Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2019

Новости за 20.12.2019

Москва: ФСБга кол салган адам ким?

Azattyk.org 

19-декабрдын кечинде президент Владимир Путин Кремлде Орусиянын коопсуздук кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жаткан кезде аталган коопсуздук мекемесинин баш кеңсесине чабуул жасалды.

Ата-эне мээримине зар балдар

Azattyk.org 

Кыргызстанда балдар үйлөрүнөн жыл сайын 300дүн тегерегинде бала тарбияланып чыгат. Статистикага ылайык, алардын 5% гана толук кандуу жаран болуп, өз бүлөсүн куруп кетсе, калгандарын түрдүү тагдырлар күтүп турат. Укук коргоочулардын айтымында, мамлекет балдар үйүнөн чыккандарга интернаттан кийин кадимки жашоого калыптана турган бир-эки жылдык атайын борборлорду куруп бериши зарыл. Анда өспүрүмдөрдү ар тараптуу турмушка даярдап чыгарса болот. Биз бул жолу ошол борборлордун милдетин аткарган социалдык үйлөрдө жашаган балдардан кабар алдык.

Жакшы аялдар үй болушат бороондо...

Azattyk.org 

«Аял жакшы - эр жакшы». Мына ушул сөздү ар дайым уга берип, маанисин жакшы түшүнгѳн менен маңызына анча деле үңүлүп көңүл бура бербейбиз.



Өзбекстан “жылдын мыкты өлкөсү” аталды

Azattyk.org 

ФСБнын имаратына жасалган чабуулда адам өмүрү кыйылды. Бул учурда Кремлде президент Путин күч кызматтарынын жетекчилерин куттуктап жаткан. Словакияда иликтөөчү журналист Ян Куцияктын өлүмүнө айыпталган адамдардын соту башталды. Британиялык "The Economist” журналы Өзбекстанды быйыл "жылдын мыкты өлкөсү" деп тапты.

Ооганстандын түндүгүндө жер силкинди

Azattyk.org 

АКШнын геологиялык кызматы жер титирөөнүн күчү 6,1 баллга жеткенин кабарлады. Табыгый кырсык эл аз жашаган, Бадахшан провинциясынын түштүк-батышындагы Журма аймагында, 200 чакырым тереңдикте орун алды. Зилзаланын күчү Пакистанда, Индияда да сезилди жана ондогон адам турак-жайын таштап көчөгө качып чыгышты. Азырынча жер титирөөнүн кесепети тууралуу айтыла элек. Аталган аймакта маал-маалы менен жер силкинип турат.  2015-жылы октябрдагы зилзалада Ооганстан, Пакистан жана Индияда 400дөн ашык адам ажал таап, миңдеген адам турак-жайсыз калган.

2020-жылы «Ак-Жол» – «Кордай» бекети жабылат

Azattyk.org 

2020-жылы реконструкциялоо иштерине байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» – «Кордай» көзөмөл-өткөрмө бекети жабылат. Бул тууралуу 19-декабрда Кыргызстан менен Казакстандын депутаттар тобунун жолугушуусунда белгилүү болду. Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган маалымат боюнча, Казакстандын мажилис төрагасынын орун басары Владимир Божко эмки жылы «Кордай» бекетин оңдоо иштери башталарын айткан. Ушундан улам каттоолорду жакынкы пунктар аркылуу жүргүзүүгө туура келет. Ошондой эле «Ак-Тилек» ... Читать дальше...



"Республиканын" жетекчиси алмашты

Azattyk.org 

Бишкекте "Республика" партиясынын курултайы өттү. Анда партиянын саясий кеңешинин төрагалыгына Мирлан Жээнчороев шайланды. Партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов саясаттан биротоло кеткенин айтып, мындан ары өлкөгө инвестиция тартып, сот реформасын жүргүзүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

Кенжебаевдин кармалышы, Айтматованын байланышы

Azattyk.org 

​Экс-депутат Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевдин кармалышы көп суроолорго жем таштады. Айтматова алгач жолдошу Казакстанда кармалганын билдирсе, кийин Кыргызстандын атайын кызматы Кенжебаев Бишкекте алдамчылыкка шек саналып колго түшкөнүн кабарлады.

