Евробиримдик Керч жаңжалына аралашкандарга санкция салды
Керч кысыгындагы жаңжалга байланыштуу Евробиримдик орусиялык сегиз аскер кызматкерине санкция салды. Санкциялык тизмедегилерге Евробиримдиктеги өлкөлөргө кирүүгө тыюу салынат. Андан тышкары биримдикте мүлкү табылып калса тоңдурулат. «Кара тизмеге» украиналык кемелерди жана аскерлерди кармап кеткен орусиялык үч кеменин командирлери, Федералдык коопсуздук кызматынын офицерлери, аннексияланган Крымдын чек ара башкармалыгынын жетекчиси жана анын орун басары бар. 2018-жылдын 25-ноябрында Украинанын... Читать дальше...