ЖЭБ иши: соттун өкүмү чыкты
Тогуз айлык териштирүүдөн кийин Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот өкүмү чыкты.
Тогуз айлык териштирүүдөн кийин Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот өкүмү чыкты.
Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет Ирандын тартип коргоо органдарын демонстранттарга "аёосуз күч" колдонду деп айыптады. Ал ноябрь айында Ирандын бир катар аймактарында өткөн нааразылык акцияларында коопсуздук күчтөрү митингчилерди "өлтүрүү үчүн ок атканын" 6-декабрда айтты. Тегерандагы тоз-тополоңдо, кагылышууда өлгөн жана камалгандар боюнча ачык маалымат берүүгө үндөдү. 5-декабрда Кошмо Штаттарынын Иран боюнча кеңешчиси Брайан Хук Иранда бийликке каршы... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш Бажыдагы коррупцияга каршы өкмөттүн күрөшүн жарым-жартылай канааттандырарлык деп тапты. Аткезчилик маселеси талкууланган парламент жыйынында «Азаттыктын» акыркы иликтөөлөрү боюнча бир нече жолу маселе көтөрүлдү.
Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот өкүмү чыкты.
Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот өкүмү чыкты. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга кесилип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев да 17 жылга эркинен ажырады. Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга абакка кесилди. Калган айыпталуучулар... Читать дальше...
Ангела Меркел Германиянын канцлери катары биринчи жолу Польшанын Освенцим шаарындагы Холокост курмандыктарына арналган мемориалга барды. Ал Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий менен чогуу мурдагы концентрациялык лагердеги "Өлүм дубалына" гүлчамбар койду. Дүйнөлүк экинчи согушта дал ушул жерде нацисттик Германиянын күчтөрү миңдеген туткундарды атып өлтүрүшкөн. Азыр музейге айланган мурдагы лагерди 1945-жылы Советтик армия бошоткон. Ага чейин бул жайда басымдуу бөлүгүн жөөт туткундары түзгөн 1 миллиондон ашуун адам өлтүрүлгөн. Читать дальше...
6-декабрда жергиликтүү маалымат сайттардын биринде жарыяланган видеодо Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райыбек Матраимов кабарчылардын суроосуна жооп берип, соңку журналисттик иликтөөдөгү Айеркен Саймаитини тааныбай турганын жана аны менен эч кандай мамиле курбаганын билдирди. Мындан тышкары ал иликтөөдө сөз болгон 700 миллион долларга эч кандай тиешеси жоктугун, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептерин, мындан улам журналист Али Токтакунов менен активист Ширин Айтматованы сотко бергендигин... Читать дальше...
Бишкектин Перинаталдык борборунда дагы үч эм төрөлдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, 35 жаштагы келин 2-декабрда көз жарган. Ымыркайлардын үчөө тең кыз. Эненин да, наристелердин да абалы жакшы. Ушуну менен быйыл бул төрөт үйүндө жетинчи жолу үч эм жарыкка келди. Быйыл февралда Перинаталдык борбордо төрт эм төрөлгөн. Аларды ата-энеси Арууке, Акбермет, Айчолпон жана Сооронбай деп аташкан. (RK)
Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы филарманияга Жапония элчилигинин үн жана жарык бере турган аппараттарды өткөрүп берди. Салтанаттуу иш-чарага Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Маэла Сигэки жана маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышып жатат. Жапон элчилигинин билдиришинче, жабдуулар гранттык негизде берилүүдө. Анын жалпы суммасы 88 миң 978 долларды түзөт. Иш-чаранын соңунда жапон добулбастары “Ооэдадайка” тобунун концерттик программасы өтөт. (GT)
Иранда бийликке каршы акциялар башталгандан бери жүздөгөн адам өлтүрүгөнү кабарланууда. Кремлдин саясатын кескин сындап келген 21 жаштагы блогер шарттуу кесилди. Сол залынан чыкканда аны жүздөгөн адам баатырларча тосуп алышты.
Быйыл кышта Кыргызстанда электр энергиясы атайылап өчүрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге маалымат берип жатып «Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси Айтмамат Назаров билдирди: - Техника деген техника. Кайсы маалда кай жерден өчүп каларын, өчпөйт деп айтыш кыйын. Шамал болуп, эки зым бири-бирине тийип калса да өчүшү мүмкүн. Биз ошону бат калыбына келтирип, тейлешибиз керек. Бирок мурдагыдай «электр энергиясы жетпей жатат» деп атайылап кезеги менен өчүрбөйбүз. Ошону менен катар Назаров быйылкы... Читать дальше...
Ош, 6-декабрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Өзбекстан 10 млн. АКШ долларына жакын каражатын Кыргызстанга инвестиция катары киргизүүгү пландап жатат.
Ош, 6-декабрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Жеке ишкер Анваржан Шарипов шаардагы начар абалдагы Давыдов көчөсүнө узундугу 250 метр, туурасы 8 метр болгон асфальт төшөп берди.
