Могерини: ЕБ ооган эли менен бирге
Шаршемби күнү Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Ооганстанга барды.
Шаршемби күнү Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Ооганстанга барды.
Дамаск БУУнун Коопсуздук кеңешин АКШнын Голан бийиктигин Израилдин аймагы деп таануусу боюнча чукул жыйын өткөрүүг чыкырды.
«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 28-мартта өлкөдө мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18, Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18, Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5... Читать дальше...
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы, ИИМ жана Росгвардия аннексияланган Крымда татарлардын үйлөрүндө тинтүү жүргүздү. Буга чейин бир нече крым-татарына Орусияда тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" уюмуна катышы бар деген негизде кылмыш иши козголгон. "Крым тилектештиги" уюмунун маалыматына караганда, укук коргоо органдары Симферополь менен Белогорск райондорунда 20дан ашык үйдү тинтип чыгышты. Он жети киши кармалганы кабарланды. Кийинчерээк Федералдык коопсуздук кызмат "Хизбут-Тахрирдин"... Читать дальше...
6-мартта Беш-Күнгөйдө 310 миң долларды карактоо фактысы катталган. Алдын ала тергөө иштерине ылайык, учурда шектүүлөр аныкталды. Азыр алардын аты-жөнүн аныктоо боюнча иликтөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. 6-мартта эки белгисиз киши “Субару Форестер” үлгүсүндөгү автоунаа менен келип, “Тойота-Хайлендер” үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп токтоткон. “Субаруда” отурган эки киши “Тойотанын” жүргүнчүлөрүнө курал такап, алардын жанындагы 310 миң долларын тоноп кеткен. Читать дальше...
Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттар Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургуну, эки балалуу жалгыз бой энеге үч бөлмөлүү батир сатып беришти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттары түзгөн “Аманат” фондунун жетекчиси Туратбек Абдыжапар уулу билдирди. Анын айтымында, батир сатып алууга каражатты аталган фонд чогулткан. Буга чейин 37 жаштагы бул аялдын жолдошу Түштүк Кореяда каза болуп, анын сөөгүн мекенине мигранттар жеткиришкен. Фонддун жетекчиси Туратбек Абдыжапар уулунун маалыматы боюнча... Читать дальше...
Жыпар Түкеева 40 жылдан бери мугалимдик кесибин аркалап келет. Ал эки жылдан бери Чаткал районунун борборунан 60 чакырым алыс жайгашкан Чакмак-Суу орто мектебине барып иштейт. Беш күн мектеп директорунун үйүндө жатып балдарга билим берет. Ысык-Көлдүн кызы Жыпар эженин Чаткал өрөөнүнө кандайча барып калганын видеодо баяндап беребиз.
Вильнюс округдук соту СССРдин мурдагы коргоо министри Дмитрий Язовду сырттан он жылга эркинен ажыратты. Сот аны адамзатка каршы кылмыштарга күнөөлүү деп тапты. Литванын Башкы прокуратурасы 94 жаштагы Дмитрий Язов 1990-жылы аскер кызматкерлери жана саясатчылардан турган топ түзүп, бийликти, стратегиялык объектилерди басып алып, Литваны СССРдин курамына кайтарууну максат кылган деп эсептейт. 1991-жылдын 13-январына караган түнү советтик күчтөр Вильнюстун теле мунарасы менен радионун имаратын басып алган. Читать дальше...
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү - келечекке инвестиция" деген аталыштагы Кыргызстан жана Орусиянын ректорлорунун биринчи форуму өтүп жатат. Анда адамдар чыгып сүйлөй турган трибунада сөздүн ката жазылганы жана сүйлөм түзүлүшү сынга кабылды. Социалдык тармактарда билим берүүнүн өнүгүшүн талкуулаган форумда ката жазуу үчүн уюштуруучуларды жоопко тартуу талабы айтылууда. Орус-кыргыз ишкерлеринин форумун уюштуруу иштеринде бир катар кемчиликтер орун алганы да кабарланды. Читать дальше...
"Human Rights Watch" (HRW) уюму Орусияны активист Иван Лузинге карата сот чечимин жокко чыгарууга чакырды. 18 жаштагы Лузин жашы жете электерди уруксат берилбеген акцияларга тартууга тыюу салган мыйзам менен жазаланган биринчи орус жараны. Уюмдун 27-марттагы билдирүүсүндө активистке чыккан сот чечими жарандардын өз пикирин айтуу, элдик жыйын өткөрүү укуктарын чектей турганы белгиленет. «Орусия бийлиги тынч жыйындарга тыюу салуунун жаңы ыкмасын тапты. Муну менен келечек муунда демократиялык... Читать дальше...
Орусиянын курамындагы Ингушетия республикасынын борбору Магастагы нааразылык акциясы шаршембиде да уланды. 26-мартта шаардын борбордук аянтына миңдеген киши чогулган. Алардын бир бөлүгү аянтта түнөп, президент Юнус-Бек Евкуровдун кызматтан кетишин талап кылышты. Демонстранттар "Ингушетия республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршылык билдирип чыгышкан. Документте Ингушетия менен Чеченстандын чек арасын жылдыруу каралган. Эртең менен полиция митингге... Читать дальше...
