Акыйкатчы соттук доолорго 500 миң сомдук чек коюуну сунуш кылды
Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов үч медиага коюлган доолор боюнча билдирүү жасап, соттун чечими жана моралдык чыгымдын суммасы боюна өз позициясын жарыялады. Ал өлкөнүн башка жарандары сыяктуу Матраимовдордун үй-бүлөсү да, эгер алардын кадыр-баркына доо кетирди деп санашса, жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко берүүгө мыйзамдуу укугу бар экенин белгилейт.
Акыйкатчы судья Жылдыз Ибраимованын жооптуулардын эсебин дароо камакка алганын сынга алып, муну “шашылыш чечим” деп баалады. Анын белгилешинче, сот бул аракети менен талаштын соңунда Матраимовдор койгон сумманы сөзсүз өндүрүп берерине күмөн жаратып койгон.
Токон Мамытов моралдык чыгым үчүн коюлган 60 миллион сомду өтө көп деп баалайт. Ал бир катар жарандардын даттанууларын талдап чыккандан кийин Акыйкатчынын аппараты Кыргызстандагы соттор өндүргөн доолордун суммасы “акылга сыйгыс” деген жыйынтыкка келгенин билдирет. Ошол себептен Мамытов моралдык зыяндын ордун толтуруучу компенсациянын жогорку чегин 5000 (беш миң) эсептик көрсөткүчтөн ашырбоону сунуштайт. Анын ырасташынча, бул 500 миң сомду түзөт.
Кыргызстандын акыйкатчысынын билдирүүсүндө бул демилге 2018-жыл үчүн жасалган баяндамасында да келтирилгени, ал жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тууралуу өкмөткө сунуш берилгени айтылат.
Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана "24.kg" сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.
Буга Кыргызстандан чыгарылып кеткен жүз миллиондогон долларлар тууралуу «Азаттык» радиосунун, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу чыгарган иликтөөлөрдө айтылган маалыматтар негиз болгон. Иликтөөлөрдү "24.kg" басылмасы да өз баракчасына жайгаштырган.
Мурдараак “Адилет” укуктук клиникасы менен “Медиа Полиси” институту жарыялаган отчетте 2012-2017-жылдары Башкы прокуратура баш болуп, депутаттар, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана бийликтеги аткаминерлер маалымат каражаттарына каршы 25 арыз жазышканы баяндалган. Аларга койгон доонун жалпы суммасы 80 миллион сомго чукулдаган. (ErN)