Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2019

Новости за 01.12.2019

Европа комиссиясын биринчи жолу аял жетектейт

Azattyk.org 

Германиянын өкүлү Урсула фон дер Ляйен жетектеген Европа комиссиясынын жаңы курамы 1-декабрдан баштап кызматка расмий киришти. Ал Европа Биримдигинин тарыхында анын аткаруучу органын жетектеген алгачкы аял саясатчы болуп калды. Еврокомиссиянын жаңы курамы кызматына 1-ноябрда эле киришмек. Бирок үч талапкерге байланыштуу талаш-тартыштан улам кийинкиге калган. Өткөн айдын аягында 751 депутаттан турган Европарламент Еврокомиссиянын бардык мүчөлөрүн шайлаган. 60 жаштагы Урсула фон дер Ляйен Германиянын... Читать дальше...

Гонконгдо демонстранттар менен полиция кагылышты

Azattyk.org 

Гонконгдо 1-декабрга караган түнү өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыккандар менен полиция кагылышты. Полиция көчөгө чыккандарды кууп таратуу үчүн жаш агызган газ пайдаланды жана тоз-тополоңдо үч адам жабыркаганы белгилүү болду. Бул өткөн айдын аягында жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодон берки алгачкы калайман нааразылык акциясы болуп калды. Шаардын борборунда нааразылык акциясына чогулгандар полициядан көздөн жаш агызган газ колдонбоону талап кылды. Ишембидеги каршылык акциясына чыккандарга ардагерлер менен окуучулар да кошулду. Читать дальше...

Алты өлкө АКШнын Иранга каршы санкциясын кыйгап өткөн ыкмага кошулду

Azattyk.org 

Франция, Германия жана Британия INSTEX (Instrument in Support of Trade Exchanges) төлөм ыкмасына Бельгия, Дания, Финляндия, Нидерланд, Норвегия жана Швеция да кошулганын билдирди. Бул система АКШнын Иранга каршы санкциясын кыйгап өтүп, Тегеран менен соода-сатык жүргүзүүгө жол берет. Тактап айтканда, кара май, азык-түлүк, дары-дармекти сатуу-алуу алмашуу ыкмасы аркылуу ишке ашат. Тегеран менен Вашингтондун мамилеси Ирандын өзөктүк программасын чектеген, дүйнөлүк алты державанын ортосунда 2015-жылы... Читать дальше...



Ирак парламенти өкмөт башчынын отставкасын кабыл алды

Azattyk.org 

Иракта парламент 1-декабрда өлкөдө эки айдан бери токтобой жаткан, жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган нааразылык акцияларынан улам премьер-министр Адел Абдел Махдинин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Парламенттин төрагасы эми жаңы өкмөт башчыны дайындоо тууралуу президент Бархам Салехке кайрыларын маалымдады. Адел Абдел Махди кызматтан кетерин 29-ноябрда жарыялаган. Анын алдында өлкөнүн башкы диний көсөмү Али ал-Систани демонстранттарга каршы күч колдонулуп жатканын сынга алган жана парламенттен... Читать дальше...

Дмитрий Песков: Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу "сөзсүз болот"

Azattyk.org 

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Парижде 9-декабрга белгиленген "Норманд төрттүгү" форматындагы саммитте Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сөзсүз көзмө-көз жолугушарын бышыктады. Ал "Россия 1" телеканалына берген маегинде эки тараптуу кездешүүнүн форматы кийин так аныкталарын белгиледи. Жекшембиде Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков эки тараптуу жолугушуу жарым сааттан бир жарым саатка чейин созулушу ыктымал экенин айтты. Киев азырынча бул тууралуу үн ката элек. Читать дальше...

Кыргызстанда ВИЧти жуктуруп алгандардын саны көбөйдү

Azattyk.org 

1-декабрда дүйнө жүзүндө СПИДге каршы күрөштүн эл аралык күнү белгиленүүдө. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ВИЧти жуктуруп алгандардын саны жыл сайын көбөйүп жатат. Республикалык СПИД бирикмеси Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алган кишилердин расмий саны 2019-жылдын 1-ноябрына карата 9516 адамды түзгөнүн билдирди. Алардын 2013ү каза болгон. Дарт жуккандардын 8994ү кыргызстандыктар, 522си чет элдиктер. ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар. Ооруга чалдыккандардын 47% корголбогон жыныстык катыш учурунда... Читать дальше...

