123ru.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 07.08.2019

УКМК: каза болгон кызматкерге спайпер куралынан ок тийген болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон атайын бөлүктүн кызматкерине спайпер куралынан ок тийген болушу мүмкүн деген кабар таратты. Ошондой эле ок үй тараптан чыкканы айтылат. Атайын кызмат Атамбаевди кармоо аракети учурунда бир нече атайын бөлүктүн кызматкерлери жаракат алганын, атайын кызматтын кызматкерлери желим ок гана колдонгонун, ал эми үй тараптан аскер огу атылганын белгилейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын... Читать дальше...

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат

Azattyk.org 

“Төрага Дастанбек Жумабеков менен сүйлөштүм. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт. Убактысы такталып атат. Кошумча билдиребиз” – деди “Азаттыкка” парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу. Ал тапта айрым депутаттар өз ара сүйлөшүп, кезексиз сессия өткөрүү үчүн кол топтоп жатышканын КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, кезексиз жыйын өткөрүлүп кала турган болсо өлкөдөгү акыркы кырдаалдар талкууга алынышы күтүлөт. “Биринчиден мына бул окуядан тилекке каршы бир киши каза болуп калды. Читать дальше...

Атамбаевдин тарапкерлери бир нече күч кызматкерин кармап, өз талаптарын айтууда

Azattyk.org 

“Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө алты күч кызматкери кармалып турат. Атамбаевдин тарапташтары "Интернет жана жарык бергиле" деп талап кылууда. Алар кармалып турган күч кызматкерлерин эртең менен гана кое бере турганын айтышкан. Саясатчы Равшан Жээнбеков, Атамбаевдин тарапташтары Темирлан Султанбеков жана Алга Кылычов Курсан Асанов менен жолукту. Курсан Асанов Интернет жана жарык берүү анын колунан келбесин айтып, алты күч кызматкери коё бергиле деп суранды. Читать дальше...



"Азаттыктын" сайты айрым жерлерде ачылбай жатат

Azattyk.org 

"Азаттык" радиосунун azattyk.org сайты айрым аймактарда таптакыр ачылбай, жай иштеп жатат. Бул тууралуу сайттын окурмандары, байкоочулар билдирип жатышат. Алар телефондон ачылбай жатканын айтып, сүрөтүн жиберишүүдө. "Азаттык" радиосунун azattyk.org сайты учурда мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын чагылдырып атат. Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын артынан Бишкекте «Акнет» пакетинен бир канча телеканал көрсөтпөй калган. Алгач Атамбаевге таандык «Апрель» каналы, артынан «7-канал», «ОшТВ» өчтү. Читать дальше...

Асанов Коеналиев менен сүйлөшүүдө

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармоо операциясы жүрүп жаткан жерде Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жүрөт. Учурда ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын мурдагы жетекчисинин Туруспек Коеналиев менен сүйлөшкөнү кетти.

Кой-Таштагы операциядан 22 жаштагы аскер каза болду

Azattyk.org 

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, жоокерге ок тийген. "Ок жүрөгүн тешип кетиптир. Каза болуп калды", - деген Жумабеков дагы бир аскерге операция жасалганын кошумчалады.

Кой-Таш: Курсан Асанов менен Туруспек Коеналиев сүйлөшүү жүргүзүүдө

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармоо операциясы жүрүп жаткан жерде Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жүрөт. Учурда ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын мурдагы жетекчисинин Туруспек Коеналиев менен сүйлөшкөнү кетти. Топтошкон милициялар турат. Алар Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанындагы жолду торошту. Буга чейин алардын каршы тарабында Атамбаевдин үйүнө өткөрүүнү талап кылган адамдардын тобу менен милиция таш атыша кетти. Ал учурда калканчан аскерлер келип, топтолгон адамдарды артка сүрдү. Читать дальше...

Саясатчылар өлкөдөгү акыркы кырдаал боюнча үн катты

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо аракетинин натыйжасында атайын кызматтын аскери каза тапты. Ал арада 8-августта Жогорку Кеңеш өлкөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулмай болду. "Азаттык" саясатчылардын, фракция лидерлеринин пикирин сурап көрдү.



Кой-Таштагы окуяда жаралангандардын саны 36 кишиге жетти

Azattyk.org 

Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны түнкү саат 00:55ке карата 36 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын 15и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында ок атуудан улам жаракат алгандары жана мээси чайкалгандары бар. Мунун алдында Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын операция... Читать дальше...

8-августта Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны өтөт

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-августта кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке келгенин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. “Азыр ал Бишкекте, 8-августта эртең менен Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрөт. Кошумча маалыматты дагы беребиз” – деди Стамалиева. Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, ок атылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда... Читать дальше...

