Орусия Ооганстанда ИШИМ менен күрөшүүнү күчөтүүгө чакырды
Орусиянын тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы акыркы террордук кол салууну айыптап, өлкөнүн бийлик өкүлдөрүн өлкөдө ИШИМ террорчуларына каршы иш-аракеттерди күчөтүүгө чакырды.
Орусиянын тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы акыркы террордук кол салууну айыптап, өлкөнүн бийлик өкүлдөрүн өлкөдө ИШИМ террорчуларына каршы иш-аракеттерди күчөтүүгө чакырды.
АКШнын президенти Дональд Трамп 19-августта Индиянын жана Пакистандын премьер-министрлери менен телефондон сүйлөштү. Ак үй билдиргендей, Трамп Индиянын талаштуу Кашмир аймагынын автономия макамын жокко чыгарган чечиминен соң Түштүк-Чыгыш Азиядагы чыңалууну басаңдатууну көздөйт. Нью-Дели премьер-министр Нарендра Моди Трампка Пакистан Индияга карата ачуу, курч сөздөрдү айтып жатканын белгилеген. Ал эми Пакистандын бийлиги маалымдагандай, өкмөт башчы Имран Хан Трамп менен сүйлөшүүдө Нарендра Модинин... Читать дальше...
Франциянын президент Эммануэл Макрон 19-августта өлкөнүн түштүгүндөгү жайкы резиденциясында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.
АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Дэвид Хейл 20-23-августта Борбор Азия мамлекеттеринде жумуш сапары менен болот. Анын алкагында 21-августта Нур-Султан шаарында Борбор Азиядагы беш мамлекеттин тышкы иштер министрлери менен жогорку деңгээлдеги жыйынга катышат. С5+1 форматындагы жыйында Дэвид Хейл Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолугушуу өткөрөт. «Алар Борбор Азиядагы коопсуздук, өнүгүү жана... Читать дальше...
Орусиялык БИС компаниясы Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов менен байланышы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Ишкананын расмий өкүлү Юрий Катютин 20-августта «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып бул тууралуу интернетте тараган кабарды фейк деп атады: - Бул фейк маалымат. Сынакка катышканда бүт документтерди көрсөткөнбүз. Ал жерде бардык акционерлердин тизмеси да келтирилет. БИС компаниясы Кыргызстандагы «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча 5,7 млрд сомго бааланган... Читать дальше...
2019-жылдын июлундагы эсепке ылайык, Орусиянын «кара тизмесинде» 64 792 кыргызстандык бар. Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы «Азаттык» радиосуна билдиргендей, май айында болжол менен 999 кыргыз жараны мунапыстын алкагында «кара тизмеден» чыгарылган. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, каттоосуз жашап, иштеген, убактылуу жашаган жери менен документте көрсөтүлгөн жайы дал келбеген жана башка эрежелерди бузган чет элдиктер «кара тизмеге» илинет. Алар депортацияланып, беш жылга чейин Орусияга киришине тыюу салынат. Читать дальше...
Мурдагы вице-премьер-министр, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Дүйшөнбек Зилалиев дагы бир кылмыш ишине байланыштуу шек саналууда. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Зилалиев коррупцияга аралашканы жөнүндө иш иликтене баштаганын 20-августта маалымдалды. Бул кабарды анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова «Азаттык» радиосуна бышыктады. Иштин чоо-жайы 2015-жылы сурма казган «Хуасинь» компаниясына лицензия берүүдөгү жемкорлукка байланыштуу болуп жатат. Читать дальше...
"Азаттык үналгысынын" бул түш жаңы оогон учурдагы берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 15:00дөн 15:30га чейин обого чыгарылат.
Полиция жана дипломатиялык булактар билдиргендей, 18-августта Барселонада Ооганстандын Испаниядагы элчиси каракталды. Бул Жер ортолук деңизинин түндүк-чыгыш жээгиндеги Испаниянын порттук-шаарында болгон акыркы кездеги ири карактоо катары бааланууда. Полициянын басма сөз катчысынын маалыматына караганда, каракчылар Хумаюн Расаваны шаардын борборунда жерге жыгып, саатын алып кетишкен. Мадриддеги элчилик окуядан Ооганстандын улуттук күнүн майрамдоо учурунда Барселонада жүргөн элчи бутунан жаракат алганын, бирок абалы жакшы экенин билдиришти. Читать дальше...
7-8-августтагы Кой-Таштагы күч кызматтарынын аракети жөнүндө талаш дагы эле токтой элек.
Быйыл Кыргызстанда пахтанын баасы чечиле элек. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, түшүм жана сатуу боюнча байкоо иштери аягына чыга элек. Кыргызстанда пахтаны негизинен жеке жана эл аралык уюмдар сатып алып, бааны да ошолор чечет. 2018-жылы ак алтындын бир килограммы 40-45 сомдун тегерегинде сатылган. Дыйкандар чыгымды акташ үчүн баа бери дегенде 50 сомдон жогору болушу зарыл экенин айтып келишет. Пахта негизинен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында эгилет. Читать дальше...
Москва Кошмо Штаттарды «ушул айдын башында Орусия менен түзүлгөн ракеталык келишимден чыккандан бери биринчи канаттуу ракетасын сынап, аскердик чыңалууну күчөтүп жатат» деп айыптады. Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 20-августта Калифорнияда канаттуу ракетанын сыноодон өткөрүлгөнүнө «өкүнөрүн билдирген». Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады. - АКШ чындап аскердик чыңалууну курчутууга багыт алгандай. Биз мындай чагымга жооп бербейбиз, - деди Рябков. Кошмо Штаттар 2-августта... Читать дальше...