Бишкек мэриясы Ботаникалык бактын аймагынынын эсебинен Кара-Көл көчөсүн кеңейтүү тууралуу чечимди былтыр жазында кабыл алганын маалымдады. Шаардын башкы планына ылайык, Кара-Көл көчөсүнүнүн туурасы 15 метр болушу керек. Ал үчүн жолдун жээгиндеги Ботаникалык бактын аймагынан 7,5 метр кыскартылат. 27-мартта буга каршы чыккан шаар тургундары, экологдор чогулуп, нааразычылыгын билдиришти. Ботаникалык бактын аткаруучу директору Гүлайым Донбаева мэрия менен түзүлгөн келишимде бактарды кыюу тууралуу сөз болбогонун билдирди. Читать дальше...
Кыргызстандын жана Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция» аттуу форумунда кызматташуу боюнча жети макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Окуу жайлардын ректорлору кол койгон документтерге ылайык, Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, Арабаев атындагы Кыргыз гуманитардык университети менен Москва педагогикалык мамлекеттик университети... Читать дальше...
«Азаттык» үналгысы менен «Эсимде» мультимедиа борборунун биргелешкен долбоору. Элмира Ногойбаеванын согуш туткуну тууралуу баяны.
Кыргызстан Орусия менен биргелешкен ишканаларды курууга кызыкдар. Бул тууралуу 27-мартта вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Бишкекте “Страгиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери” аттуу кыргыз-орус аймак аралык 8-бизнес конференцияда билдирди. «Биз Борбор Азиядагы «ВСП+» макамына ээ бирден-бир өлкөбүз жана бул 6 миңдей товардын түрүн бажы төлөмүсүз Европа Биримдигине сатууга мүмкүнчүлүк берет. Муну менен 400 миллион адамдык рынокко чыга алабыз. Ошондуктан биз таза азыктарды өндүрүүдө башкы жеткирүүчү боло алабыз”,-деди. Читать дальше...
Экс-депутат Камчыбек Ташиев "Республика - Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен Москвада жолукканын тастыктап, бирок эмнелер тууралуу сүйлөшкөнү боюнча кийин кененирээк маалымат берерин билдирди. Ташиев "Фейсбуктагы" баракчасына Өмүрбек Бабанов менен чогуу түшкөн сүрөтүн чыгарып, “Бардык жакшылыктар эми башталып жатат, жакында көрүшкөнчө” деп жазган. Жергиликтүү chyndyk.kg сайты Ташиев Москвага жеке иштери менен барып, Өмүрбеков Бабанов менен да жолукканын жазды. Бири-бирине... Читать дальше...
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кечээ, 26-мартта АКШ президенти Дональд Трамптын Голан бийиктигине Израилдин эгемендигин тааныган чечимин сынга алды.
Орусиянын президенти Владимир Путин 28-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.
Азамат жакында эле үй-бүлөсүн тапкан. Анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да табылып, паспорт алууга жол ачылган эле. Кесиптешибиз Улан Эгизбаев көзү тирүүсүндө Азамат тууралуу тасма тартып, кулчулуктун торунан бошотуп, коомчулукка алып чыкканда кызуу талкууга алынган.
"Республика - Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү боюнча Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында анын адвокаттары саясатчынын шайлоо өнөктүгү маалында Ошто айткан сөздөрүнөн экспертиза улуттук кастыкты козуткан көрүнүштөрдү таппаганын билдиришти. Бабановдун өкүлү Ислам Каргабаев бул иш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда саясий негизде козголгонун билдирип, Кыргызстанда жана Орусияда жүргөн экспертизалар оң жыйынтык көрсөткөнүн кошумчалады. Саясатчынын... Читать дальше...
Украинадагы президенттик шайлоого саналуу күндөр калды. Ар кайсы сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда учурда талапкерлердин арасынан куудул, актер Володимир Зеленский алдыда баратат.
26-мартта Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында кабарланды. Жолугушууда кыргыз тарап АКШнын адам укуктары боюнча жарыяланган баяндамасындагы маалыматтарды кайра текшерип чыгууну жана бейөкмөт уюмдардын гана эмес, расмий булактардын да маалыматтарын эске алууну суранган. Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги учурда айрым мурдагы жогорку кызмат адамдарына коррупция боюнча айып тагылып... Читать дальше...
«Түндүкэлектр» ачык акционердик коомунун автоматтык системасы электр энергиясына болгон карызын убагында төлөбөгөнү үчүн Бишкек шаарындагы 8 миң абоненттин жарыгын 29-мартта дистанциондук түрдө өчүрөт. Алардын карызы 12,5 миллион сомдон ашып кеткен. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 30-31-март эс алуу күндөрүндө ыңгайсыз абалда калбаш үчүн «Түндүкэлектр» абоненттерди ага чейин карыздарын төлөп алууга чакырат. Төлөмдөр атайын кассалардан сырткары «Quickpay», «АсИсНур», «UMAI», «Terempay»... Читать дальше...
Жогорку сот камактагы саясатчы Эрнест Карыбековдун өтүнүчүн карап, жаза мөөнөтүн 14 жылдан 11 жылга түшүрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Улан Абдураимов билдирди. Адвокаттын айтымында, алар соттон жазаны жети жылга чейин кыскартууну өтүнүшкөн. Карыбеков учурда №1 абакта кармалууда. Абдураимов түшүндүргөндөй, соттун баштапкы чечими чыкканга чейинки камакта жаткан күндөрдү экиден эсептөөнү жана башка жагдайларды эске алганда Эрнест Карыбеков быйыл жыл соңуна чейин камактан чыгышы мүмкүн. Читать дальше...
UFC жылдызы жана дүйнөдөгү эң бай спортчулардын бирине аты аталбаган белгисиз аял кине коюуда.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.