Миллиондор изи: Абдукадыр кланынын сансыз мүлкү
Абдукадырдын үй бүлөсү Борбор Азиядагы мыйзамсыз карго бизнесинен миллиондорду тапкан. Бул иликтөөдө ал каражат дүйнөнүн ар кайсы жеринде кымбат виллаларга, көз жоосун алган көп кабаттуу имараттарга жана кагаз бетинде гана калган инвестицияга кеткени билинди.