бузду» деп айыптады. АКШнын мамлекеттик катчысынын басма сөз өкүлү Морган Ортагус: «Биз Иран режими Ясаман Арьянини, Монире Арабшахини жана Мойган Кешаварды 55 жылга эркинен ажыратканын айыптайбыз. Алар хижаб кийүүгө милдеттендирген мыйзамга каршы экенин билдирип акция... Читать дальше...
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 22-23-июль күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуулардан жабыркагандардын акыбалы менен таанышты. Жараланган 4 чек ара аскери Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылындагы аскердик госпиталда дарыланууда.
Өкмөт мындан ары кен иштетүүдө лицензияларды көзөмөлсүз берүүгө жол бербейт. Мындай пикирин бүгүн, 15-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусундагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде иш алып барган тоо-кен ишканасы менен таанышкан учурда билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, «Эти Бакыр Терексай» ишканасы жылына 100 миң тонна кен өндүрөт. Учурда ал алтын жана күмүштөн турган флотациянын концентратын чыгарууда. Анда 350 адам иштейт. Анын 96% жергиликтүү эл түзөт. Читать дальше...
Исламабад менен Нью-Делинин Кашмир боюнча кайым айтышуусу уланууда. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өкмөттүн Кашмирдин Делиге баш ийген аймагынын атайын макамын жоюу чечимин коргоп чыкты. Анын алдында Пакистандын премьери Имран Хан Индиянын Кашмирдеги саясатын кескин сынга алган эле.
15-августта Гибралтарда сот камактагы Ирандын кара май ташыган танкерине тагылган айыпты жойду. Ага ылайык, "Grace-1" cупертанкери жана экипаж мүчөлөрү эми бошотулушу керек. Бирок АКШнын Юстиция министрлиги кара май ташыган кеменин камоо мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүч жөнөткөнү белгилүү болду. Бул өтүнүчтү эми Гибралтардын башкы прокурору карап, чечим чыгарышы керек. Британиянын юрисдикциясында турган Гибралтар аралынын бийлиги 4-июлда 2,1 миллион баррел кара май ташып бараткан кемени британ деңиз аскерлеринин жардамы менен колго түшүргөн.
16-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27; Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28; Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21; Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус болот. Читать дальше...
Казакстанда март айынан бери үй камагында отурган «Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун лидери Серикжан Билашты 15-августта борбор шаардан Алматыга алып келишти. Өткөн айдын аягында Нур-Султан шаарында Билаштын соту башталган жана анда судья айыпталуучунун өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, сот жараянын Алматыга которууга макул болгон. Серикжан Билашка быйыл март айында «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш иши козголгон. Ал кезде жарандык активист Кытайдагы казактардын абалына байланыштуу байма-бай маселе көтөрүп... Читать дальше...
Казакстандын Караганды облусундагы Жайрем тоо-кен байытуучу комбинатында 12-августта болгон мушташ боюнча тергеп-иликтөө башталды. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, чатакта бир топ чет өлкөлүк жумушчулар жеңил жараат алды. Айрым жергиликтүү тургундар чыр чет өлкөлүк жумучунун жылаңач кыз менен түшкөн сүрөтүнөн улам чыгышы мүмкүн экенин айтып беришти.
Чүй облусунун Москва районунда 3,5 гектар жердеги кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, курамында баңгизат бар өсүмдүктөр 14-августта «Кара куурай» деп аталган иш-чаранын алкагында табылган. Ага милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. (КЕ)
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.