Сариев: Мамлекеттик саясатта эрегишүү жакшылыкка алып келбейт

Azattyk.org 

“Мамлекеттик саясатта тирешүү, эрегишүү жакшылыкка алып келбейт”. Бул тууралуу экс-премьер-министр Темир Сариев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы боюнча пикирин билдирген учурда айтты. Ал соңку кырдаал боюнча өкмөттүн жана күч түзүмдүн башчылары коомчулукка маалымат берип турушу зарыл деп эсептейт. “Абал абдан курчуп кетти. Тилекке каршы мындай учурда өкмөт башчысы жана укук коргоо органдарынын башчылары элге эмненин негизинде мындай болуп кеткени тууралуу эч кандай кайрылуу жасаган жок. Читать дальше...

Кой-Таштагы окуяда жараланган атайын бөлүктүн кызматкери каза болду

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жарадар болгон атайын бөлүктүн кызматкери каза болду. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги ырастады.  Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, ага ок тийген. "Ок жүрөгүн тешип кетиптир. Каза болуп калды", - деген Жумабеков дагы бир аскерге операция жасалганын кошумчалады.  Саламаттыкты сактоо министрлиги үй тараптан атылган аскердик ок чопкуттан өтүп, анын көкүрөгүн жаралаганын кабарлады. Читать дальше...

Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанындагы жолду милиция тороп турат

Azattyk.org 

Алардын каршы тарабында Атамбаевдин үйүнө өткөрүүнү талап кылган адамдардын тобу менен милиция таш атыша кетти. Ал учурда калканчан аскерлер келип, топтолгон адамдарды артка сүрдү. Таш атышуу учурунда кеминде бир милиция кызматкери жаракат алып, бети канжалаганын активист Мелис Аспековдун “Фейсбуктагы” түз эфиринде көрүндү.  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 7-августта мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган. «УКМКнын атайын дайындалган... Читать дальше...

Кой-Таштагы окуяда 23 адам жабыркады

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда жабыркагандардын саны 23кө жетти. Ушул тапта Кой-Ташта 10 "Тез жардам" бригадасы иштеп жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган. «УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын... Читать дальше...

УКМК: элге аскердик ок атылган жок

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында атайын даярдыктагы күч кызматкерлери жай тургундарга ок атышканы тууралуу сөздөр чындыкка дал келбейт» деген маалымат таратты. УКМК чагымчыл, жалган маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаарын эскертет. Мекеме атайын даярдыктагы күч кызматкерлери желим ок колдонгонун, ал эми үй жактан аскердик ок атылганын белгилейт.

Кой-Таштагы журналисттер байланышка чыгышты

Azattyk.org 

Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын чагылдырып жүргөн журналисттер саат 23:30дарда байланышка чыгышты. Алар коопсуз жерде турушканын билдиришти.  «Азаттыктын» жана «Kloop» басылмасынын кабарчыларынын телефондору өчүп, бир сааттай байланыш болбой калган.   Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, ок атылды. Атамбаевдин короосунда бир канча жерде өрт чыгып, өчүрүлдү. Читать дальше...

Жанарбек Акаев: Тараптар кан төгүүгө жол бербеши керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кой-Таштагы кырдаал боюнча «Азаттыкка» комментарий берип, тирешкен тараптарды жөнөкөй жарандардын коопсуздугун сактоого жана аларга карата күч колдонбоого чакырды. - Бийлик да, Алмазбек Атамбаев да биринчи кезекте саясий тирешүүдөн жөнөкөй жарандар, өз милдетин аткарып жаткан атайын кызматтын, милициянын кызматкерлери жабыркап калышына жол бербеши керек. Атамбаевди кармоо операциясындагы шалаакылыгы үчүн, тараптарды кагылышууга жол берип, күч түзүмдөрүн... Читать дальше...

Асанов: Атайын кызматтын куралы элге өтпөшү керек

Azattyk.org 

Саясатчы Бектур Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында кырдаалдын курчуп кетишин бийликтин, күч түзүмдөрүнүн шалаакылыгы катары баалады. Ал атайын бөлүктүн аскерлери көтөрүп жүргөн куралдар Кой-Таштагы, Атамбаевдин тарапташтырынын колуна өтүп кетишине жол бербеш керек экенин айтты:  - Азыр толугу менен саботаж болуп жатат. "Атайын кызматтын куралын тартып алганы жатат" дешүүдө. 2010-жылы да ошондой болуп, куралдарын таштай качышкан. Ошол учур кайталанып жатат. Президент... Читать дальше...

