Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 05.04.2021

Косоводо экинчи айым президент ишке киришти

Azattyk.org 

Косоводо 38 жаштагы реформачыл юрист Вйоса Османи президент болуп шайланды. Ал Косовонун согуштан кийинки тарыхындагы жетинчи мамлекет башчысы жана экинчи аял президенти болуп калды.

Министрлик: эмдөө коронавирус менен ооруп айыккандарга дагы пайдалуу

Azattyk.org 

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги COVID-19 менен ооруп айыккандардын иммунитети канча сакталары белгисиз экенин белгилеп,  алар вирусту кайра жуктуруп алышы мүмкүндүгүн эскертти. Министрлик “Фейсбуктагы” баракчасына “коронавирус менен ооруп айыккандар үчүн эмдөө зарыл эмес” деген мазмундагы сөздөр такталбаган имиш экенин жазды. “COVID-19 менен ооруп айыгып чыккандар үчүн дагы эмдөө пайдалуу болот”, - деп айтылат кайрылууда.  Буга чейин президент Садыр Жапаров да вакцина албай турганы... Читать дальше...

Индонезия менен Чыгыш Тимордогу жер көчкү 70 адамдын өмүрүн кыйды

Azattyk.org 

Индонезия менен ага коңшулаш Чыгыш Тимордо нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суулар ташкындап, жер көчтү. Табыгый кырсыктан бери дегенде 70тен ашуун адам көз жумду. Бийлик өкүлдөрү 5-апрелде дагы ондогон адамдын дайыны чыкпай жатканын билдирди. Куткаруучулар Адонара аралындагы Ламенеле калктуу конушунда жер көчкүнүн алдында калган үйлөрдөн 40тай адамдын жасатын алып чыгышты. Өзгөчө кырдаалдар боюнча жергиликтүү агенттиктин башчысы Ленни Ола кеминде беш адам жаракат алганын кабарлады. Табыгый кырсыктын... Читать дальше...



Токтогул суу сактагычынын жээгиндеги адам сөөктөрү кайра көмүлдү

Azattyk.org 

Токтогул суу сактагычынын жака-белине чыгып калган адам сөөктөрү кепинге оролуп башка жерге көмүлдү. Бул тууралуу аталган райондогу Сүйөркулов айыл аймагынын башчысы Шайлоо Жуматаев маалымдады. “Суу азайып кеткендиктин анын алдында жаткан адам сөөктөрү жээкке чыгып калган.  Райондогу айыл аймактардын, мекеме-ишканалардын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери төрт топко бөлүнүп, жээкти сөөктөрдөн тазалап чыкты. Анда 23 кап сөөк жыйналып, кайрадан коопсуз жайдагы мүрзөлөргө жерге берилди”. Читать дальше...

Дүйшөмбү-Москва туруктуу аба каттамы үзгүлтүккө учурады

Azattyk.org 

3-апрелге караган түнү Дүйшөмбү шаарынан ондогон тажик мигранттарын Москвага жеткире турган орусиялык «ЮТэйр» авиакомпаниясынын туруктуу авиа каттамы үзгүлтүккө учурады. Бул каттамга эки жүздөн ашуун адам билет сатып алган жана алар 2-апрелдин кечинен баштап Дүйшөмбүнүн эл аралык аэропортунда Москвага учуп кетүүгө даярданып турушкан. Ара жолдо, арасат абалда калган жүргүнчүлөрдүн көбү өлкөнүн ар кайсы аймагынан келгенин айтышкан. «ЮТэйр» авиакомпаниясынын өкүлү Акбар Рахимов жүргүнчүлөргө бул... Читать дальше...

Ташиевдин уулунун кылмыш иши кайра каралат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 5-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК)төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Темирлан Ташиевге козголгон кылмыш ишин кайра кароо үчүн материалдарды Октябрь райондук сотуна жөнөттү. Шаардык сот бул жараяндын чоо-жайы тууралуу кененирээк маалымат берген жок. Буга чейин 24.kg агентиги Темирлан Ташиевдин жактоочусу ишти кайра кароо жөнүндө сотко арыз бергенин жазган. 2013-жылы Бишкектин Октябрь райондук милициясы Темирлан Ташиев уурдоо максатында автомашинанын... Читать дальше...