AI: Ирандагы кагылышууда каза болгондордун саны 161ге жетти

Azattyk.org 

"Amnesty International" («Эл аралык мунапыс») эл аралык укук коргоо уюмунун эсебине ылайык, Ирандагы толкундоолордо өлгөндөрдүн саны 143төн 161ге өстү. «“Amnesty International" ишеничтүү маалыматтарга таянып, Иранда нааразылык акцияларына катышкан 161 киши өлгөнүн билдирет», - деп жазылат кыскача кайрылууда. Башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан эл аралык уюм каза болгондордун саны мындан дагы көп болушу мүмкүн экенин кошумчалады. Азыр аймакта Интернет өчүрүлгөндүктөн окуялар боюнча толук маалыматтар жок. Читать дальше...

«Жамгырдан кийин» жарык бар

Azattyk.org 

«Азаттыктын» «Тасма» түрмөгүнүн алкагында Эрнист Нурматов Кыргызстанда тартылган «Жамгырдан кийин» фильмине карата жеке талдоосун жүргүздү.



Алматыдагы көчөлөрдүн биринде «Эл башынан чириди» деген баннер пайда болду

Azattyk.org 

1-декабрь - Казакстанда тунгуч президенттин күнү катары календарда кызыл менен белгиленип, дем алыш жарыяланат. Ушул күнү Алматы шаарындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз бирөөлөр казак тилинде «Ел басынан шіриді» (Эл башынан чириди) деген жазуусу бар баннер илип кетишкен. 2010-жылы казак парламенти Нурсултан Назарбаевге «Элбашы» деген наам ыйгарган. Ал статус менен Назарбаев жана анын үй-бүлөсү кол тийбестик макамына ээ болгон. Оппозиция Нурсултан Назарбаевдин тушунда «жеке адамдын керт башына... Читать дальше...

Байкалда автобус дарыяга түшүп кетип 10 киши каза тапты

Azattyk.org 

Байкал жээгиндеги Куэнга дарыясындагы көпүрөдөн өтүп бараткан автобус тоңуп калган сууга кулап түшүп, 10 киши каза тапты. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын маалыматына ылайык, дагы беш киши ооруканага жеткирилди. Автобуста жалпы 40 жүргүнчү бараткан. Баштапкы маалымат боюнча, көпүрөдөн өтүп баратканда автобустун дөңгөлөгү жарылган. Учурда оор жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн тик учак барды. Ал автобус жеке ишканага тиешелүү болчу жана ар кандай туристтик сапарларга чыгып жүргөнү кабарланды.

Аба ырайы: кар жаайт

Azattyk.org 

2-декабрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7, Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7, Баткен облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…+1, күндүз -4…9, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5, Нарын жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -8...-13 градус болот. Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Читать дальше...

Баткенде күздүк эгин себүүдө жаңы ыкма колдонулду  

Azattyk.org 

Баткен аймагынын эгин талаарына 4777 гектар буудай, 26 гектар арпа айдалды. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлиги кабарлады. Күздүк эгин 3000 гектарды түзгөн Лейлек районунда көп эгилди. Баткен районунда быйыл жерди айдатпай түз себүү ыкмасы колдонулду. Мындай жаңы ыкма ар кандай эл аралык уюмдардын көмөгү менен ишке ашууда. Министрлик бул натыйжалуу ыкманы башка айыл аймактарда да жайылтууга аракет жасай турганын кабарлады.  Кыргызстан агрардык өлкө болгонуна карабай, бул тармак өксүп... Читать дальше...

Түркияда кикбоксчу Аманбеков дүйнө чемпиону болсо, Ибрагимов коло тагынды. Сүрөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Авазбек Аманбеков спорт сүйүүчүлөр арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду. Алгач ирет 2015-жылы биринчи орунга ээ болсо, экинчи жолу ушул жылдын октябрында кикбокстун лоу-кик бөлүгү боюнча Босния жана Герцеговинада өткөн дүйнө биринчилигинде алтын алган.

Жалал-Абадда жер силкинди

Azattyk.org 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-декабрда саат 09:30 чамасында Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.   Жер титирөө Аксы районунун Райкөмөл, Кечүү айылдарында 3 балл, Ит-Сай, Кызыл-Бел, Ак-Жол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (TSh)

СПИД коркунучу күч алды

Azattyk.org 

Бүгүн, 1-декабрда дүйнө жүзүндө СПИДге каршы күрөштүн эл аралык күнү белгиленүүдө.

