Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2019

Новости за 19.12.2019

Айтматова жолдошу табылбай жатканына байланыштуу казак президентине кайрылды

Azattyk.org 

“Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматова 19-декабрда Алматы шаарынын аэропортунда жолдошу дайынсыз болуп жатканына байланыштуу Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаевге кайрылды. Ал бул “Твиттер” баракчасына жазды. “Мен - кыргызстандык активист Ширин Айтматова. Сиз жакында гана менин атамдын Бишкектеги музейине келип кеттиңиз. Бүгүн менин жолдошум Алматынын аба бекетинде дайынсыз жоголду жана мага эч ким жооп бербей жатат. Милиция дагы, Чек ара кызматы дагы. Жардам бериңиз!” деп жазды активист. Читать дальше...

Айтматова: Күйөөм Алматыда дайынсыз болуп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандагы “Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматованын жолдошу, ишкер Сыргак Кенжебаевдин дайыны табылбай жатат. Алдын ала такталбаган маалыматка караганда, аны 19-декабрда Казакстандын Алматы шаарындагы аэропорттон кармап кетишкен.



“Үмүт 2020” кыймылынын лидери Ширин Айтматованын күйөөсүнүн Алматыда дайыны табылбай жатат

Azattyk.org 

“Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевди 19-декабрда Казакстандын Алматы шаарынын аэропортунан кармап кетишти. Ширин Айтматованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, ал азыр жолдошунун кайда экенин билбейт. Ал жолдошунун кармалышын өзүнүн саясий ишмердигине байланыштырууда. ​  - Ал мени Алматыда тосуп алышы керек эле. Биз балдар менен Бишкектен учуп келгенбиз. Телефонумду жандырсам эле “Мени кармап кетишти” деп жазыптыр. Мен чалсам телефону өчүк экен. Читать дальше...

ФСБ бир кызматкери ок жеп каза болгонун бышыктады

Azattyk.org 

Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматы (ФСБ) белгисиз адам Москвадагы баш кеңсесинин жанында ок атканда мекеменин бир кызматкери набыт болгонун билдирди. Буга чейин ок чыгарган адам “зыянсыздандырылганы” расмий маалымдалган. Бул тууралуу орус маалымат агенттиктери жазышты. ФСБ кылмышкердин тек-жайы аныкталганын маалымдады. Бирок анын өлтүрүлгөнү же кармалганы белгисиз. Билдирүүдөн кийин да октун добушу угулуп жатканы кабарланды. Саламаттыкты сактоо министрлиги ФСБнын эки кызматкери “өтө оор жараат” алганын билдирди. Читать дальше...

Москвада ФСБ имаратынын жанында ок атуу болгону кабарланууда

Azattyk.org 

Москвада, такталбаган маалыматтарга караганда, атайын кызматтын бир нече кызматкери жарадар болду же каза тапты. Бейшембинин кечинде Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) жайгашкан Лубянская аянтында белгисиз адам ок аткан. Бул тууралуу күбөлөр маалымдашты. Коопсуздук кызматынын коомдук байланыштар борбору кол салган адам атып өлтүрүлгөнүн билдирди. Анын тек-жайы аныкталууда.  "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы кабарлагандай, “112” телеграм-каналы өз булактарына таянып коопсуздук кызматынын үч кызматкери каза болгонун жазды... Читать дальше...

Европарламент Ирандын коопсуздук күчтөрү ашыкча күч колдонду деп айыптады

Azattyk.org 

Европа парламентинин депутаттары Ирандын коопсуздук күчтөрүнүн тынч митингчилерге каршы “кеңири жана ашыкча“ күч колдонушканын айыптаган резолюция кабыл алышты. Аткарылышы милдеттүү эмес документте фундаменталдуу эркиндиктеринен пайдаланып демонстрацияга чыгып кармалган митингчилерди, укук коргоочуларды жана журналисттерди шартсыз бошотуу талабы коюлган. Тегеран өткөн айдагы нааразылык акцияларын күч менен баскан деген эл аралык коомчулуктун катуу сынына туш болуп келатат. Европарламент Иран... Читать дальше...



