Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2019

Новости за 15.12.2019

Грузиндер жикчил Түштүк Осетияда кармалган дарыгерди бошотууну талап кылышты

Azattyk.org 

Грузиядан өз алдынчалык жарыялап алган Түштүк Осетия менен чек арага жүздөгөн адамдар топтолушуп, Орусия көзөмөлдөгөн аймакта кармалган белгилүү догдурду бошотууну талап кылышты. Важи Гаприндашвилинин кесиптештеринин айтымында, ал жикчил аймакка дарыланууга муктаждарды издеп барган. Грузиядагы Ортопеддер менен травматологдор ассоциациясынын президенти Гаприндашвили аймактын борбору Цхинвалиге 9-ноябрда жеткирилип, "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен эки айга камакка алышканы маалым болду. Читать дальше...

ЖМК: Трамп Ооганстандагы аскерлердин санын кыскартышы мүмкүн

Azattyk.org 

CNN кабарлагандай, Кошмо Штаттар жакын арада Ооганстандагы америкалык аскерлердин санын кыскартышы мүмкүн. Америкалык телеканал бул маалыматты Трамптын администрациясындагы жогорку даражалуу өкүлгө таянуу менен жазды. Ага ылайык, президент ушул аптада аскерлердин санын төрт миңге чейин кыскартарын жарыялышы ыктымал. Бул маалымат 13-декабрда Ак үй жакында Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын жарыялай турганын кабарлагандан кийин чыкты. Учурда Ооганстанда 12-13 миңдей америкалык аскер бар. Быйыл... Читать дальше...

Тегеранда түтүндөн улам мектептер жабылды

Azattyk.org 

Ирандын баш калаасы Тегеранды каптаган коюу түтүндөн улам шаар бийлиги ондогон мектептерди жаап, ачык абада спорттук иш-чараларды өткөрүүнү токтотту. Мындай чечим абанын булганышы тууралуу чукул жыйындан кийин 14-декабрда кабыл алынды. Мектептер 17-декабрга чейин жабылары кабарланды. Бийлик ошондой эле калаадагы жол кыймылына чектөөлөрдү киргизип, оор жүк ташуучу машинелерге Тегерандын ичинде жүрүүгө тыюу салынды. Өткөн жылы Дүйнөлүк Банк жарыялаган баяндамага ылайык, Тегерандагы абанын булганышынын... Читать дальше...



БУУнун Климат боюнча конференциясы жыйынтыксыз аяктады

Azattyk.org 

Мадридде Улуттар Уюмунун Климат боюнча 25 - конференциясы аяктады. Анын катышуучулары бирдиктүү билдирүү кабыл алышканы менен, табият коргоочуларынын сынына кабылышты. Greenpeace уюмунун өкүлү Мартин Кайзер конференциянын жыйынтыгын "климат кризисинен жабыркап жаткан бардык адамдарды сатып кетүү" катары баалады. Мурдараак жыйындан натыйжа чыкпай калганын 16 жаштагы экологиялык активист Грета Тунберг айтып чыккан. Бул конференциянын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан климатты коргоо боюнча олуттуу... Читать дальше...

Индияда нааразылык акциялары учурунда беш адам өлдү

Azattyk.org 

Индиянын түндүк-чыгышындагы "Жарандык жөнүндө" мыйзамга каршы 15-декабрда уланган акцияларда беш адам өлгөнү кабарланды. Анын үчөө полициянын огунан мерт болгону айтылды. Жергиликтүү басылмалар Ассам штатынын Гувахати аттуу ири шаарында кырдаал оорлоп кеткенин жазышууда. Бийлик интернетке чектөө коюп, айрым райондорго коменданттык саат киргизди. Батыш Бенгалия штатында демонстранттар поезддерди жана автобустарды өрттөп жибергенден кийин Индиянын чыгышындагы айрым поезддик каттамдар токтотулду. Читать дальше...

