Стадиондо жашаган жалгыз бой эне
Оштогу борбордук стадиондун кийинип-чечинүүчү жайында убактылуу баш калкалап жүргөн эки балалуу жалгыз бой аял Калбүбү Жамилова 20 жыл мурда Тажикстандан көчүп келген.
Оштогу борбордук стадиондун кийинип-чечинүүчү жайында убактылуу баш калкалап жүргөн эки балалуу жалгыз бой аял Калбүбү Жамилова 20 жыл мурда Тажикстандан көчүп келген.
Чаткал районундагы билим берүү мекемелеринде ата-энелер түптөгөн көмөкчү чарбада мал-жандыктын саны миңден ашты. Жакында эле райондогу эки бала бакчада жергиликтүү тургундар 40тай баш мал берген.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын чыгышында 2014-жылдан бери 13 миңден көп адамдын өмүрүн алган жаңжалды жөнгө салууга багытталган Париждеги сүйлөшүүгө катышуу үчүн келишти. Елисей сарайына өз-өзүнчө кортеждин коштоосунда келген Путин менен Зеленский алгач Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел менен өз-өзүнчө жолугушту. Андан кийин Парижде төрт мамлекеттин лидери кеңири жыйынга чогулушту Кийин Владимир... Читать дальше...
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго
Читать дальше...Украиналык мурдагы депутат жана транспорт министри Микола Рудковский 2014-жылы Орусиянын Киевдеги элчилигине чабуул коюуга күнөөлүү деп табылып, эки жылга эркинен ажыратылды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Москва шаардык соту Рудковскийди "белгисиз адамдар менен чогуу Украинадагы Орусиянын элчилигине чабуул койгону үчүн" соттогон. Маалыматтарда мурдагы украин министри 2018-жылдын сентябрь айында Орусиянын аймагында кармалган. Украиналык активисттер жасалма кылмыш иштерин козгоп жатат деп орус бийлигин айыптап келет. Читать дальше...
Улуттук баалуулуктарды, адеп-ахлакты жана маданиятты сактоого чакырган жарандык активисттер 9-декабрда Бишкекте "Белгилүү маршрут" деген аталышта акция уюштурушту.
Кунары качкан Миң-Куш айылындагы уранга ууланган элдин турмушу. Пенсиядан баш тарткан жалалабаддык ардагерлер. Жардамга муктаж адамдарга кол сунган айылдык энелер. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Өлкөдө көз каранды эмес сот системасын калыптандырыш үчүн бюджеттен 2019-жылы 2 миллиард 154 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат 2018-жылга салыштырмалуу 35 пайызга көп. Бирок буга карабай соттук реформа алдыга жыла элек.
Жарандык активист Афтандил Жоробеков 9-декабрда Аскер прокуратурасында суракта болду. Ал тергөө купуялыгын сактоо тууралуу тил кат жазып бергендиктен өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Жакындарынын айтымында, Жоробековго 4-5 ай мурда «Фейсбуктагы» «БеспределKG» баракчасына жарыяланган пост боюнча суроолор берилди. Жарандык активист, «БеспределKG» баракчасынын модератору Афтандил Жоробековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган. Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу 9-декабрда Ички иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, мыйзамга ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмышка шектүүлөр мындай экспертизадан өтүшү шарт. “2019-жылдын 12-ноябрында оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу Жазык-процесттик кодекстин 171-беренесинин (Экспертизаны дайындоонун негиздери) негизинде 16 шектүүгө карата, анын... Читать дальше...
Орусияга ишке бараткан кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылды.
Казак оппозициясынын активисттери бийликти Кытайдын Шинжаң аймагынан качып келген казактарды экстрадиция кылбоого чакырды. Активисттер Жанболат Мамай, Ырысбек Токтасын жана Төлеген Жукеев 9-декабрда журналисттер менен маектешти. Алар Кытайдан качып келген Мурагер Алимулы менен Кастер Мусаханулын артка кайтарылса, кыйноого кабылып, атүгүл көзү тазаланышы да мүмкүн экенин айтышты. Өткөн жумада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин орун басары Дархан Дилманов чек араны мыйзамсыз өтүп... Читать дальше...
Парижде Украинанын чыгышындагы жаңжалды басууну көздөгөн “Норманд төрттүгүнө” кирген Франция, Германия, Орусия жана Украинанын лидерлери үч жылдан кийин жолугушуп жатышат.
«Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Матраимовдун чыгашасы кирешесинен өтө көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузуу аныкталса чара көрүүнү өтүндү: - Чыгашасы кирешесинен көп болсо, анда кылмыш ишин козгош керек. Журналисттик иликтөөдө анын расмий кирешеси 7-12 миң доллар деп айтылууда. Читать дальше...
Жапониялык догдур, гуманитардык кызматкер, өткөн жумада Ооганстанда курман болгон Тетсу Накамуранын сөөгү ишембиде мекенине жеткирилди. Кабулдун эл аралык аэропортунда сөөктү жөнөтүү иш-чарасына ооган президенти Ашраф Гани, маркумдун үй-бүлөсү, эки өлкөнүн аткаминерлери катышты. Накамура жана дагы беш киши алар бараткан машине 4-декабрда Жалалабад шаарында белгисиз адамдардын аткылоосуна туш болгондо окко учкан. 73 жаштагы догдур ишин 1984-жылы Пакистандын Пешавар шаарындагы ооруканада баштаган. Читать дальше...
Прокурорлор «Коррупцияга» шек саналып жаткан Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды.
Бишкекте “Ооэдадайка” тобунун концерттик программасы өттү. Концерттик программада жапон добулбастарынын коштоосунда күүлөр жаңырып, "Манас" эпосунан үзүндүлөр да айтылды.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы сот системасынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына арналган, Улуттук филармонияда өткөн иш-чарада сөз сүйлөдү.
WADA чечими Арбитраждык сот даттанууларды карап чыккандан соң күчүнө кирет. Ага ылайык, Россияда төрт жыл эл аралык турнирлерди өткөрүүгө тыюу салынат. Курама команда өлкөнүн желегин көтөрүп чыга албайт.
Бишкекте улуттук дөөлөттөрдү бекем сактоого үндөгөн “Белгилүү маршрут” деген акциянын алкагында «Чечинбе, уят», «Эрден чыксаң да элден чыкпа» жана «Улут укуктан бийик турат» деген ураандар тагылган автобус шаарды аралап, үгүт-насаат иштерин жүргүздү. Уюштуруучулар жакында музейдеги окуяны улуттук ар-намыска урулган сокку катары кабыл алып, аны идеологиялык диверсия катары айыпташты.
Босния бийлиги өлкөнүн түндүк-батышындагы мигранттардын чатыр лагерин жабууну убактылуу токтотту. Жүздөгөн адамдар баш калкалап жаткан Вусжактагы лагердеги шарттарды эл аралык коомчулук катуу сындап чыккандан кийин бийлик аны 9-декабрда жабууну мерчемдеп жаткан. Мигранттар убактылуу баш калкалаган жай 1992-1995-жылдардагы Босниядагы согуштан кийинки мина талаасындагы таштанды жайдын ордуна жайгашкан. Анда таза суу жана дааратканалар жок. Өткөн жумада кар жаап, лагердеги жашоону оорлоткон. Чет... Читать дальше...
Түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15; Таласта түнкүсүн -3…2, күндүз +10…+15; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16; Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…1, күндүз +4…+9; Нарында түнкүсүн -9…-14, күндүз +2…+7; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6 градус болот. Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +12...+14 градус болот.
7-8-декабрь күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Мелдештеги ирмемдерди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.
Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA) аткаруучу комитети Орусияны Олимп оюндарынан жана эл аралык ири спорт мелдештеринен төрт жылга четтетти. “Комитеттин сунуштары бир добуштан кабыл алынды” деп айтылат Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин билдирүүсүндө. Бул маалыматты Орусиянын кызытмага каршы күрөш агенттигинин (РУСАДА) башчысы Юрий Ганус “РИА Новости” агенттигине ырастады. Өткөн жумада Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA) атайын комитети Орусиянын кызытмага каршы күрөш агенттигин... Читать дальше...
Коргоо министри Марк Эспер 8-декабрда «Fox News» телеканалында сүйлөп жатып, өткөн жума күнү Флоридадагы аскер базасындагы үч аскердин өмүрүн алган атышуудан кийин АКШга келген чет өлкөлүк жоокерлерди текшерүүнү тапшырганын билдирди. АКШга убактылуу окууга келген сауд арабиялык жоокер өткөн жумада аскер базасында үч кишини атып салган. ФБРдын маалыматына караганда, Сауд Арабиясынын армиясынын лейтенанты, 21 жаштагы Мухаммед Алшамрани Пенсаколедеги аскер-деңиз авиациясына окууга келген. Азырынча... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.