Атамбаевдин үйүндө өрт чыкты
Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында анын үйүндө өрт чыкты. Өрт эмне себептен келип чыкканы белгисиз. Ал жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчылары өрттү өчүрүүгө аракеттер болуп жатканын маалымдап жатышат.
Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында анын үйүндө өрт чыкты. Өрт эмне себептен келип чыкканы белгисиз. Ал жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчылары өрттү өчүрүүгө аракеттер болуп жатканын маалымдап жатышат.
Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева парламенттин, азыркы жана мурунку президенттердин жоопкерчиликсиз мамилеси ушул кырдаалды жаратканын "Азаттыкка" билдирди. Анын пикиринде, парламент да мыйзам чегинде иштеп, президент да кылдат мамиле кылып, ушундай кырдаалга жеткирбөөгө аракет кылышы, экс-президент Атамбаев да мыйзамга баш ийип тергөөгө күбө катары көрсөтмө бериши керек эле. - Парламент Атамбаевден экс-президенттик макамды алууга жооптуу мамиле кылышы керек эле. Азыр деле Алмазбек Атамбаев тергөөгө барышы зарыл. Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери анын үйүнө түнкү саат он жарымдарда кирип барышты. Атайын бөлүктүн эки аскери токмоктолгонун, бир аскер тоо аралап качканын «Азаттыктын» кабарчысы жеринен билдирди. Буга чейин күч кызматкерлери аларды жолотпой жаткан эле. Кой-Ташта жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармала элек экенин, үйүндө экенин айтты. Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо... Читать дальше...
Өрт эмне себептен келип чыкканы белгисиз. Ал жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчылары өрттү өчүрүүгө аракеттер болуп жатканын маалымдап жатышат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады. «УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын даярдыктагы куралчан күч кызматкерлери жүрөт.
«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын курал колдонуу аркылуу ишке ашып жаткандыгынын мыйзамдуулугу күмөн туудурат. Мындай жагдайды Жогорку Кеңеш чукул сессия чакыруу аркылуу чечиши керек болчу. Саясатчынын пикиринде, күч колдонуу ар кандай күтүүсүз кырдаалдарга алып келиши мүмкүн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган. Читать дальше...
Учурда Кой-Ташта жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармала элек экенин, үйүндө экенин айтты. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина «Алмаз Атамбаев коргонууга аракет кылып жатат», - деп билдирген. Карамушкина бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Рита Борбукееванын «Фейсбуктагы» барагы аркылуу берилген түз эфир маалында айткан. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев: «Атамбаев кармалган жок... Читать дальше...
Саясатчы Азимбек Бекназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы тууралуу «Азаттыкка» пикирин билдирип, бийлик буга чейин ага карата «лоялдуу» болгонун айтты. Ал Атамбаевди кеч боло электе сот, тергөө менен кызматташууга чакырды: - Ушунун баарына Атамбаев өзү күнөөлүү. Кылмыш иши козголду, кол тийбестиги алынды. Чакырса барбаса, эмне кылыш керек? Биз мамлекетпизби же жокпу? Жөнөкөй адамдарды көчөдөн алып барып камап коёбуз. Мыйзам барбы же жокпу, бизде? Экс-президент башы менен мыйзамды сыйлабай... Читать дальше...
«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын курал колдонуу аркылуу ишке ашып жаткандыгынын мыйзамдуулугу күмөн туудурат. Мындай жагдайды Жогорку Кеңеш чукул сессия чакыруу аркылуу чечиши керек болчу. Саясатчынын пикиринде, күч колдонуу ар кандай күтүүсүз кырдаалдарга алып келиши мүмкүн.
Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн мөөнөтүнөн мурда токтотуп, Бишкекке келатат. Бул тууралуу 7-августта кечинде Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчы 5-августта кыска мөөнөттү эс алууга чыгып, Ысык-Көлгө кеткен болчу. Ал арада Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын улантып жатат. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү жаңырууда. Атамбаевдин короосунда бир канча жерде өрт болуп жатат. Атамбаевдин үйүнүн... Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлигинен саат 21:50дө алынган маалымат боюнча, «Тез жардам» жараат алган беш кишини Бишкектин травматология жана ортопедия борборуна алып баратат. Ошондой эле Кой-Ташта убактылуу медициналык бөлүм иштеп жатат. Кой-Ташта жеринде «Тез жардамдын» беш бригадасы иштөөдө.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын артынан Бишкекте «Акнет» пакетинен бир канча телеканал көрсөтпөй калды. Алгач Атамбаевге таандык «Апрель» каналы, артынан «7-канал», «ОшТВ» өчтү. «7-каналдын» башчысы Алтынбек Жумаев муну «Азаттыкка» тастыктады. «Акнет» компаниясы жагдайды «техникалык себеп» деп түшүндүрдү. Социалдык тармак колдонуучулары «Next TV» да көрсөтпөй жатканын, Таласта НТС үзүлгөнүн жазып жатышат. Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады. Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлигинен саат 21:20га алынган маалымат боюнча Чүй облустук ооруканасына Кой-Таш айылынан төшүнө желим ок тийген эки адам жаткырылды. Министрлик алардын абалын анча оор эмес деп баалады. Учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, төрт "Тез жардам" кызматынын автоунаасы келип, бирок жолдон өтө албай турат.
Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутат Чыныбай Турсунбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы кырдаалды «өкүнүчтүү» деп, Кыргызстандын аброюна доо кетирген окуя катары сыпаттады. Мындай пикирин «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатканда айтты. - Маселе тил табышуу жолу менен чечилсе болмок. Өз ара түшүнүү аракети жок, баары дымакка байланган окуя болуп жатат, - деди Турсунбеков. Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлери 7-августта кечки саат сегизге жакын бастырып барды. Читать дальше...
Учурда Кой-Ташта жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармала элек экенин билдирди. Ал «Атамбаевди алып кетишти» деген маалыматтарды дезинформация деп атады. «Алмаз Атамбаев алигиче коргонууга аракет кылып жатат», - деп айтты Карамушкина КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Рита Борбукееванын «Фейсбуктагы» барагы аркылуу берилген түз эфир маалында. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев: «Атамбаев кармалган жок... Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын артынан анын үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады. Бул тууралуу жеринен «Азаттыктын» кабарчысы билдирди. Атамбаевдин үйүнө алып барган жолдо бактар кыйылып, жол жабык турат. Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлери 7-августта кечки саат сегизге жакын бастырып барды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы президентти кармоо операциясы жүрүп жатканын билдирген. Кыргызстан... Читать дальше...
Солтон-Сарыда чогулган эл 8-августта Бишкек-Торугарт жолунун боюна, Кара-Чий айылынын тушуна тогуз боз үй тигишти. Облустук милициянын маалыматы боюнча 300 чамалуу киши чогулду. Алар облустун аймагында жайгашкан алтын кендерин казууга мөөнөтсүз мораторий киргизүүнү талап кылган кайрылууну президентке жана премьер-министрге, парламентке жолдошорун айтышты.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын даярдыктагы куралчан күч кызматкерлери жүрөт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады. Журналист Мирбек Айтикеевдин "Фейсбуктагы" түз эфиринен куралдын атылган үнү дагы угулду. Айрым маалыматтарда бир канча кишиге желим ок тийген. Атамбаев азырынча үйүндө экени кабарланууда. Мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын күчтөр келгенин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да жазды.
Өзбекстандын Самарканд облусунун жетекчилиги менчик кымбат машинелерди «Шарк тароналари» деген эл аралык музыкалык фестивалда бекер пайдаланганы жатат.
Украиналык деңиз аскерлеринин апелляциялык арыздары Москва шаардык сотунда каралат.
Солтон-Сары кенинин айланасындагы кырдаал туңгуюкка кептелди. Өкмөт кенди иштеткен «Zhong Ji Mining Company» компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотту.
Анжияндык Жусуп ырчынын уулу Кенжебай быйыл сексен жашка таяды. Ал шарты келгенде топ жыйындарда кийинки муун өкүлдөрүнө атасы ырдап жүргөн дастандардан баян куруп, күү чертип берет.
«Азаттык» радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу сот ишинде бир айлык тыныгуу жарыяланды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады. 7-августка белгиленген сот отуруму соттолуучулардын бири келбегенине байланыштуу болбой калды. Кийинкиси сентябрдын ортосунда өтөрү айтылды. Отурумга катышпаган соттолуучу 16-июлда көз жарган. Анын адвокаты ымыркайы торолгончо териштирүүнү убактылуу токтото турууну өтүнгөн. Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу... Читать дальше...
Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын бийлигин кулатууга аракет кылып жаткандыгы “Middle East Eye” маалымат агенттиги жарыяланган БАЭнин жашыруун документинде айтылды.
Анжияндык Жусуп ырчынын уулу Кенжебай быйыл сексен жашка таяды. Ал шарты келгенде топ жыйындарда кийинки муун өкүлдөрүнө атасы ырдап жүргөн дастандардан баян куруп, күү чертип берет.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.