“Ордо Сахна” – байыркынын жаңысы

Azattyk.org 

Этномузыкага кайрадан жан киргизген, дүйнөгө аты кеткен «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык театры 20 жылдык чыгармачылык кечесин өткөрдү. Адистер «Ордо Сахнага» «байыркы улуттун уңгусунда уюп жаткан күүлөрдү азыркы замандын акылына сиңире турган кылып иштеп чыгууда, жайылтууда опол тоодой эмгек кылган» деп баа берип жүрүшөт.

Акыйкатчы соттук доолорго 500 миң сомдук чек коюуну сунуш кылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов үч медиага коюлган доолор боюнча билдирүү жасап, соттун чечими жана моралдык чыгымдын суммасы боюна өз позициясын жарыялады. Ал өлкөнүн башка жарандары сыяктуу Матраимовдордун үй-бүлөсү да, эгер алардын кадыр-баркына доо кетирди деп санашса, жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко берүүгө мыйзамдуу укугу бар экенин белгилейт. Акыйкатчы судья Жылдыз Ибраимованын жооптуулардын эсебин дароо камакка алганын сынга алып, муну “шашылыш чечим” деп баалады. Анын белгилешинче... Читать дальше...



Алайда жер силкинди

Azattyk.org 

15-декабрь таңга жуук Ош облусунун Алай районунда очогунда 3,5 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады. Жер титирөөнүн эпицентри аталган райондогу Бор-Дөбө айылынан 13 чакырым алысыраак жерде болду. Бул кыштакта болсо силкинүүнүн күчү 3 баллга чейин сезилди. Зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор болгон-болбогону тууралуу маалымат айтыла элек. (ErN)

Президент Жээнбеков Сауд Арабиясына учуп кетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-декабрда, Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абделазиз ал-Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабиясына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Расмий сапардын алкагында Жээнбеков падыша, анын мураскери, ханзаада Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз ал-Сауд жана Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим ал-Аш-Шейх менен жолугушат. Жолугушууларда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда... Читать дальше...

АКШ Ооганстандагы жоокерлеринин санын азайтышы мүмкүн

Azattyk.org 

CNN телеканалы Америка Кошмо Штаттары жакын арада Ооганстандагы аскерлеринин үчтөн бирин чыгарып кетиши мүмкүндүгүн кабарлады. АКШдагы кабелдик телеканалдар тармагы Ак үйдүн жогорку аткаминерине таянып, президент Дональд Трамптын администрациясы келерки аптада бул жөнүндө билдирүү жасай турганын билдирди. Кабарга ылайык, жоокерлердин саны 4 миңге чейин кыскарышы ыктымал. 2001-жылдан бери Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышып келаткан америкалык аскерлердин саны учурда 13 миңге жакын. Быйыл... Читать дальше...

Ноокатта тургундар милицияга имарат белек кылышты

Azattyk.org 

Ноокат районунун Насирдин Исанов айылдык аймагынын Жар-Коргон айылынын тургундары милициянын таяныч пунктуна имарат белек кылышты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган айылдагы жеке ишкер Закир Исаков өзүнө дүкөн үчүн салган 32 чарчы метр аянтка ээ менчик курулушун коомдук тартипти көзөмөлдөөгө кол кабыш кылуу максатында кайтарымсыз негизде милицияга өткөрүп берген. Кыштактын 1981-жылы туулган жаштары каражат топтоп имаратты оңдоп, эки бөлмөлүү... Читать дальше...

16-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

"Кыргызгидрометтин" кабарлашынча, 16-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. 16-декабрда күндүз жамгыр жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.  Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2; Таласта түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2; Баткенде түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;​ Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6; Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11... Читать дальше...

Жаңы Зеландияда жанар тоонун атылуусунан өлгөндөрдүн саны 16га жетти

Azattyk.org 

Жаңы Зеландиянын Ак (White) аралындагы жанар тоонун атылуусунан улам курмандыктардын саны 16 адамга жетти. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги жергиликтүү милицияга шилтеме берип кабарлады. Агенттик билдиргендей, ооруканага түшкөн бир нече адам каза болду. Жаратылыш кырсыгы 9-декабрда катталды. Ал күнү беш киши каза таап, дагы 20дай киши жабыркаганы маалымдалган. Аталган аралга куткаруучулар барганы менен дайын-дареги белгисиз болуп жаткан эки адамды таба алышкан жок. 75 мүнөттүк издөө иштеринен кийин алар кайра кайтып кетишкен. Читать дальше...