Орусия Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин чечимин сотто талашат

Azattyk.org 

Орусия допингден улам өлкөнү төрт жылга ири мелдештерден четтеткен чечимди сотто талаша турган болду. Бейшембиде өлкөнүн Кызытмага каршы агенттиги – RUSADA өткөн аптада Допингге каршы дүйнөлүк агенттик - WADA чыгарган жазалоочу чараларга макул эместигин билдирди. Билдирүүдө 10-15 күндүн ичинде мекеменин президентинин атынан кат жолдонору, бул кадам Лозаннада жайгашкан Спорт боюнча Арбитраждык сотто апелляциялык процессти баштоого негиз берери айтылат. 9-декабрда дүйнөлүк агенттик орусиялык атлеттерди жана расмий адамдарды Олимп оюндарынан... Читать дальше...

Владимир Путин АКШ президентин коргоду

Azattyk.org 

19-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин жылдык пресс-конференцияда АКШ президенти Дональд Трампка жарыяланган импичмент “жок жерден ойлоп табылган” дооматтарга негизделген деген пикирин айтты. Путин Трамп кызматта калат деп күтөөрүн кошумчалады. Ал “шайлоодо утулуп калган партия башка аракеттер менен күрөштү улантууда” деди. 18-декабрда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялаган. Эми маселени Сенат карамакчы. Демократтар үстөмдүк кылган Өкүлдөр палатасы... Читать дальше...

Жалал-Абад: ЖАМК кызматкерлери үйлүү болду

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында курулушу эки жыл мурда аяктаган көп кабаттуу эки үй 19-декабрда пайдаланууга берилди. Шаардагы аэропорттун жанына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери үчүн салынган 70 батирлүү турак жайдын ачкычтарын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырды. Өкмөт башчы соттук реформанын алкагында орган кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу үчүн бир топ аракеттер жасалып жатканын белгиледи. - Бишкекте беш үй курулуп, анын экөө пайдаланууга берилди. Сокулукта да кызматкерлер үчүн үй курулуп жатат. Читать дальше...

Матраимовдордун адвокаттарынын өтүнүчү четке кагылды

Azattyk.org 

Матраимовдордун доо арызын караган сот сүрөт жана видео тартууга уруксат берген жок. Алардын жактоочулары иликтөө жүргүзгөн журналисттердин атын ачык айтууну жана сот болуп жаткан чакта иликтөөдөгү маалыматты таратууга тыюу салууну өтүндү. Бирок сот бул эки өтүнүчтү четке какты.

Сот иликтөө жасаган журналисттердин атын ачык жарыялоо өтүнүчүн четке какты (видео)

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова журналисттик иликтөөнү даярдаган бардык журналисттердин аты-жөнүн ачыкка чыгаруу боюнча Матраимовдордун адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырган жок. Иликтөөнү даярдаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын жактоочулары иликтөө медиалардын атынан жарыяланганын, андыктан журналисттердин атын ачыкка чыгарууга негиз жок экенин жүйө кылышты. «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы... Читать дальше...

Жолдошева: Матраимов Дубайдагы мүлкүнүн булагын түшүндүрүп бериши керек (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева журналисттер саясатчыларды такшалта турганын айтып, өмүрүндө бир да журналистти сотко бербегенин белгиледи. Жолдошева Райымбек Матраимов Дубайдагы мүлкүнүн булактарын түшүндүрүп бериши керек экенин кошумчалады. Камактагы саясатчы, экс-депутат Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган Бишкектеги акцияда Жолдошева журналисттердин суроосуна мындайча жооп берди. - Журналисттерге куугунтук, дегеле азыр болуп жаткан жагдай туура эмес. Эми Дубайдагы мүлкү боюнча ал да негиздеп бериш керек... Читать дальше...

Кыргызстанда 62 мамлекеттик орган «Түндүк» тутумуна кошулду

Azattyk.org 

«Түндүк» системасына 62 мамлекеттик орган жана 24 коммерциялык түзүм кошулду. Системада 389 сервис бар, 2018-2019-жылдары 17,4 миллион транзакциялар жасалды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгон учурда айтты. Расмий кабарда, 12 тастыктама (справка) автоматташтырылып, бир жылдын ичинде 1,5 миллиондон ашуун жаран кезекте туруу жана ашыкча кагаз бюрократиясынан кутулганы кабарланат. Читать дальше...

Эки тараптын сүйлөшүүлөрүнөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы тосмолор алынды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары – Башкы штабынын башчысы Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин кол башчысынын биринчи орун басары - Башкы штабынын башчысы Хикматулла Пираков баштаган эки тараптын 19-декабрдагы сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуулар «Кызыл-Бел-автожол» (КР) жана «Гулистон-автожол» (ТР) өткөрмө бекеттеринде өттү. Анда тараптар мамлекеттик чек арада чек арачылардын жүрүм-турумун сактоону... Читать дальше...

Атамбаев адам өлтүрүүгө шек саналды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге атайын багыттагы "Альфа" түзүмүнүн командиринин орунбасары Үсөн Ниязбековду өлтүрдү деп шектелип жатканы жөнүндө маалымдама берилгенин 18-декабрда расмий билдирди.


Музыкальные новости
Владимир Высоцкий

Что Золотухин рассказывал про некрасивые тайны Таганки и почему Высоцкий его не простил





Персональные новости
ЦСКА

Росгвардия обеспечила правопорядок во время футбольного матча «ЦСКА» - «Спартак» в Москве





Жапаровдун тарапташтары акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Камакта отурган Садыр Жапаровдун жүздөгөн тарапташтары саясатчыны бошотуу талабы менен Бишкекте нааразылык акциясына чыгышты. Алар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Жапаровго ырайым берүү иштерин тездетүүнү суранышты. Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.

Хабаровскиде сабалган кыргызстандык мигранттар Орусиядан чыгарылат

Azattyk.org 

Хабаровск шаарында ОМОНдун зомбулугуна кабылган 14 кыргыз мигранты Орусиядан чыгарылат. Алардын миграциялык эрежелерди сактабай жүргөнү аныкталып, сотто ушундай чечими кабыл алынганын Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев 19-декабрда ырастады. Мигранттардын арасында орусиялык күч кызматкерлеринин ур-токмогуна арыздангандар бар. Мырзабаевдин белгилешинче, консулдукка күч кызматкерлеринин ур-токмогу боюнча кайрылган 17 жарандын арыздарынын негизинде Хабаровск крайынын ИИМ башкармалыгында кызматтык териштирүү жүрүүдө. Читать дальше...

Абылгазиев: Бир жылда 19 жылдагыдан көп жол оңдодук

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы оңдоп-түздөөдөн өткөн Аскар Шакиров көчөсүнүн ачылыш салтанатына катышып, "жолдор – Кыргызстандын экономиканын күзгүсү" экенин билдирди. Өкмөттүн аппараты тараткан билдирүүдө айтылгандай, өкмөт башчы 2019-жылы өлкөдө оңдолгон жолдор 20 жылдан берки көрсөткүчтөрдөн көп экенин билдирди. «Каттам бар жерде, багыт бар. Бул өлкөнүн өнүгүү жолу. Кыргыз Республикасынын президенти жарыялаган Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында биз өнүгүүнүн негизи катары социалдык чөйрөнү алдык. Читать дальше...

Роухани мусулман өлкөлөрүн "АКШнын үстөмдүгүнө" каршы турууга үндөдү

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани мусулман мамлекеттерин "АКШнын гегемониясына" каршы турууга чакырды. Бул тууралуу ал 19-декабрда Малайзияда «Ислам конференциясы уюмунун» жыйынынын ачылышында сүйлөп жатып айтты. Ирандын президенти АКШ башка мамлекеттерди коркутуу үчүн экономикалык санкцияларды колдонуп жатат деген Тегерандын көз карашын дагы бир жолу кайталады. Вашингтон 2015-жылкы эл аралык ядролук келишимден чыккандан кийин Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Үч күндүк жыйынга ар... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Мария стала соперницей Азаренко на турнире WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Huawei представила IDS на 26-м Всемирном энергетическом конгрессе





Путин в России и мире
Москва

Поездам прибавляют ходу // Как может сократиться время пути от Москвы до курортов на Черном море


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Дух разделения в Святой Руси, или Можно ли лишиться сана за отпевание Навального*



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Вольфганг Амадей Моцарт

Моцарт в рок-формате: ставропольские музыканты представили свою версию известного мюзикла



Москва

В Королеве стартовал сезон фонтанов

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net