Акчасы жок баланы үйүнүн жанынан түшүрбөй койгон айдоочу жумуштан алынды

Azattyk.org 

Акчасын жоготуп жиберип жол кире төлөй албай калган 11 жаштагы баланы үйүнүн жанынан түшүрбөй койгон №7 автобустун айдоочусу иштен кетти. Бул маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова ырастады. Алмамбетова бул окуя боюнча маалымат чыккандан кийин баланын ата-энесин таап, кечирим сурашканын айтты. "24.kg" сайтына баланын апасы кайрылып, №7 автобустун айдоочусу баласын үйүнүн жанынан түшүрбөй 1,5 чакырым алыс жерге таштап салганын айтканын жазган. Буга окуучу 8 сом жол киресин жоготуп алып... Читать дальше...

Ооруканадан качып кеткен кылмышка шектүү адам кармалды

Azattyk.org 

Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө дарыланып жаткан жеринен качып кеткен кылмышка шектүү Алмаз Калдыбаев кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, «Каракчылыкка» шек саналып жаткан Калдыбаев Ош шаардык милициясы тарабынан Бишкектен колго түшкөн. Ал ден соолугуна байланыштуу Ош шаардык ооруканасына жаткырылып, милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда болгон. Бирок 17-декабрда из жашырып кеткен. (BTo)

Хасан Роухани Жапонияга келди

Azattyk.org 

20-декабрда Ирандын президенти Хасан Роуханинин Жапониядагы эки күндүк сапары башталды. Ал Токиодо жапон премьер-министри Синдзо Абе менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы алака-катышты, аймактык, эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашты.  Бул жылы эки өлкө ортосундагы алака жаңы деңгээлге чыкты. Роухани акыркы жыйырма жыл ичинде Токиого биринчи барган иран лидери болсо, премьер-министр Синдзо Абэ да акыркы 40 жылда алгач ирет Тегеранга келген жапон лидери болуп калды. Токио Иран менен АКШ ортосунда... Читать дальше...

Түркияда балет бийчиси Чолпонбек Базарбаев эскерилди

Azattyk.org 

19-декабда Анкара шаарында балет бийчиси, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган эскерүү маданий кечеси болду. Иш-чаранын алкагында, даңазалуу кыргыз балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевге арналган эскерүү сөздөрү, сүрөт көргөзмөсү жана «Аккуу көлү» балети коюлду. Ага Базарбаевдин иниси Кудайберген Базарбаев, Анкарадагы элчилер, Түркиянын министрликтеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин жетекчилери, Анкарадагы кыргызстандыктар жана балеттин күйөрмандары катышты. Читать дальше...

"Ахмадбайга" 12 миңдей адам 40,5 миллион долларын алдаткан

Azattyk.org 

Өзбекстанда коомчулукка "Ахмадбайдын иши" деген таанымал окуяда 11710 адам жабырлануучу деп табылды жана алар жалпысынан 40,5 миллион долларын алдаткан. Бул тууралуу Ташкент облусунун Мажбурлап аткартуу бюросунун өкүлү Бекзод Мангилев 17-декабрда кабарлады. Анын айтымында, бул кылмыш ишинин алкагында ишкер Ахмад Турсунбаевдин ири өлчөмдөгү акча каражаты, 30дай кыймылсыз мүлкү жана сегиз автоунаасы алынган жана анын мүлктөрү аукцион аркылуу сатылмакчы. Өзбекстандагы эң ири каржы пирамидасын түзгөн... Читать дальше...

Укук коргоочу Ошурахуновага болгон коркутуу иликтенип жатат

Azattyk.org 

Укук коргоочу Динара Ошурахуновага болгон коркутуу фактысы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы иликтөө ишин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Жумаков билдирди. - Динара Ошурахунова Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазды. Материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш башталды, - деди Жумаков. Читать дальше...