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева кайрадан суракка чакырылды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Жактоочунун айтымында, Жолдубаева биринчи жолу 14-декабрда чакырылып, баргандан кийин алты-жети саат суракка алынган эмес. Соңунда ага дүйшөмбү, 16-декабрга саат 11:00гө чакыруу тапшырышкан. Жоошев Кундуз Жолдубаева Кой-Таш... Читать дальше...

Коррупция менен күрөштө беш кадам

Azattyk.org 

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдардын бирин сунуштайбыз. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан баштап токтотулган.

Кыргызстанда беш жылда 45 адам сатуу фактысы катталды

Azattyk.org 

2014-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстанда адам сатуу боюнча 45 факты катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин "Кыргыз Республикасында укук бузуулар жана укук тартиби" боюнча жыйнагында жарыяланды. Мунун 28си бала сатуу, 14ү сексуалдык эксплуатация жана үчөө эмгек эксплуатациясы. Ар бир фактыда бир же бир нече адам сатылышы мүмкүн жана кылмыштарга жалпы 65 кишинин катыштыгы аныкталып, жоопкерчиликке тартылган. Кеп болгон маалыматтар Кыргызстандын укук коргоо органдарынан алынган. Анда 2019-жылдын көрсөткүчтөрү келтирилген эмес. Читать дальше...


Музыкальные новости
НОПРИЗ

Уральские проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023





Персональные новости
Локомотив

В "Локомотиве" иронично отреагировали на ничью в матче ЦСКА со "Спартаком"





Айдарова: кикбокс менен машыгуумду жактырбай айныткандар көп болгон

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кикбокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Элнура Айдарова республикада тай бокс жана кикбокска кызыккан кыз-келиндердин саны арбып бараткандыгын айтты.

ТИМ АКШнын Өкүлдөр Палатасын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүгө айыптады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШнын Өкүлдөр Палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин билдирүүсүнө жооп кайтарды. “Бул чындыкка дал келбеген билдирүүнү эгемендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү аракети катары жана Кыргыз Республикасынын сот бийлигине басым кылуу катары баалайбыз. Буга байланыштуу АКШнын Өкүлдөр Палатасынын комитетин маалымат булагын алууда тыкыр болууга, алынган маалыматтарды жакшылап текшерүүгө кеңеш беребиз”,-деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө. АКШнын Өкүлдөр... Читать дальше...

11 айда ички дүң өнүм 513 млрд. сомду түздү

Azattyk.org 

2019-жылдын январь-ноябрында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 513 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4,9% көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДӨнүн көлөмү былтыркы жылдын январь-ноябрынын деңгээлинен 3,5 пайызга ашуу менен 459 млрд. сом болду. Ички дүң өнүмдүн өсүшү, негизинен, өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге товар өндүрүү... Читать дальше...

Кыргызстанда аткаминерлерге лекция өтө турган Ислам академиясы ачылат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Билим берүү, илим министрлиги жана Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) Шейх Мухаммад Зайед атындагы эл аралык фондунун ортосунда Кыргызстанда Ислам Академиясын ачуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин сайтында жарыяланды. Мындай келишим мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун БАЭге расмий сапары учурунда кабыл алынды. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков белгилегендей, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жеке дүйнө таанымын жана диний билимдерин өстүрүү... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

"Спартак" обыграл "Локомотив" в 26-м туре чемпионата России


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв победил Давидович-Фокину в 3-м круге «Мастерса» в Мадриде, отыгравшись с 0:5 на тай-брейке


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве прошел ливень «летней интенсивности»





Путин в России и мире
Москва

Париж решил показать, что такое ядерное сдерживание России по-французски


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Басманный суд Москвы арестовал продюсера Reuters Константина Габова за помощь ФБК в подготовке материалов



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Михаил Кутушов

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24



Москва

“Их можно понять”, – семья погибшего в ДТП с Михаилом Ефремовым выступила против его досрочного освобождения

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net