Сүлүктүдө шахтада ууланып төрт киши каза болду
Баткендин Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Андан алынга маалыматка ылайык, окуя 10-декабрда саат бештер чамасында Сүлүктүдөгү «Ормон» аттуу көмүр казган шахтада болгон. Маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүп берилди. Учурда тиешелүү текшерүү жүрүп жатат. Кыргызстанда шахталарда адам өмүрүн алган кырсыктар утур-утур болуп турат. Буга чейин октябрь айында Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында өз алдынча... Читать дальше...