ИИМ: Коомдук тартипти камсыздоо үчүн кошумча күчтөр тартылды

Azattyk.org 

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө болжол менен саат 19:50 чамаларында Кой-Таш айылында атышуу болуп жатканы жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тез арада ыкчам тергөө тобу барган. Андан сырткары, коомдук тартипти сактоону камсыз кылыш үчүн Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин жалпы өздүк курамы тартылды. Биринчи жабырлануучулар жөнүндө маалымат аймактык ооруканадан болжол менен саат 20:53 чамасында келип түшкөн. Азыркы учурда коомдук тартипти сактоону камсыз кылыш үчүн кошумча күчтөр тартылды. Читать дальше...


Музыкальные новости
Желдорреммаш

В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли традиционные весенние общезаводские субботники





Персональные новости
#123ru.net

Прояснение причин СВО. План улучшения отношений. И дополнительно: "При чём здесь Ленин?"





Абдил Сегизбаев атайын операция учурунда жаракат алды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Кой-Таштагы атайын операция учурунда жаракат алды. Бул маалыматты анын жанында жүргөндөр "Азаттык" радиосуна ырастады.  “Ооруканадан биринчи жардам көрсөтүлүп, рентгенден өткөнү жатат. Алгачкы жардамды алды. Өзү чурайына желим ок тийгенин айтып жатат” деди Алмаз Үсөнов. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган.... Читать дальше...

Шыкмаматов: парламент, президент, өкмөт чукул жыйынга чогулуш керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанда абал курчуп баратканын белгилеп, президент, парламент, өкмөт тез арада жыйынга чогулуп, окуянын мындан ары күчөп кетпешин талкуулашы керек деген пикирин билдирди. - Мүнөт сайын абал курчуп баратат. Парламент эртең чукул жыйынга чогулушу керек. Солтон-Сарыдагы абалды, Кой-Таштагы жарадар болгон жарандардын абалын талкуулаш керек. Төрагага кайрылып, эртең чогулуш керек. Керек болсо, президент, өкмөт чогулушу керек, - деди ал. Читать дальше...

Кой-Ташта атайын бөлүктүн бир аскери жараланды

Azattyk.org 

Кой-Таштагы окуя учурунда атайын бөлүктүн бир аскери жарадар болду. Саламаттык сактоо министрлиги Чукул медицина борборунун директору Искендер Шаяхметовго таянып билдиргендей, үй тараптан атылган согуштук ок чопкуттан аскердин көкүрөгүн жаралаган. Анын алдында он адам Чүй облустук ооруканасына түшкөнү расмий маалымдалган.  Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү жаңырууда. Читать дальше...

Кулов: куралчан кишилердин барганы түшүнүксүз

Azattyk.org 

Чүйдөгү Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлеринин барышынын мыйзамдуулугун карап чыгыш керек. Мындай пикирин "Азаттыкка" саясатчы Фелик Кулов билдирди.

УКМК: Атамбаевди кармоо операциясы уланууда

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы уланып жатканын билдирди. «Атайын бөлүктүн жоокерлери Атамбаевдин тарапташтарына багынганы тууралуу маалыматы чындыкка дал келбейт. Учурда атайын операция уланып жатат», - деп айтылат мекеменин басма сөз кызматы бир нече мүнөт мурда тараткан билдирүүдө.  7-июлда кечке жуук мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын даярдыктагы күч кызматкерлери кирип келишкен. Желим октон жаракат алганы... Читать дальше...

Алия Шагиева: Атам кармалган жок

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Кой-Таштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады. “Биринчиден, менин атам эч кайда качкан жок. Эч ким аны кармаган жок. Ал коопсуз жерде деген имиш – карандай жалган. Ал дагы деле Кой-Ташта”, - деп жазды Шагиева "Инстаграмдагы" барагына. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган.  «УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

МФК «Динамо Пушкино» вошел в топ-8 команд Всероссийского футбольного турнира «Кубок Казани»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Россиянин Сафиуллин потерял четыре места в рейтинге ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Регоператор провел экологический телемост между школьниками Подольска и Москвы





Путин в России и мире
Москва

Площадь трех вокзалов в Москве получит новое имя


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

В Минске прошла рабочая встреча Александра Лукашенко и Александра Цыбульского




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский допустил, что Москва и Киев начнут мирные переговоры


Навальный в России и мире
Москва

Мосгорсуд оставил в СИЗО журналистку Фаворскую, обвиняемую в экстремизме за репортажи о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Фрэнк Синатра

Леонардо Ди Каприо сыграет Фрэнка Синатру в новом байопике Мартина Скорсезе



Москва

Как подать заявление в СОГАЗ, чтобы получить страховые выплаты, положенные пострадавшим от паводка жителям Орска? Инструкция

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net