АКШ Ирак менен Сириядагы куралдуу топко сокку урду
29-декабрда Кошмо Штаттары Ирак жана Сирияда “Катаиб Хезболла” куралдуу кошунуунун беш жайына сокку урду. Пентагон билдиргендей, Ирактын бир жана Сириянын үч району “Катаиб Хезболланын” көзөмөлүндө турат. АКШнын Коргоо министринин жардамчысы Жонатан Хоффмандын Пентагондун веб-сайтына жарыяланган билдирүүсүндө “Катаиб Хезболланын” Ирактагы коалициялык күчтөрдүн базаларына жасаган чабуулдарына жооп иретинде Кошмо Штаттары Сириядагы жана Ирактагы куралдуу кошуундун беш жайына так коргонуу соккуларын урду. Читать дальше...