Бишкек шаарынын ышка чулганып жатканы коомдун кызуу талкуусунда. Эл арасында буга автоунаалардан чыккан газ, үйлөрдүн жана мончолордун мешинен чыккан түтүн себеп болууда деген пикирлер бар. Мэриянын маалыматына ылайык, айрым тургундар үйүн жылытыш үчүн тигүү цехтеринен чыккан кездеменин өөндөрүн жана желим буюмдарды жагышат. “Азаттык плюс” бул жолу ыштан арылуунун жолун издеп көрдү.
Бишкектин Свердлов райондук сотунда ушу тапта баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот боюнча өкүм чыгат деп күтүп жатышат. Судья кеңешүүчү бөлмөгө кеткен. Бүгүн соттолуучуларга акыркы сөз берилди. Алар баары тең күнөөсү жок экенин айтышты. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ЖЭБди оңдогону үчүн сыймыктанарын айтты. Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев абийири Мекенинин, бала-бакырасынын алдында таза экенин билдирди. Прокурорлор сот жараянында буга... Читать дальше...
Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери Майыптардын эл аралык күнүнүн алкагында Бишкек шаарындагы “Нур” балдардын реабилитациялык борборуна барышты.
Олимпиада оюндарында Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууну пландап жатат. Учурда кыргыз спортчуларында беш жолдомо бар.
Сионист режиминин маалымат каражаттары жума күнү өлкөнүн коопсуздук күчтөрү узун аралыкка учуучу өзөктүк дүрмөт алып жүрө турган ракета сынашканын билдиришти.
«Facebook», «Instagram», «YouTube» жана «Twitter» сыяктуу социалдык тармактарда манипуляциялык аракеттерге каршы жетиштүү күрөш жүрбөй жатат. Бул тууралуу НАТОнун Стратегиялык коммуникация борбору (StratCom) 6-декабрда жарыяланган баяндамасында билдирди. Бул баяндамада социалдык тармактар шайлоо маалында элдин тандоосуна таасир этүүнү, коомдук пикирди бөлүп-жарып, кайсы бир темалардан элдин көңүлүн буруп кетүүнү көздөгөндөрдүн куралына айланганы айтылат. Аталган борбор жогорудагы төрт социалдык түйүндө төрт ай бою эксперимент жүргүзүп... Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү жемкорлук негизги маселелердин бири болуп жатат деп эсептейт. Бүгүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүү механизмдери, анын элементтери жана өркүндөтүү» деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Өз сөзүндө ал өкмөт коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча комплекстүү иш аткарып жатканын айтты. Ошону менен катар «коррупция коомубуздун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген негизги факторлордун бири бойдон калууда» деп билдирди. Читать дальше...
2013-жылдын 4-декабрында «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастар» тизмесине кирген. Биз улуу эпостун тегерегиндеги талаш-тартыштар тууралуу сөз кылууну туура таптык.
АКШ Иранда бийликке каршы нааразылык акциялары башталгандан бери миңден ашуун адам өлүшү мүмкүн деп билдирди.
Украиналык жаш блогер Саша Бельский кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арнап атайын флешмобун улантууда. Октябрдын башында ал «YouTube» порталындагы жеке каналы аркылуу кайрылуу жарыялап, жазуучунун чыгармаларынын биринен үзүндү окуп жөнөтүүнү суранган. Бирок бир ай ичинде эки гана адамдан видео келгенин ал таң калуу менен билдирип, «Instagram» баракчасына «Кыргыздар, эмне болдуңар?» деп жазды. Блогер Айтматовдун чыгармасынан үзүндү окулган видеолорду godlike.sa.bee@gmail.com дарегине кабыл алуу уланып жатканын билдирди. Читать дальше...
Кошмо Штаттар Ирандын болжолдуу аракеттерине каршы туруш үчүн Жакынкы Чыгышка бир нече миңдей кошумча аскер жөнөтөт. Бул тууралуу АКШнын коргоо министринин орун басары Жон Руд 5-декабрда Конгрессте билдирип, Вашингтон «Ирандын аракеттерине тынчсыздануу менен көз салып турганын» белгиледи. Бирок ал канча кошумча аскер жөнүндө сөз болуп жатканын так айткан жок. Ошол эле учурда «The Wall Street Journal» басылмасынын «Пентагон чөлкөмгө 14 миңдей кошумча жоокер жөнөтүүнү караштырып жатат» деген маалыматын четке какты. Читать дальше...
Чүй облустук милициясынын Москвада дарыланып жаткан башчысы Самат Курманкуловдун ден соолугунда жакшы жылыш бар. Бул тууралуу «Фарм-Альянс» компаниясынын жетекчиси Татьяна Дементьева «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды. Дементьева Москвага барып Курманкуловдун өзү менен жолукканын, ал сүйлөп, тамашалашып калганын, башынан өткөн окуя тууралуу көзүнө жаш алып айтып бергенин билдирди. «Өз көзүм менен көргөнүмө абдан кубандым», - дейт Дементьева. Саламаттык сактоо министрлиги Курманкуловдун ден... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.