«Фейсбук» жана «Твиттер» социалдык тармактары Кытай тарабынан Гонконгдогу нааразылык акцияларын жаман жагынан көрсөтүүгө аракеттенген жүздөгөн аккаунтту жапты. «Твиттер» өкүлдөрү кабарлагандай, ички иликтөөнүн жыйынтыгында Гонгонгдо саясий араздашууну жайылткан, нааразылык акцияларынын мыйзамдуулугунан жана негизги саясий талаптардан күмөн санатууга аракеттенген 963 колдонуучу жабылды. Аталган колдонуучулар акциянын катышуучуларын зордук-зомбулук жана вандализм үчүн бир беткей айыпташкан. «Твиттер»... Читать дальше...
Кара-Балта шаарындагы спирт заводу Орусиянын ири алкоголдук компанияларынын биринен каржылык жардам алат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фонду кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасындагы өндүрүштү кайра жөнгө салуу боюнча инвестициялык долбоор тууралуу макулдашуу быйыл май айында кабыл алынган. Ага Татарстандын «Татспиртпром» жана Кыргызстандын «Балыкчы Алко Трейд» компаниялары кол койгон. Макулдашуунун негизинде июль айында «Балыкчы Алко Трейд» Кара-Балтадагы завод менен келишим түзгөн. Читать дальше...
21-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Баткен, Чүй облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 31...36, Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн 14...19, күндүз 31...36, Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32, Нарын аймагында түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12... Читать дальше...
Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер кызматкерлеринин регби таймашы өтүп жатат. Дене тарбия жана спорт академиясынын стадионунда уюштурулган турнир Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 78 жылдыгына жана эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы регби мелдешинин 20 жылдыгына арналууда. Турнирге Кыргызстандан Ички аскерлер, Улуттук гвардия, «Шумкар» атайын бөлүгү, ал эми Казакстандан Улуттук гвардия жана Алматы шаарынан курама команда катышып жатат. (RK)
Каримжан Юлдашев кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болчу. Эртелеп билим алып, жооптуу кызматтарга эрте аралашып, совет бийлигине жан-дилин берип кызмат кылып жүргөндө сталиндик кандуу жазалоонун капканына илинген.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы судья Элвира Жаркеевага байланыштуу сот уланып жатат. Бүгүнкү отурумда күбөлөр суралууда. Башкы прокуратура Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Жаркеевага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык», «Коррупция» жана «Атайылап адилетсиз чечим чыгаруу» беренелери менен айып таккан. Ал 2016-жылы ири өлчөмдөгү акча өндүрүп алуу тууралуу мыйзамсыз толтурулган арызды канааттандырып, кытай жаранынын кызыкчылыгын коргогон чечим чыгарган деп айыпталууда. Читать дальше...
Биринчи май райондук соту бүгүн, 20-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартты. Райондук соттун көчмө жыйыны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында жабык өттү. Атамбаевдин жактоочулары райондук соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга кайрыларын билдиришти.
Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата териштириле баштаган иштеги мыйзамсыз баюу жөнүндө материалдарды Аскер прокуратурасына өткөрүп берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп кетишине байланыштуу сотко чейинки иликтөө иштеринин арасынан мыйзамсыз баюуга байланышкан материалдар бөлүнүп алынды. Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып... Читать дальше...
Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айылынын тургундары төрт жылдан бери аягына чыкпай жаткан таза суунун курулушун бүтүрүүнү талап кылып жатышат. 2 миңдей калк жашаган элеттиктер аргасыздан тазаланбаган булактын суусун өз алдынча айылга тартып алышкан. Суунун айынан айылда ич келте жана сарык оорулары көп кездешет.
Филлипиндерде өтүп жаткан «Дүйнө мырзасы - 2019» сынагына Кыргызстандан ырчы Даниел Бегалиев катышууда. Августтун башында башталган сынактын финалы 23-августта болот. 1996-жылдан бери уюштурулуп келаткан «Дүйнө мырзасы» сулуулук таймашына быйыл ар кайсыл мамлекеттерден 80 жигит катышууда. Даниель Бегалиев улуттук тандоодо жеңип чыгып, жолдомо алганын, Кыргызстан бул сынакка алгач ирет катышып жатканын билдирди. Улуттук сынак кайда өткөнү жана аны ким уюштурганын «Азаттык» азырынча тактай алган жок.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрга чейин камакта калды. Сот анын бөгөт чарасын узартуу боюнча тергөөнүн арызын 20-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында карады. Адвокаты Замир Жоошев соттун чечимине макул эмес экенин, отурумдун атайын кызматтын имаратында өткөнү да мыйзамсыз экенин журналисттерге айтып, Жазык-процессуалдык кодекстин эрежелери бузулуп жатканын билдирди. Алмазбек Атамбаев 8-августта... Читать дальше...
Украинанын Иликтөө боюнча мамлекеттик бюросу кызмат абалынан кыянат пайдаланган болушу мүмкүн деген айыптар боюнча мурдагы президент Петро Порошенкого байланышкан 12 ишти тергеп жатат.
Орусияда жол кырсыгына кабылган төрт кыргызстандыктын үчөөнүн абалы өтө оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Элчиликтин маалыматына караганда, окуя 17-августта Мытищи шаарында болгон. Кыргызстандык жаран катуу ылдамдыкта айдап бараткан автомашина жолдун боюндагы жүк ташуучу машинени сүзгөн. Айдоочу жана машинанын ичиндеги үч кыргыз жараны ооруканага жеткирилген. Айдоочунун абалы дурусураак болгондуктан ал жалпы травматология бөлүмүнө которулду, калгандары реанимацияда. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.