Нурсултан Назарбаев бийликти сындагандарды жемеледи
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев 21-августта бийликтеги «Нур-Отан» партиясынын кеңейтилген жыйынына катышты. Анда ушул тушта азыркы бийликти сындагандарга каарын төктү жана шайлоонун баары белгиленген мөөнөттө өтөрүн билдирди.
- Биз айрым саясий оппоненттерибиздин же блогерлердин жана башкалардын мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуш кылып, мажоритардык системага кайтып келүүгө үндөп жатканын угуп жатабыз. Аларга жооп кайтарыш керек. Бул жерде жүйөлүү эч негиз жок. Адаттагыдай эле курулай талкуу. Бийликти курулай гана сындап жатышат. Ошолордун арасынан кимдир-бирөө чыгып кандайдыр бир нерсе сунуш кылып же кандай жасаларын көрсөтпөйбү! - деди Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев мамлекетти дээрлик 30 жыл башкаргандан кийин быйыл март айында өз эрки менен кызматтан кеткен. Ыйгарым укуктарын ошол кездеги Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген.
Назарбаев «элбашы» макамын сактап, Казакстандын Коопсуздук кеңешин жана бийликтеги «Нур-Отан» партиясын жетектеп калган.
Казакстанда соңку президенттик шайлоо 9-июнда болгон жана анда азыркы президент Касым-Жомарт Токоев эң көп добуш алган.