Ирактагы аскердик авиабазага жакын жерге эки ракета кулады

Azattyk.org 

Жекшемби күнү Иракта америкалык аскерлер жайгашкан Балад  авиабазасынан алыс эмес жерге эки ракета кулап түштү. Чабуулда адам курмандыгы болгон эмес. Баштапкы иликтөө бул ракеталык чабуулдун мээлеген жери Багдад шаарынан түндүктө жайгашкан Балад авиабазасы болгонун көрсөткөн. Бирок ракеталар ага жетпей кулап, борбордун түштүк-чыгышындагы Аль-Бу-Аси кыштагына түшкөн. Бул тууралуу Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү кабарлашты. Азырынча бул чабуулду ким уюштурганы белгисиз. Буга чейин АКШнын... Читать дальше...



Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү ыктымал

Azattyk.org 

Кыргызстанда 6-9-апрель күндөрү жаан-чачын болуп, күндүн ысышынан улам тоолуу райондордогу автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Синоптиктер мындан улам кан жолдордо машинелер 500 метр аралыкты сакташы керектигин эскертти. Ал эми тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымал. 6-апрелде Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолорго кар түшөт. Чүйдө түнкүсүн 1…6 күндүз 13…18 Талас облустарында 0…5, күндүз 13…18, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 2…7... Читать дальше...

Бишкек Сеулдан кыргыз студенттерине квотаны көбөйтүүнү өтүндү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов 5-апрелде Бишкекте Түштүк Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бён Сок менен жолукту. Алар парламент аралык кызматташтыкты, соода-экономикалык байланышты чыңдоону жана мамилелердин жигердүү уланышы тууралуу пикир алмашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, Пак Бён Сок Кыргызстан региондо ачык-айкын саясаты менен айырмаланып тураарын белгиледи. "Кыргызстан Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө болуп эсептелет. Ачык-айкындуулугу менен аймакта өзгөчөлөнүп турат"... Читать дальше...

COVID-19: Казакстанда бир күндө оорудан жыйырма адам ажал тапты  

Azattyk.org 

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министирлиги 5-апрелде өткөн эки суткада  коронавирус дагы 1 921 адамдан аныкталганын кабарлады. Жекшемби күнү Алматада инфекция 611 адамдын анализинен тастыкталса, баш калаа Нур-Султанда дагы 368 тургун жуктуруп алды. Илдеттин вирус аныкталбаган түрүнүн өсө баштаганы да катталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык,  3-апрелде COVID-19 илдетинин белгилери бар пневмониянын 17 учуру чыкты. Өткөн ишемби күнү өлкө боюнча коронавирустун кесепетинен киши 20 каза тапты. Читать дальше...

Момбеков: Кумтөрдөн казылган алтын тууралуу эки ача маалымат бар

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинен улам түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков 1997-2020-жылдары казылган алтындын көлөмүнө байланыштуу өкмөт эки башка маалымат берип жатканын билдирди. Бул тууралуу Момбеков «Азаттык» радиосуна кабарлап, айрым документтерди көрсөттү. Анын ырасташынча, "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 1997-2020-жылдары Кумтөрдөн 409 тонна алтын казылып, сатылган. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик... Читать дальше...

Ысык-Көлдөн Бишкекке кыз ала качууга шектелген жаран кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кайгуул кызматы Ысык-Көл облусунан Бишкекке кыз ала качып келген деген шек менен 22 жаштагы жаран кармалганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, 2-апрелде түндө Бишкек милициясына ала качуу жөнүндө маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда 25 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Анда чала таанышы ала качып келгенин, никеге турууга мажбурлап жактанын айтып, чара көрүүнү өтүнгөн. Кылмышка шектүү кармалып, бул факт Кылмыш жана... Читать дальше...

