Жолдошева: Матраимов Дубайдагы мүлкүнүн булагын түшүндүрүп бериши керек (видео)
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева журналисттер саясатчыларды такшалта турганын айтып, өмүрүндө бир да журналистти сотко бербегенин белгиледи. Жолдошева Райымбек Матраимов Дубайдагы мүлкүнүн булактарын түшүндүрүп бериши керек экенин кошумчалады.
Камактагы саясатчы, экс-депутат Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган Бишкектеги акцияда Жолдошева журналисттердин суроосуна мындайча жооп берди.
- Журналисттерге куугунтук, дегеле азыр болуп жаткан жагдай туура эмес. Эми Дубайдагы мүлкү боюнча ал да негиздеп бериш керек, булагын көрсөтүшү кажет. Мен, мисалы, шуба сатып алсам да декларацияга киргизишим керек, ал эми мүлк сөзсүз камтылышы керек. Журналисттер баарын так эсептегенге мүмкүнчүлүгү жок, банктан документ сураса аларга бербейт. Ал эми күч органдары соттун чечими менен сураса, аларга документ берет. Ошондуктан күч органдары элдин талабын эске алып, бардыгын так аныктап бериши керек,-деди Жолдошева.
21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.
Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.
Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи. Матраимовдор болсо иликтөөдө айтылган маалыматтарды четке кагышкан.
Иликтөөгө байланыштуу бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана иликтөөнү басып чыгарган «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүүдө. (ErN)