Өзбекстанда газ тартыштыгынын улам аялдар жол бууду
Өзбекстанда жаратылыш газы тартыш болгон аймактарда улам бир жерде нааразылык акциялары чыгып жатат. Хорезм облусунун Шават районуна караштуу Чигатой айылында он чакты аял кара жолду тороп турган сүрөт Интернетте тарап жатат. Аларды, «Азаттыктын» өзбек кызматынын маалыматына караганда, бир аздан кийин милиция кубалап кетирген.
Газ жетишпей жатканынан улам өткөн аптада өлкөнүн батыш жагындагы Нукус районунда жергиликтүү тургундар жолдорду бууса, борборго жакыныраак Сырдарья облусунда айдоочулар көчө торошкон.
Серепчилер газдын жетишсиздигин өлкөдө өндүрүлгөн жаратылыш газынын басымдуу бөлүгү сыртка сатылып жатканы менен байланыштырышат. Бүгүнкү күндө өзбек газын эң көп сатып алган өлкө - бул Кытай, андан кийин Орусия турат. (RK)