Кара-Кечеден Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган айдоочулар иш таштады

Azattyk.org 

Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинен Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ)көмүр ташыган айрым айдоочулар 3-апрелден тартып иш таштады. Алардын айтымында, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги аныктаган акчаны тендерден уткан ортомчу компаниялар төлөп бербей жатат. “Биз Кара-Кечеден көмүрдүн тоннасын 900 сомдон тартабыз, негизги баа 1290 сом экен. Бирок тендерди уткан ортомчу фирмалар бизге төлөнчү акчадан пайда көрүп жатышат. Ошол себептен биз иш таштоого бардык. Читать дальше...

Бишкектин мурдагы вице-мэри Азиз Алымкулов эки айга камалды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту 2-апрелде борбор калаанын мурдагы вице-мэри Азиз Алымкуловдун бөгөт чарасын карап, аны 31-майга чейин камакта калтырды. Алымкуловго Жазык Кодексинин 43-беренесинин 3-бөлүгү жана 319-беренесинин (Коррупция) 1-бөлүгүнө байланыштуу айып коюлган. 31-мартта Аскер прокуратурасы Бишкектеги кымбат жер тилкелерин берүү боюнча "Мыйзамсыз баюу" жана "Коррупция" беренелери менен тергелип жаткан иштин алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК)райондордун... Читать дальше...

Ошто кыз-келиндер көйгөйүн чагылдырган сүрөт көргөзмөсү өттү

Azattyk.org 

Ош облустук көркөм сүрөт музейинде кыз-келиндер кабылган зордук-зомбулукту, коомдогу жана үй-бүлөдөгү басым-кысымды чагылдырган заманбап чыгармалардын көргөзмөсү өттү. «Пудра» деп аталган иш-чара 28-марттан 4-апрелге чейин болду. Анда Кыргызстандын аймактарынан чогулган жаш активисттердин окуялары, ой-толгоолору инсталляция, сүрөт, видео баян аркылуу чагылдырылды. «Аймактардан келген кыздарды топтоп, аларга арт-лагерь өткөрдүк. Аларга адам укуктары, комикс, видеолорду тартуу тууралуу сабактар өткөрүлдү. Читать дальше...

Некролог: Жаркын Суран кызы адам укугуна адистешкен журналист эле

Azattyk.org 

Жаркын Суран кызы аймактагы элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанымал болгон. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов баштаган жетекчилердин жана кесиптештеринин атынан жарыяланган көңүл айтуу катында белгиленди. «Чыгаан журналист жана жазуучу Жаркын Суран кызынын жаркын элеси элибиздин эсинде бекем сакталат. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз».  Некрологдо кыргыз маданияты жана... Читать дальше...

COVID-19: оорунун үчүнчү толкуну май-июнда башталышы мүмкүн

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин божомолунда, коронавирустун үчүнчү толкуну Кыргызстанда май-июнь айларында башталышы мүмкүн. Өкмөт өкүлү "Азаттыкка" ага чейин бир миллион адамды эмдөө пландалып жатканын билдирди. “Былтыркы алгачкы толкун май-июль айларына туура келген. Антитела бир жылга жетет. Демек, быйыл май-июнь айларында күчөшү мүмкүн. Бирок, биз аны токтотуп калууга аракет кылабыз”, - деди министр. Министрдин айтымында, Орусиядан "Спутник V" вакцинасын... Читать дальше...

Коронавирус дагы 139 кишиден аныкталып, бир адам каза болду

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 5-апрелдеги маалыматына караганда, соңку суткада Кыргызстанда илдет  дагы 139 кишиден аныкталды. Анын дээрлик көбү, 123ү Бишкек шаарында. Бишкекте COVID-19дан бир адам каза болду. Жалпысынан бул оору 1507 адамдын өмүрүн кыйды. Кыргызстанда коронавирусту жалпы 89 153 адам жуктуруп алды. Анын 85 миңден ашыгы сакайып чыкты. Ооруканада 648 адам бул илдет менен алышып жатат. 34 бейтап өтө оор абалда. Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта баштады. Читать дальше...


