Дүйнөгө тамыр жайган Мундун империясы
«Биз жана дин» түрмөгүндө дүйнөдө чуулгандуу диний кыймыл катары белгилүү «Биригүү чиркөөсү» жөнүндө сөз кылабыз.
«Биз жана дин» түрмөгүндө дүйнөдө чуулгандуу диний кыймыл катары белгилүү «Биригүү чиркөөсү» жөнүндө сөз кылабыз.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бөгөт чарасын караган соттук отурумга өзү да катышты, бирок бир да сөз сүйлөгөн жок. Бул тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди: - Алмазбек Шаршенович өзүн канааттандырарлык сезип жатат. Көрүнүшү деле жакшы. Бүгүн ал соттук отурумда бир да сөз сүйлөгөн жок. Албетте, анын эркиндигин мыйзамсыз чектеп жатышат. Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Быйыл 7-8-августта күч түзүмдөрү аны Кой-Таштагы үйүнөн кармап... Читать дальше...
Кыргызстандагы Жеңиш чокусунда дайыны чыкпай калган казак альпинисттерин издөө уланып жатат. Үч киши Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан чокуда 18-августта жоголгонун жакындары маалымдашты. Баштапкы кабарларга ылайык, алардын бирөө каза болгон. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги альпинисттерди «Ак-Сай Тревел» компаниясынын адистери издеп жатканын билдирди. Издөө иштерине 19-августта казакстандык адистер да кошулган. Жоголгондордун аты-жөнү - Мурат Отепбаев, Андрей Корнеев жана Александр Чечулин. Читать дальше...
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, бүгүн саат 07:45те жер титирөө Алай районунун Эркечтам айылында 2,5 баллга чейин сезилди. Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (RK)
«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка күбө катары чакырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Атайын кызмат белгилегендей, Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Эми ал ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылды. Бабанов шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кетип... Читать дальше...
Өзбекстандын прокуратурасы экс-президенттин кызы Гүлнара Каримовага карата дагы эки кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул ирет Каримова «Өзбекстандын кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзгөн, мамлекеттик каражатты уурдаган, башка бирөөнүн мүлкүн опузалап тартып алган» деп айыпталып жатат. Маалыматка караганда, экс-президенттин кызы эки мамлекеттик компаниянын - «Кувасайцемент» менен «Бекабадцементтин» акцияларын арзан баада сатып алып, кайра чет элдиктерге саткан. Жаңы иш эл аралык компаниянын... Читать дальше...
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айланасында талаш уланууда.
ЖАМК кызматкерлери төрт салмак категориясы боюнча күч сынашкан.
Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу боюнча тергөөнүн арызын карайт. Сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында бүгүн, 20-августта саат 9:00дө өтө турганын адвокаты Замир Жоошев “Азаттыкка” билдирди. Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Биринчи май райондук соту аны 26-августка чейин камакта кармоо чечимин кабыл алган. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.