Лионел Месси алтынчы ирет “Алтын топту” алууга ылайык деп табылды
Аргентиналык Лионел Месси “France football” журналынын жыйынтыгы боюнча “Алтын топко” талапкерлердин арасынан эң көп добуш алган футболчу болду. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Месси биринчи орунга чыккан. Экинчи орунга “Ливерпулдун” коргоочусу, нидерландиялык Виржил ван Дейк жайгашты. Ал эми үчүнчү орунду португалиялык Криштиану Роналдуга ыйгарышты. Лионел Месси ушуну менен алтынчы ирет “Алтын топту” жеңүүдө. Буга чейин ал 2009, 2010, 2011, 2012 жана 2015-жылдары дүйнөнүн “мыкты оюнчусу” аталган. Читать дальше...