Музыкальные новости
Моргенштерн

Моргенштерн* раскрыл доход от платного телеграм-канала





Персональные новости
Россия

На международной выставке-форуме "Россия" в Москве завершилась тематическая неделя спорта





Өзбекстан менен Казакстандан жардамга буудай үрөнү келет

Azattyk.org 

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудай үрөнүн берип жатканын, анын теңи жардам экенин билдирди. Өкмөт башчы кыргыз тарап жардамдын жарымын кайра буудай менен кайтарып берерин айтты. Андан тышкары Кыргызстан 500 тонна пахта үрөнүн ушундай эле келишим менен алат. Өзбекстан 10 миң тонна унду гуманитардык жардам катары кайтарымсыз тартипте бермекчи. Мындай колдоону Казакстан да көрсөткөнү турат. «Казак боордоштор да 1000 тонна үрөндү күздүк буудай себүүгө жардам катары берип жатышат», - деди Марипов. Читать дальше...

Алайда мал кайтарып жүрүп дайынсыз кеткен бала табыла элек

Azattyk.org 

Оштун Алай районундагы Келдибек Белекбаев айыл аймагындагы Терек кыштагында мал карап жүрүп дайынсыз кеткен 14 жаштагы баланы издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Жекшембиде 40тай куткаруучу менен милиция кызматкерлери, андан сырткары ондогон жергиликтүү тургун өспүрүмдү издеп чыккан, бирок натыйжа болгон эмес. 14 жаштагы бала 2-апрель күнү жоголгон. Ал мал кайтарып жүргөн учурда ошол аймакка кар көчкү түшкөн. (TSh)

Шайлоо: Болгариянын бийликтеги партиясы коалициялык өкмөт түзүүгө мажбурланчудай

Azattyk.org 

Премьер-министр Бойко Борисовдун “Жарандар – Болгариянын Европалык Өнүгүүсү Үчүн” (“Граждани за европейско развитие на България”; кыска аталышы ГЕРБ) деп аталган чордончул-оңчул партиясы 4-апрелдеги парламенттик шайлоодо болжол менен 25 пайыз добуш менен жеңишке жетет деп болжолдонуп жатат. “Alpha Research” сурамжылоо фирмасынын маалымдашынча, оппозициялык Социалисттик партия 17,6 пайыз добуш менен экинчи орунда ишенимдүү келе жатат. Сыналгы жылдызы Слави Трифонов башында турган "Ушундай эл... Читать дальше...

Кыргызский махровый коррупционер из Наримана Улугбек Рахманов рвётся к власти

Новости пользователей сайта 

КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевге

                                            723325, Ош облусу, Кара-Суу районунун, Нариман айыл аймагынын Кызыл Мээнет                                                                                айылы, Аэропорт көчөсү 110 үй тургуну Хусанов Абдукаххардан

АРЫЗ

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

1. Нариман айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы коррупционер... Читать дальше...

Косово парламенти Османи айымды президент кылып шайлады

Azattyk.org 

Косовонун парламенти 4-апрелде кечкурун бийликтеги «Ветевендосйе» («Өзүн өзү аныктоо») кыймылынын талапкери Вйоса Османи айымды өлкөнүн жаңы президенти кылып шайлады. 39 жаштагы юрист Османи айым президенттикке үчүнчү айлампада 71 добуш менен шайланды. Үчүнчү айлампада талапкер жеңүү үчүн 61 добуш алса эле жетишмек. Добуш берүүгө сексен эки депутат катышкан, бирок 11 бюллетен жараксыз табылган. Османинин атаандашы, партиялашы Насуф Бейта бир дагы добуш алган жок. Чечүүчү айлампа парламент кворум... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Матч ЦСКА - "Рубин" завершился со счетом 2:2


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Арина Соболенко

Швентек и Соболенко устроили триллер за престижный трофей


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Синоптик Позднякова: 9 мая в Москве еще будет кружить снег





Путин в России и мире
Москва

А броня, как у вертолета: какие автомобили предпочитает Владимир Путин


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко: Белоруссия реагирует на обострение обстановки вблизи границ страны




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Юрий Башмет

В Мурманске пройдет очный отбор в юношеский симфонический оркестр Юрия Башмета



Москва

Генсек ООН направит Владимиру Путину письмо в связи с инаугурацией

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net