Гаагада бычак менен кол салган киши кармалды

Azattyk.org 

Нидерланд полициясы Гаагадагы көчөлөрдүн биринде ары-бери өткөндөргө бычак шилтеген кишини кармашты. Шектүүнүн кол салуусунан үч жеткинчек жаракат алган. Жергиликтүү полиция кармалган 35 жаштагы кишинин туруктуу жашаган жери жок экенин маалымдады. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилип, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгып кетишти. Полиция кол салуунун себептерин айта элек. Окуя 29-ноябрда болгон. (TSh)

Иракта өкмөткө каршы митингдер уланууда

Azattyk.org 

Ирактын премьер-министри Адел Абдел Махди кызматтан кеткенин жарыялаганына карабай, 30-ноябрда өкмөткө каршы митингдер токтогон жок. Иракта парламенттин өкмөттү колдогон саясатына каршы демонстрациялар эки айдан бери уланууда. Өлкө түштүгүндөгү Дивания шаарындагы каршылык акциясына чыккандардын бири «Абдел Махдинин кетүүсү коррупциялашкан бийликти кулатуунун биринчи эле кадамы. Бул режим толугу менен талкаланып, бизди жумуш, жарык, суу менен камсыз кылмайынча токтобойбуз» деп билдирди. 30-ноябрда... Читать дальше...


Музыкальные новости
Metallica

Случай на концерте Metallica в России





Персональные новости
Спартак

Тренер "Спартака" Слишкович заявил, что доволен ничейной игрой против ЦСКА





"Кумтөрдө" иштеген эки киши дайынсыз болууда

Azattyk.org 

“Кумтөр” ишканасында эмгектенген эки кызматкер дайынсыз болууда. Алар кен казуу аймагындагы жер көчкүдөн кийин табылбай калышкан. Ишкананын өкүлү Марина Гаврилова буларды маалымдады. - Бүгүн эртең менен Кумтөр кениндеги участкалардын биринде жер көчкү жүргөн. Баштапкы маалыматтар боюнча эки киши дайынсыз болууда. Азыр издөө иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет. Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын... Читать дальше...

Тегеранда түтүндөн улам билим берүү мекемелери жабылды

Azattyk.org 

30-ноябрда Ирандын баш калаасы Тегеранда түтүндөн улам мектептер, жогорку окуу жайлары жабылды. Шаар башчысы Мухамед Тагизаде абанын булгануусунан улам өткөрүлгөн чукул жыйындан кийин ушундай чечим кабыл алынганын маалымдады. - Ыш шаарды каптап жаткандыктан бала бакча, башталгыч жана орто мектептер, бардык жогорку, орто окуу жайлар Тегеран провинциясында толугу менен жабылды. Шаар бийлиги дем алуу органдары жабыркаган балдарды, улгайган адамдарды сыртка чыкпоого чакырып, бардык спорттук иш-чаралар токтотулду. Читать дальше...

Нарында мамлекеттик ЖМКлар бир борборго биригишти

Azattyk.org 

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов "Нарын облустук медиа борбору мекемесин түзүү жөнүндө" буйрукка кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарланды.  Буйрукка ылайык, Нарын облустук мамлекеттик телерадио берүү мекемесинин базасында облустук медиа борбор түзүлдү. Медиа борбордун ичине Нарын облустук «Теңир Тоо», Ак-Талаа райондук “Айыл турмушу”, Жумгал райондук “Демилге”, Ат-Башы райондук “Ат-Башы жаңылыктары”, Кочкор райондук “Эмгек Туусу” гезитинин редакциялары кирет. Читать дальше...

Милиция: 19 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Azattyk.org 

Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 29-ноябрда Төмөнкү Ала-Арча айылында кечки саат сегизде жергиликтүү тугундун үйүнө бет капчан төрт бала кирип келген. 46 жаштагы тургундун 19 жаштагы баласы аларга каршылык көрсөтүп жатканда бычак жеп, ооруканада көз жумган. Үйгө бастырып киргендер качып кетүүгө үлгүргөн. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.  Милициянын ыкчам тергөө иш-аракеттеринин... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Генерал-полковник Алексей Воробьев высоко оценил подготовку кинологов Росгвардии к предстоящим соревнованиям по профессиональному многоборью


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Дарья Касаткина

Теннисистка Касаткина заявила, что скучает по России, но пока не может приехать


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

При каких обстоятельствах может затопить Петербург и Москву? Отвечает гидролог





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о формировании взаимовыгодного международного сотрудничества


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко рассказал о планах расширения НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Розенбаум

Александр Розенбаум рассказал о дополнительном источнике дохода: "Не бомжовые заведения"



Москва

X Международная конференция «Москва – Третий Рим» пройдёт в Пскове

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net