Сириядагы лагерлерден Босниянын 25 жараны мекенине кайтты

Azattyk.org 

Босния-Герцеговина бийлигинин билдиргенине караганда, мекенине кайтып келген 25 адамдын алтоо "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочулары деп шек саналгандардын жубайы болсо, 12си алардын балдары. Кайтып келген жети эркек укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Прокуратура алар террордук топко кошулганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын бышыктады. Сириядан кайткан аялдар менен балдар Сараевонун жанындагы "Делияс" лагерине 15 күнгө жайгаштырылды, андан кийин үйлөрүнө жөнөтүлмөкчү. ... Читать дальше...

Интернеттен кардар тапкан элеттик уздар

Azattyk.org 

Кара-Кулжа районунун Сары-Камыш айылындагы аялдар бычуу, тигүү, токуу чеберчилигине каныгып, жасаган буюм-тайымдарын Интернет аркылуу сатып,пайда табуу ыкмаларын үйрөнүп жатышат.


Музыкальные новости
Сергей Шнуров

Матильда Шнурова примерила откровенный наряд в сетку





Персональные новости
Владимир Путин

«Есть ответы на вопросы бизнеса»: Хуснуллин об итогах встречи с Путиным на РСПП





Токаев митинг тууралуу жаңы мыйзам кабыл алууга дагы убада берди

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 20-декабрда Нур-Султан шаарында "Коомдук ишеним кеңеши" менен жолугушууда тынч жыйындар тууралуу мыйзамды жакшыртууга дагы убада берди. Ал "митинг өткөрүү маданиянын коомчулуктун аң-сезимине сиңирүүгө мезгил жетти" деп айтты. Токаев мыйзамдарды жакшыртуунун чоо-жайын тактаган жок, бирок "мамлекет да, коом да өз пикирин ачык билдирүүгө туура мамиле кылып, көнүшү зарыл экенин" белгиледи. Токаев быйыл жайында президент болуп шайлангандан тарта тынч жыйындар... Читать дальше...

Трамп импичмент маселесин Сенат чукул карашын талап кылды

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресстин жогорку палатасынан импичмент боюнча соттук жараянды тез арада баштоону талап кылды. Бул тууралуу ал "Твиттердеги" баракчасына жазды. Бирок Өкүлдөр палатасы импичментке байланыштуу кагаздарды азырынча Сенатка жөнөтө элек. Демократтар териштирүүнүн тартип-эрежеси боюнча талашып-такташып жатат. Тактап айтканда, алар Сенатта жаңы күбөлөр көрсөтмө беришин талап кылууда. Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл мындай шарттан баш тарткан жана Өкүлдөр... Читать дальше...

Орусия менен Украина газ ташуу тууралуу макулдашты

Azattyk.org 

Москва менен Киев 2020-жылдын 1-январынан тарта газ ташуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Европа Комиссиясынын вице-президенти Марош Шефчович Берлиндеги 19-декабрдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин басма сөз жыйынында билдирди. Европа Биримдиги жана Германиянын ортомчулугу астында өткөн бул жолугушуу дээрлик тогуз саатка созулду. Шефчовичтин айтымында, тараптар Орусиядан Европага Украинанын аймагы аркылуу ташылган газдын көлөмү жана келишим тууралуу макулдашты жана документ ушул жылдын аягына чейин кабыл алынышы ыктымал. Читать дальше...

Аба ырайы: жамгыр карга айланат

Azattyk.org 

Чукул билдирүү: 21-22-23-декабрларда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоодо малды кармоону кыйындатат. Читать дальше...

Террористтик уюмдун мүчөсү жасалма кыргыз паспорту менен кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, чет өлкөнүн жараны жихадчы иш-чараларга катыштыгы бар делип жана Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн 19-декабрда кармалган. Анын жасалма кыргыз паспортун колдонуп жүргөнү аныкталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Шикарный и практичный стиль Елены Джокович из базовых вещей


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Прокуратура Москвы: тело мужчины нашли в лесопарке в Сокольниках





Путин в России и мире
Москва

Эксперт: корректировка порогов крупного и особо крупного ущерба по экономическим статьям оправдана и своевременна


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Продюсера Reuters арестовали за публикацию материалов на YouTube-канале «НавальныйLIVE»



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Желдорреммаш

Улан-Удэнский ЛВРЗ подвел производственные итоги первого квартала 2024 года



Москва

В Клину состоится праздничная программа в честь дня рождения Чайковского

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net